Мазмунун көрсөтүү

«Жаңы Иерусалим» деген эмне?

«Жаңы Иерусалим» деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 «Жаңы Иерусалим» деген сөз айкашы Ыйык Китепте эки жолу кездешет. Каймана маанидеги ал шаар Исанын жолдоочуларынан турган жана аны менен бирге Кудайдын Падышалыгында асмандан бийлик жүргүзө турган топту билдирет (Аян 3:12; 21:2). Ыйык Китепте ал топ Машаяктын «колуктусу» деп да аталат.

Жаңы Иерусалимди кантип аныктоого болот?

  1.   Жаңы Иерусалим асманда жайгашкан.

     Ыйык Китепте Жаңы Иерусалим жөнүндө айтылганда, дарбазаларынын оозунда периштелер турган ал шаардын асмандан түшүп келатканы баса белгиленет (Аян 3:12; 21:2, 10, 12). Ошондой эле ал шаардын чоңдугу анын жерде жайгашышы мүмкүн эмес экенин далилдеп турат. Шаар чарчы келип, узундугу менен туурасы «12 000 стадий» болгону жазылат a (Аян 21:16, шилтеме). Бул дубалдардын бийиктиги 560 километрдей болуп, космоско чейин жетмектигин көрсөтүп турат.

  2.   Жаңы Иерусалим, Иса Машаяктын жолдоочуларынан турган топ, Машаяктын «колуктусу» деп да аталат. Жаңы Иерусалим «Козунун аялы» деп да аталат (Аян 21:9, 10). Бул жерде айтылган каймана маанидеги «Козу» — Иса Машаяк (Жакан 1:29; Аян 5:12). «Козунун аялы», Машаяктын «колуктусу», асманда аны менен бирге боло турган жолдоочуларын билдирет. Ыйык Китепте Иса Машаяк менен анын жолдоочуларынын ортосундагы мамиле күйөө менен аялдын ортосундагы мамилеге салыштырылат (2 Корунттуктар 11:2; Эфестиктер 5:23—25). Андан тышкары, Жаңы Иерусалимдин пайдубалындагы таштарда «Козунун он эки элчисинин он эки ысмы жазылганы» айтылат (Аян 21:14). Бул билдирүү Жаңы Иерусалимди аныктоого жардам берет. Себеби Ыйык Китепте асманда жашоого чакырылгандар каймана мааниде «элчилер менен пайгамбарлардан турган пайдубалдын үстүнө курулганы» айтылат (Эфестиктер 2:20).

  3.   Жаңы Иерусалим — өкмөттүн бир бөлүгү. Байыркы убакта Иерусалим Ысрайылдын борбор шаары болгон. Дөөтү падыша, анын уулу Сулайман жана алардын урпактары «Жахабанын тактысына отуруп» ал шаардан бийлик жүргүзүшкөн (1 Жылнаама 29:23). «Ыйык шаар» деп аталган Иерусалим Дөөтүнүн тукумунан чыккан падышалар бийлик жүргүзгөн Кудайдын Падышалыгын билдирген (Некемия 11:1). «Ыйык шаар» деп да аталган Жаңы Иерусалим Иса менен бирге «жер үстүнөн падышалык кыла» тургандардын тобунан турат (Аян 5:9, 10; 21:2).

  4.   Жаңы Иерусалим жер бетинде жашаган адамдарга баталарды төгөт. Жаңы Иерусалимдин «асмандан, Кудайдан түшүп келаткандай» сүрөттөлгөнү Кудай жерге карата болгон ой-ниетин ал аркылуу ишке ашырарын көрсөтүп турат (Аян 21:2). Бул Жаңы Иерусалим менен Кудайдын Падышалыгы тыгыз байланышта экенин билдирет. Анткени Кудай «асмандагыдай эле, жерде да» өз эрки аткарылышы үчүн Падышалыгын колдонот (Матай 6:10). Кудайдын жерге карата болгон ой-ниетинин ишке ашырылышы буларды камтыйт:

    •   Күнөөлөр кечирилет. «Өмүр суусу» Жаңы Иерусалимден агып чыгат жана «элдерди айыктырганга колдонула» турган «өмүр дарактарын» сугарат (Аян 22:1, 2). Адамдар түз мааниде да ооруларынан айыгып, рухий жактан да сакайганда, Кудай башында ниет кылгандай, жеткилең болуп, күнөөдөн арылышат (Римдиктер 8:21).

    •   Адамзат менен Кудайдын ортосундагы мамиле жакшырат. Күнөө адамзатты Кудайдан алыстатып салган (Ышая 59:2). Адамдар күнөөдөн арылганда, алдын ала айтылган пайгамбарлык сөз толугу менен аткарылып, «Кудайдын чатыры адамдардын арасында болот. Кудай алар менен жашайт, алар анын эли болушат. Кудай өзү алар менен болот» (Аян 21:3).

    •   Азап-кайгы, өлүм жок болот. Падышалыгы аркылуу «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (Аян 21:4).

a «Стадий» 185 метрге барабар римдиктердин чен өлчөмү болгон.