Мазмунун көрсөтүү

Кудайга чогуу сыйынган элдин мүчөсү болуу зарылбы?

Кудайга чогуу сыйынган элдин мүчөсү болуу зарылбы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ооба, анткени Кудай адамдардын ага чогуу сыйынышын каалайт. Ыйык Китепте: «Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү... жолугушууларыбызды калтырбайлы»,— деп жазылган (Еврейлер 10:24, 25).

 Иса Машаяктын: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген сөздөрү анын жолдоочулары уюшкан элди түзүшү керектигин көрсөтүп турат (Жакан 13:35). Анын жолдоочулары чогулуп турганда гана бири-бирине сүйүү менен мамиле кыла алышмак. Ошондой эле Кудайга сыйынуу үчүн дайыма жыйналыштарга чогулуп турушу керек болчу (1 Корунттуктар 16:19). Алар, баары биригип, бүткүл дүйнөлүк бир туугандыкты түзүшмөк (1 Петир 2:17).

Кудайга чогуу сыйынган элдин мүчөсү болуу жетишсиз

 Ыйык Китепте адамдардын Кудайга чогуу сыйынышы керектиги жазылса да, ошол элдин мүчөсү болуу эле жетиштүү деп айтылбайт. Кудайга жагуу үчүн адам туткан динине ылайык жашашы керек. Мисалы, Ыйык Китепте мындай деп жазылган: «Кудайыбыздын, Атабыздын, көз алдындагы арам деп эсептелбеген таза сыйынуу — бул кыйынчылыкка кабылган жетим-жесирлерге кам көрүү жана дүйнөнүн ыпылас жолдорунан өзүн таза сактоо» (Жакып 1:27).