Мазмунун көрсөтүү

Кудай жөн эле кудуреттүү күчпү?

Кудай жөн эле кудуреттүү күчпү?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Бизди курчап турган бүтүндөй ай-аалам Кудайдын кудуреттүү күчүнөн кабар берип турат. Ал жараткан миллиарддаган жылдыздар тууралуу Ыйык Китепте: «Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла. Мунун баарын ким жараткан? Ал жылдыздардын кошуунун эсеби боюнча чыгарат, ар бирин атынан атайт. Анын кубаты эбегейсиз, күчү зор болгондуктан, ар бири өз ордунда турат»,— деп жазылган (Ышая 40:25, 26).

 Бирок Кудай жөн гана кудуреттүү күч эмес. Ыйык Китепте Кудайдын сүйүү жана жек көрүү сыяктуу сезимдери бар экени айтылат (Забур 11:5; Жакан 3:16). Ошондой эле ал китептен адамдардын кылган иши Кудайдын сезимдерине таасир этерин билүүгө болот (Забур 78:40, 41).