Мазмунун көрсөтүү

Порнография көрүү, киберсекс Кудайдын алдында күнөөбү?

Порнография көрүү, киберсекс Кудайдын алдында күнөөбү?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте порнография, киберсекс жана башка ушу сыяктуу нерселер жөнүндө так-даана жазылбайт. Ошентсе да андан Кудайдын никеде турбаган адамдарды жыныстык мамилеге үндөгөн жана деги эле жыныстык мамилеге карата туура эмес көз карашты калыптаган иштерге кандай караарын билүүгө болот. Төмөндөгү аяттарга көңүл бурсаңар.

  •   «Бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга... азгырган дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө» (Колосалыктар 3:5). Порнография көрүү ыпылас каалоолорду «өлтүрмөк» тургай, кайра, күчөтөт. Порнография адамдын акылын бузат. Аны көргөн адам Кудайдын алдында таза эмес, ыпылас болуп калат.

  •   «Аялды кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот» (Матай 5:28). Жыныстык адеп-ахлаксыздык чагылдырылган сүрөттөр жаман каалоолорду өрчүтөт. Ал эми жаман каалоо жаман ишке түртөт.

  •   «Араңарда бузуктук, ар кандай ыпыластык... жөнүндө сөз да болбосун» (Эфестиктер 5:3). Биз жыныстык адеп-ахлаксыздык жөнүндө тамашага салып да сөз кылбашыбыз керек. Демек, андай нерселерди көрбөшүбүз да, окубашыбыз да керектиги айдан ачык.

  •   «Күнөөгө баткан дененин иштери болсо белгилүү: алар — бузуктук, ыпыластык... жана башка ушу сыяктуу нерселер. Буларга байланыштуу силерге, мурун эскерткенимдей эле, дагы эскертем: мындай иштерди кылып жүргөндөр Кудайдын Падышалыгын мурасташпайт» (Галатиялыктар 5:19—21). Кудай порнография көрүүнү, киберсексти, телефон аркылуу секс жөнүндө сүйлөшүүнү, секстингди адамды буза турган, ыпылас, жийиркеничтүү иштер деп эсептейт. Эгер ушундай иштерди кыла турган болсок, Кудайдын ырайымынан биротоло айрылып калышыбыз мүмкүн.