Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китеп тек гана акылдуу адамдар жазган китеппи?

Ыйык Китеп тек гана акылдуу адамдар жазган китеппи?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китеп чынында эле акылмандыкка, даанышмандыкка бай китеп. Анткен менен ал китепте адамдардын эмес, Кудайдын ою жазылган. Анткени Ыйык Китептин өзүндө: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган»,— деп айтылат (2 Тиметей 3:16). Ыйык Китептин Кудайдын жетеги менен жазылганына көптөгөн далилдер бар. Төмөнкүлөргө көңүл бурсаңар:

  •   Ыйык Китептин тарыхый жактан так экенинин далилдерин эч ким четке кага албайт.

  •   Ыйык Китепти жазгандар чынчыл кишилер болушкан. Ошондуктан алардын бардыгын болгонун болгондой жазганына толук ишенүүгө болот.

  •   Ыйык Китепти башынан аягына чейин бир негизги тема бириктирип турат. Кудайдын адамзаттын үстүнөн бийлик жүргүзүүгө укуктуу экени жана ал өзүнүн ой-ниетин асмандагы Падышалыгы аркылуу ишке ашырары — Ыйык Китептин негизги темасы.

  •   Ыйык Китеп кылымдар мурун жазылса да, анда байыркы учурда кеңири тараган, илимге карама-каршы келген ойлор кездешпейт.

  •   Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын, башкача айтканда, алдын ала айтылган окуялардын аткарылганын тарыхый билдирүүлөр далилдейт.