Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Забур 23:4. «Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да...»

Забур 23:4. «Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да...»

 «Коюу караңгылык каптаган өрөөндө баратсам да, эч бир жамандыктан коркпойм, анткени сен мени мененсиң. Сенин таягың менен союлуң мени сооротот» (Забур 23:4, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң. Сенин бийлик таягың менен койчу таягың жанымды тынчтандырат» (Забур 22:4, «Үмүт нуру» котормосу).

Забур 23:4түн мааниси a

 Кудай ага сыйынгандарга кам көрөт жана аларды коргойт. Атүгүл кызматчылары оор жагдайга кабылганда да, ал аларды калтырбайт. Бул аятта Кудай койлоруна жакшы кам көргөн койчуга салыштырылган. Бул анын өзүнүн кызматчыларына мээримдүүлүк менен кам көрөрүн көрсөтүп турат b. Ал тургай алар өлүм менен беттешсе да, өздөрүн жалгыз калгандай сезишпейт. Ошондой жагдайлар бул аятта өлүм көлөкөсүнүн өрөөнү же кою караңгылык каптаган өрөөн катары сүрөттөлгөн. Андайда алар өздөрүн Кудай алардын жанында тургандай коопсуз сезишет.

 Байыркы учурларда койчулар койлорун жырткычтардан коргош үчүн таягын же союлун колдончу. Ошондой эле койчунун башы ийилген узун таягы боло турган. Ал аны менен койлорун багыттап, кооптуу жерден тартып алчу. Ошол сыяктуу эле Жахаба Кудай мээримдүү койчу катары ага кызмат кылгандарды коргоп, туура жолго багыттайт. Алар туңгуюкка кептелгендей жагдайларга туш болгондо да, ар кандай жолдор менен кам көрөт.

  •   Ал өзүнүн Сөзү — Ыйык Китеп — аркылуу кызматчыларын насааттап, жубатып-сооротот (Римдиктер 15:4).

  •   Алардын тиленүүлөрүн угуп, тунук ой жүгүрткөнгө жардам берет; жан дүйнөсүн тынчтандырат (Филипиликтер 4:6, 7).

  •   Аларды кайраттандырыш үчүн башка кызматчыларын колдонот (Еврейлер 10:24, 25).

  •   Жаркын келечекке үмүт берет. Ал үмүткө ылайык, аларга келтирилген зыяндын баарынын ордун толтурат (Забур 37:29; Аян 21:3—5).

Забур 23:4түн контексти

 Забур 23-бөлүмдү Дөөтү пайгамбар жазган. Бала кезинде ал койчу болгон. Кийин болсо байыркы ысрайыл элинин падышасы болуп дайындалган (1 Шемуел 17:34, 35; 2 Шемуел 7:8). Бул забур Жахабанын Койчу катары сүрөттөлүшү менен башталат. Жахаба камкор койчудай болуп, кызматчыларын жетектейт, азыктандырат жана сергитет (Забур 23:1—3).

 Дөөтүнүн Жахабанын коргоору жөнүндө айткан сөздөрү Забур 23:4төн баштап бир аз өзгөргөн: «ал» деген үчүнчү жактан «сен» деген экинчи жакка өткөн. Бул анын Жахаба менен болгон мамилеси абдан ынак болгонун көрсөтүп турат. Дөөтү Кудайдын ага кам көрөрүн, башынан өткөн кыйынчылыктарына кайдыгер карабай турганын жакшы билген. Ошол себептен эч нерседен корккон эмес.

 Ал эми 23-бөлүмдүн 5, 6-аятында Дөөтү башка салыштырууну — үй ээси менен конок жөнүндөгү салыштырууну — колдонгон. Берешен үй ээси катары Жахаба Дөөтүнү кадырлуу коногундай көргөн. Дөөтүнү Жахабанын камкордугунан атүгүл душмандары да ажырата алган эмес. 23-забурдун акырында Дөөтү Жахаба ага өмүрүнүн бардык күндөрүндө жакшылык кыларынан жана мээримин төгөрүнөн шектенбей турганын айткан.

 23-забурдагы салыштыруулар Жахабанын өзүнүн кызматчыларына дайыма мээримдүүлүк менен кам көрөрүн айгинелеп турат (1 Петир 2:25).

a Айрым Ыйык Китептерде бул забур 22 деп номурланган. Забур китеби негизинен 150 бөлүмдөн турат. Бирок алар айрым Ыйык Китептерде еврей тилиндеги масорет текстине ылайык номурланган. Башкалары болсо грек «Септуагинтасы» (б.з.ч. 2-кылымда которулуп бүткөн Еврей Жазмаларынын грек тилиндеги толук котормосу) боюнча номурланган.

b Жахаба Кудай Ыйык Китепте көбүнчө мээримдүү Койчу катары сүрөттөлөт. Кызматчылары болсо анын коргошуна, кам көрүшүнө муктаж койлорго салыштырылат (Забур 100:3; Ышая 40:10, 11; Жеремия 31:10; Жезекиел 34:11—16).