Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Римдиктер 15:13: «Үмүттүн булагы болгон Кудай... силерди зор кубаныч менен тынчтыкка бөлөсүн»

Римдиктер 15:13: «Үмүттүн булагы болгон Кудай... силерди зор кубаныч менен тынчтыкка бөлөсүн»

 «Ыйык рухтун күчү менен үмүткө бай болушуңар үчүн, үмүттүн булагы болгон Кудай ага болгон ишенимиңер аркылуу силерди зор кубаныч менен тынчтыкка бөлөсүн» (Римдиктер 15:13, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Ыйык Рухтун күчү менен үмүткө бай болушуңар үчүн, үмүт берүүчү Кудай силерди ишеним жолунда кубанычка жана тынчтыкка бөлөсүн» (Римдиктер 15:13, «Үмүт нуру» котормосу).

Римдиктер 15:13түн мааниси

 Элчи Пабыл Кудай Машаяктын Римдеги жолдоочуларын «кубаныч менен тынчтыкка» бөлөшүн каалаган. Бул сапаттар Кудай берген үмүт менен жана ыйык рухтун күчү менен тыгыз байланышта.

 Кудай берген үмүт тууралуу анын Сөзүнөн — Ыйык Китептен — билебиз. Римдиктер 15:4кө ылайык, «туруктуулугубуз аркылуу, Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу үмүткө ээ болушубуз үчүн, мурун жазылгандын баары [Ыйык Китепте] бизге насаат катары жазылган». Ыйык Китепте Кудайдын бүгүнкү күндө адамдарды үмүтсүз абалда калтырган жакырчылык, адилетсиздик, оору жана өлүм сыяктуу көйгөйлөрдү биротоло чечери жөнүндөгү убадасы ачылып берилет (Аян 21:4). Кудай ал убадаларын Иса Машаяк аркылуу ишке ашырат. Ошон үчүн бизде жаркын келечекке үмүттөнгөнгө толук негиз бар (Римдиктер 15:12).

 Биз Кудайга таянганда гана ал берген үмүткө «бай» боло алабыз. Кудай жөнүндө канчалык көп билген сайын анын айткандарын аткарарына болгон ишенимибиз ошончолук арта берет (Ышая 46:10; Тит 1:2). Эгер адам Кудай берген бекем үмүткө ээ болсо, жашоосунда кандай гана кыйынчылыктар болбосун, кубанычка, тынчтыкка бөлөнө алат (Римдиктер 12:12).

 Тынчтык, кубаныч жана үмүт Кудайдын иш-аракет кылуучу күчү a менен — «ыйык рух» менен — да тыгыз байланышта. Кудай убадаларын ыйык руху аркылуу жүзөгө ашырат. Бул болсо бизге үмүт берет. Ошондой эле ыйык рух адамдарда кубаныч, тынчтык сыяктуу жакшы сапаттарды өрчүтө алат (Галатиялыктар 5:22).

Римдиктер 15:13түн контексти

 Римдиктер китеби, негизинен, Рим шаарында жашаган Машаяктын жолдоочуларына жолдонгон кат болчу. Алардын айрымдары жүйүт элинен чыккан, айрымдары башка улуттардан болгон. Элчи Пабыл аларды тек-жайынын, маданиятынын айырмачылыктарына карабай, бир ойдо болуш үчүн бүт күчүн жумшоого үндөгөн (Римдиктер 15:6).

 Пабыл Римдеги ишенимдештерине кат жазганда Кудайдын илгери эле бардык улуттардан турган эл аны биримдикте даңктай турган убак келерин айтканын эскерткен. Ушул чындыкты тастыкташ үчүн ал Еврей Жазмаларынан b төрт жолу цитата келтирген (Римдиктер 15:9—12). Пабыл бул ойду баса белгилегиси келген: жүйүттөрдөй эле, башка улуттагы адамдар да Машаяктын кызматынан пайда ала алышат. Жүйүттөргө да, жүйүт эместерге да Кудай бир эле үмүт берген. Андыктан Римдеги жыйналыштагылар тек-жайы кандай болбосун, бири-бирин «кабыл алууга», тагыраак айтканда, бири-бирине боорукер, кайрымдуу болууга тийиш болчу (Римдиктер 15:7).

a Көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Ыйык рух деген эмне?» деген макаланы окуп көргүлө.

b Еврей Жазмалары айрым учурларда «Байыркы Келишим» деп да аталат.