Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Ышая 40:31. «Жахабага үмүт арткандар кайрадан күчкө толот»

Ышая 40:31. «Жахабага үмүт арткандар кайрадан күчкө толот»

 «Ал эми Жахабага үмүт арткандар кайрадан күчкө толот. Алар бүркүттөй канат жайып, көккө көтөрүлүшөт. Чуркашат, бирок чарчашпайт, басышат, бирок чаалыгышпайт» (Ышая 40:31, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Ал эми Теңирден үмүттөнгөндөр кайрадан күчкө толушат, бүркүттөй болуп канаттарын көтөрүшөт, чуркашат, бирок чарчашпайт, жөнөшөт, бирок алсырашпайт» (Ышая 40:31, «Үмүт нуру» котормосу).

Ышая 40:31дин мааниси

 Жахаба a Кудай өзүнүн кызматчыларын туш болушу мүмкүн болгон кыйынчылыктарды көтөргөнгө, аларга туруштук бергенге күч берерине ынандырган.

 «Жахабага үмүт арткандар кайрадан күчкө толот». Кудайдын өз элине жардам бергенге кудуреттүү экенине жана жардам берүүгө дилгир экенине үмүттөнгөндөр же ишенгендер анын колдоосуна ээ боло алышат (Накыл сөздөр 3:5, 6). Мисалы, Кудай кызматчыларын ыйык руху же күчү аркылуу күчкө толтурат (Лука 11:13).

 «Алар бүркүттөй канат жайып, көккө көтөрүлүшөт». Бул сөздөр Кудайдын күчүнүн адамга кандайча таасир этерин көрсөтүп турат. Бүркүт жылуу абанын агымдарынын жардамы менен канаттарын жайып, каалгып уча алат. Ал ошондой агымдарды тапканда канатын кенен жаят да, айланып учуп, улам өйдө көтөрүлө берет. Улам бир жылуу агымга көтөрүлө бергендиктен ал абада бир нече саат бою көп күч коротпой эле каалгып учуп жүрө алат. Жетчү жерине да жетип алат.

 «Чуркашат, бирок чарчашпайт». Турмуш түйшүктөрү бизди алдан-күчтөн тайдырып, эмоциялык жаткан чарчатышы мүмкүн. Бирок Кудайдын күчүнө таянсак, багынбай, алдыны көздөй кете беребиз. Ошондой эле чоң кыйынчылыктарга карабай туура иш кылганга бел байлайбыз. Башынан далай кыйынчылыкты өткөргөн элчи Пабыл: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деп жазган (Филипиликтер 4:13).

Ышая 40:31дин контексти

 Кудай бул аятта айтылгандарды б.з.ч. 8-кылымда Ышая деген пайгамбарга жаздырган. Жахаба бул сөздөрдү Бабыл жерине 70 жылга туткунга кете турган жүйүттөрдү сооротуш үчүн айттырса да, алар Кудайдын бүгүнкү күндөгү ишенимдүү кызматчыларынын баарына тиешелүү. Жүйүттөр туткундан өз мекенине кайтып келишкенде Кудайдын ушул сөздөрүнүн аткарылганына күбө болушкан (Ышая 40:1—3). Б. з. ч. 537-жылы жүйүттөр узак жолду басып b, Бабылдан Иерусалимге келишкен. Ошол татаал жолду басып өткөнгө Кудай аларга күч берген (Ышая 40:29).

a Жахаба — Кудайдын аты (Забур 83:18).

b Туткундан кайтып келгендер, кыязы, 1 600 чакырымдай жолду басып өтүшкөн.