Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн жөнөкөй болушубуз керек?

Эмне үчүн жөнөкөй болушубуз керек?

«Акылмандык жөнөкөйлөргө мүнөздүү» (НАКЫЛ 11:2).

ЫРЛАР: 38, 69

1, 2. Бир кездеги жөнөкөй киши эмне үчүн Кудайдын ырайымынан айрылып калган? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

БАЙЫРКЫ Ысрайылдын падышасы Шабул жаңыдан такка отурганда жөнөкөй, эл сыйлаган киши болгон (1 Шем. 9:1, 2, 21; 10:20—24). Бирок андан көп өтпөй текеберденип, көптөгөн туура эмес иштерди жасаган. Алсак, ал бир жолу Кудайдын пайгамбары Шемуелди Гилгалдан күтмөк. Бирок пайгамбар белгиленген мөөнөттөн кечигип жаткандыктан, Шабулдун чыдамы кете баштаган. Жанындагы кишилери кол салганы турган пелиштиликтерден коркуп, туш-тушка кете баштаганда, ал: «Тез аранын ичинде бир нерсе кылбасам болбойт»,— деп ойлосо керек. Анан укугу жок болсо да, Кудайга курмандык чалган. Бул Жахабага жаккан эмес (1 Шем. 13:5—9).

2 Шемуел Гилгалга келип, Шабулга анын кылганы туура эмес экенин айткан. Бирок Шабул айыбын мойнуна алгандын ордуна, актанып, күнөөнү башкага оодарып, кылган ишин анчалык деле олуттуу эместей кылып көрсөтүүгө аракет кылган (1 Шем. 13:10—14). Ошондон тартып ал дагы башка туура эмес иштерди жасап, акыры, падышалыгынан, андан да жаманы, Жахабанын ырайымынан айрылып калган (1 Шем. 15:22, 23). Ошентип, Шабулдун жашоосу жакшы башталып, кейиштүү аяктаган (1 Шем. 31:1—6).

3. а) Көптөр жөнөкөйлүк жөнүндө кандай ойдо? б) Кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Атаандаштык күч алган бул дүйнөдө көптөр ийгиликке жетиш үчүн элден алдыда жүрүшүм керек деп ойлошот. Ошондуктан жөнөкөй болуу алардын оюна да келбейт. Мисалы, кийин саясатчы болуп кеткен атактуу кино жылдызы: «Жөнөкөйлүк деген сөздүн мага такыр тиешеси жок, мындан ары да эч качан тиешеси болбойт деп үмүттөнөм»,— деген. Бирок жөнөкөй болуу эмне үчүн маанилүү? Жөнөкөйлүк деген эмнени билдирет, эмнени билдирбейт? Оор жагдайларга кабылганда же сыналганда да жөнөкөй болууга эмне жардам берет? Бул макаладан ушул суроолордун экөөнө жооп алабыз. Ал эми үчүнчүсү кийинки макалада талкууланат.

ЖӨНӨКӨЙ БОЛУУ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

4. «Менменсинип иш кылуу» дегенди кантип түшүндүрүп берет элең?

4 Ыйык Китепте жөнөкөйлүк менменсинүүчүлүккө карама-каршы коюлат. (Оку: Накыл сөздөр 11:2.) Ошондуктан Дөөтү падыша Жахабадан: «Кызматчыңды менменсинип иш кылуудан сакта»,— деп тиленген (Заб. 19:13). «Менменсинип иш кылуу» деген эмнени билдирет? Бир сөздүккө ылайык, кимдир бирөө алды-артын ойлобой же текеберденип, өзү укуктуу болбогон ишти кылууга батынса, бул менменсинүүчүлүккө жатат. Баарыбызга күнөө тукум кууп өткөндүктөн, кээде ошондой иш кылып алабыз. Бирок бул адатка айланып калса, Шабул падышанын мисалынан көрүнүп тургандай, эртеби-кечпи, Кудай менен болгон мамилебизге доо кетет. Забур 119:21де Жахабанын текеберлерди айыптаары айтылат. Эмне үчүн?

5. Эмне үчүн менменсинүүчүлүккө жаткан иштерди олуттуу кемчилик деп айтууга болот?

5 Менменсинүүчүлүккө жаткан иштер билбестиктен жасалган ката-кемчиликтерден да олуттуу. Анткени, биринчиден, менменсинип иш кылсак, Эгедерибиз Жахабага урмат көрсөтпөгөн болобуз. Экинчиден, өзүбүз укуктуу болбогон ишти кылсак, башкалар менен келишпестик болушу мүмкүн (Накыл 13:10). Үчүнчүдөн, менменсинип иш кылганыбыз айкын болгондо, өзүбүздү оңтойсуз сезишибиз же басынып калышыбыз ыктымал (Лк. 14:8, 9). Ооба, менменсинүүчүлүктүн арты жакшылык менен бүтпөйт. Ал эми жөнөкөй болуунун натыйжасы, Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, дайыма жакшы болот.

ЖӨНӨКӨЙЛҮК ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

6, 7. Момундук деген эмне жана анын жөнөкөйлүк менен кандай байланышы бар?

6 Жөнөкөйлүк менен момундук бири-бири менен тыгыз байланышта. Ыйык Китепте момун кишинин текебердиктен же бой көтөрүүчүлүктөн алыс экени айтылат. Андай киши башкаларды өзүнөн жогору көрөт (Флп. 2:3). Ошондой эле ал жөнөкөй болот, башкача айтканда, өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүнө, ийгиликтерине туура баа берет, ката-кемчиликтерин моюнга алат жана башкалардын кеңештерин, сунуштарын кабыл алат. Момун кишини Жахаба абдан жакшы көрөт.

7 Ошо сыяктуу эле, Ыйык Китепке ылайык, жөнөкөйлүк өзүбүзгө туура баа берүүнү, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин эске алууну билдирет. «Жөнөкөйлүк» деп берилген грек сөзүнүн маанисине ылайык, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин билгенибиз башкаларга жасаган мамилебизге таасир этиши керек.

8. Эмнеден улам жөнөкөйлүктүн чегинен чыгып кетишибиз мүмкүн?

8 Өзүбүз жөнүндө жогору ойдо болушубузга же жөнөкөйлүккө жатпаган иштерди кыла башташыбызга эмнелер себеп болот? Мунун бир нече себебин карап көрөлү. Өзүбүздү же аркалаган сыймыктуу жоопкерчилигибизди башкалардыкынан жогору көрө башташыбыз мүмкүн (Рим. 12:16). Же башкалардын көңүлүн бурдурууну көздөшүбүз ыктымал (1 Тим. 2:9, 10). Ошондой эле өзүбүздүн же жакын кишибиздин жыйналышта ээлеген абалынан же жеке көз карашыбыздан улам белгилүү бир ойду жактап, аны башкаларга таңуулай беришибиз мүмкүн (1 Кор. 4:6). Ушундай кылсак, өзүбүз байкабай эле, жөнөкөйлүктүн чегинен чыгып, менменсине башташыбыз ыктымал.

9. Айрымдардын менменсинип кетишине эмне себеп болот? Ыйык Китептен мисал келтир.

9 Жөнөкөйлүккө жатпаган иштерди кыла баштоого дененин каалоолоруна алдыруу да себеп болот. Атак-даңкка умтулуу, көрө албастык, ачууга алдыруу сыяктуу денеге мүнөздүү нерселер менменсинүүгө алып барат. Буга Ыйык Китептеги Абышаломдун, Узиянын, Небухаданасардын окуясы мисал боло алат. Жахаба аларды менменсингени үчүн басынткан (2 Шем. 15:1—6; 18: 9—17; 2 Жылн. 26:16—21; Дан. 5:18—21).

10. Эмне үчүн башкалардын ниетине шек санабашыбыз керек? Ыйык Китептен мисал келтир.

10 Жөнөкөйлүккө жатпаган иштерди кылууга дагы башка нерселер себеп болот. Мисалга Башталыш 20:2—7-аяттарда жана Матай 26:31—35-аяттарда жазылгандарды алалы. Абымелек менен Петирдин менменсинип иш кылышына туура эмес каалоолору себеп болгонбу? Же тек гана иштин чоо-жайын толук билбегендиктен же сак болбогондуктан ошентишкенби? Биз адамдардын жүрөгүндө эмне бар экенин билбейбиз, ошондуктан алардын ниетинин тазалыгына шек санаганыбыз акылдуулукка да, сүйүүгө да жатпайт. (Оку: Жакып 4:12.)

КУДАЙДЫН УЮМУНДАГЫ ОРДУБУЗ

11. Жөнөкөй болуунун Жахабанын уюмундагы ордубузду билүү менен кандай байланышы бар?

11 Жөнөкөй болуу Жахабанын уюмундагы ордубузду билүүдөн башталат. Жахаба тартиптин Кудайы болгондуктан өзүнүн уюмунан ар бирибизге орун же роль берген. Жыйналыштагы ролубуз бири-бирибиздикинен айырмаланса да, ар бирибиз керекпиз. Жахаба ырайымынан улам баарыбызга белектерди, жакшы сапаттарды, шык-жөндөмдүүлүктөрдү берген. Биз аларды аны даңктагыдай жана башкаларга пайда алып келгидей колдоно алабыз (Рим. 12:4—8). Жахаба кадыр-баркыбызды сыйлагандыктан жана бизге ишенгендиктен ар кандай жоопкерчиликтерди берип, үй башкаруучулар кылып дайындаган. (Оку: 1 Петир 4:10.)

Дайындообуз өзгөргөндө, Исадан кандай үлгү алсак болот? (12—14-абзацтарды кара)

12, 13. Жахабанын уюмундагы ордубуз өзгөргөндө, эмне үчүн таң калбашыбыз керек?

12 Бирок Жахабанын уюмундагы ордубуз убакыттын өтүшү менен өзгөрүп турат. Мисалга Иса Машаякты алалы. Башында ал Жахабанын жанында жалгыз эле өзү болчу (Накыл 8:22). Анан Атасына башка рухий жаратууларды, ааламды жана адам баласын жаратууга жардам берген (Кол. 1:16). Кийин жерде ага дагы башка роль берилген, тагыраак айтканда, алсыз ымыркай болуп төрөлүп, анан чоңоюп-өскөн (Флп. 2:7). Өмүрүн курмандыкка чалгандан кийин Иса Машаяк асмандагы рухий чөйрөгө кайтып барган. Анан 1914-жылы Кудайдын Падышалыгынын Падышасы болгон (Евр. 2:9). Бирок анын бул дайындоосу да өзгөрөт. Миң жылдык башкаруусунун аягында ал, «Кудай баарынын башчысы болушу үчүн», Падышалыкты ага өткөрүп берет (1 Кор. 15:28).

13 Ошол сыяктуу эле, ар кандай себептерден, көбүнчө чыгарган чечимибизден улам биздин да дайындоолорубуз өзгөрүп турат. Мисалы, кайсы бир убакка чейин бойдок жүрүп, кийин үй-бүлө кургандырсың. Балким, балалуу болгондурсуң. Кийинчерээк жашооңду жөнөкөйлөтүп, толук убакыт кызмат кыла баштагандырсың. Мындай чечимдерди чыгаруунун аркасында сага жаңы милдет артылгандыр же кайсы бир сыймыктуу жоопкерчиликке ээ болгондурсуң. Жагдай-шартыбыздын өзгөрүшү да кылган кызматыбызга таасир этет. Алсак, жаш курагыбыздан, ден соолугубуздан улам кызматыбыз же кеңейиши, же чектелиши мүмкүн. Кандай болбосун, Жахаба ар бирибизди өзүнүн кызматын аткарууга кантип колдонсо болорун жакшы билет. Ал колубуздан келбеген нерсени күтпөйт жана ар бир ишибизди жогору баалайт (Евр. 6:10).

14. Жөнөкөйлүк бизге, кандай жагдай болбосун, кубаныч жана канааттануу алууга кандайча жардам берет?

14 Иса кандай ишке дайындалбасын, аны аткаруудан дайыма кубаныч алган, биз да кубаныч ала алабыз (Накыл 8:30, 31). Жөнөкөй киши жыйналыштагы милдеттерине же жоопкерчиликтерине ыраазы болот. Ал дагы башка сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болууну көздөп же башкалардын жетишкендиктерин ойлоп тынчсыздана бербейт. Анын ордуна, бүт күчүн учурда аткарып жаткан кызматына жумшап, андан кубаныч, канааттануу алууга умтулат, себеби ал кызматты Жахабадан деп эсептейт. Ошол эле учурда башкалардын Жахабанын уюмундагы ордун же ролун сыйлап, чын жүрөктөн колдойт. Ырас, жөнөкөйлүк бизге башкаларды тийиштүү түрдө урматтоого, колдоого түрткү берет (Рим. 12:10).

ЖӨНӨКӨЙЛҮК ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРБЕЙТ?

15. Жөнөкөй болуу жагынан Гидондон эмнеге үйрөнсөк болот?

15 Жөнөкөй болуу жагынан Гидон мыкты үлгү калтырган. Жахабанын периштеси ага биринчи жолу көрүнгөндө, ал өзүнүн карапайым үй-бүлөдөн экенин айткан (Бий. 6:15). Жахабадан тапшырма алгандан кийин өзүнөн эмне талап кылынарын жакшы түшүнүүгө аракет кылган жана Жахабага жетекчилик сурап кайрылган (Бий. 6:36—40). Гидон эр жүрөк, кайраттуу болгон. Ошентсе да сактык, кыраакылык менен иш кылган (Бий. 6:11, 27). Ошондой эле дайындоосунан пайдаланып, атак-даңкка умтулган эмес. Тескерисинче, Жахаба тапшырган ишти аткаргандан кийин дароо эле үйүнө кайтып барган (Бий. 8:22, 23, 29).

16, 17. Жөнөкөй киши рухий жактан ийгилик кылуу жөнүндө ойлонгондо эмнени эске алат?

16 Жөнөкөй болуу деген кошумча сыймыктуу жоопкерчиликтерге умтулбашыбыз же аларды кабыл албашыбыз керек дегенди билдирбейт. Ыйык Китепте баарыбыз ийгилик кыла берүүгө чакырылабыз (1 Тим. 4:13—15). Бирок бул дайындообуздун дайыма өзгөрүп турушу керектигин билдиреби? Сөзсүз деле андай эмес. Азыр кайсы кызматты аркалабайлы, Жахабанын батасы менен рухий жактан ийгилик кыла алабыз. Алсак, Кудай берген жөндөмдүүлүктөрүбүздү андан ары да өрчүтүп, жакшы иштерди дагы көбүрөөк кыла берсек болот.

17 Жөнөкөй киши кайсы бир дайындоону кабыл алардан мурун адегенде өзүнөн эмне талап кылынарын билүүгө аракет кылат. Анан жагдай-шартын чынчылдык менен таразалап көрөт. Мисалы, ал уюмда көбүрөөк иштерди аткарып, ошол эле учурда башка маанилүү иштерине да жетише алабы? Жаңы жоопкерчиликти ала алышы үчүн азыр аткарып жаткан айрым иштерин башка бирөөгө өткөрүп бере алабы? Эгер бул суроолордун бирине же экөөнө тең «жок» деп жооп берсе, анда ага сунуш кылынган жоопкерчиликтин башка бирөөгө берилгени жакшыдыр. Тиленип, жагдай-шартыбызды жакшылап талдап көрүүнүн аркасында жөндөмдүүлүктөрүбүздү, мүмкүнчүлүгүбүздү эске алып иш кылабыз. Жөнөкөй болсок, айрым учурларда «жок» деп айта алабыз.

18. а) Жаңы дайындоо алганыбызда, жөнөкөйлүк бизге эмне кылууга түрткү берет? б) Римдиктер 12:3тө жазылгандар жөнөкөй болууга кандайча жардам берет?

18 Гидондун үлгүсүнөн көрүнүп тургандай, Жахабанын жетекчилиги, батасы болбосо, жаңы дайындоону ийгиликтүү аткара албайбыз. Ыйык Китепте: «Кудайыңдын жолунда жөнөкөйлүк менен жүр»,— деп кеңеш кылынат (Мик. 6:8). Андыктан жаңы жоопкерчилик берилгенде, Жахабанын өзүнүн Сөзү жана уюму аркылуу берген көрсөтмөлөрү тууралуу тиленүү менен ой жүгүртүшүбүз керек. Дайыма Жахабага таянып, анын жетекчилигине ылайык иш кылууга үйрөнүшүбүз кажет. Өзүбүздүн жөндөмдүүлүгүбүз эмес, Жахабанын момундугу «зоболо[бузду] көтөрөрүн» эсибизден чыгарбайлы (Заб. 18:35). Кудайдын жолунда жөнөкөйлүк менен жүрсөк, өзүбүздү башкалардан жогору сезбейбиз, ошол эле учурда өтө төмөн да көрбөйбүз. (Оку: Римдиктер 12:3.)

19. Кайсы себептерден улам жөнөкөйлүк сапатын өрчүтүшүбүз керек?

19 Жөнөкөй киши даңкталып-макталууга Жахаба гана татыктуу экенин жакшы билет. Себеби Жахаба — биздин Жаратканыбыз жана Ааламдын Эгедери (Аян 4:11). Жөнөкөйлүк бизге Кудайдын уюмундагы ордубузга ыраазы болууга, жемиштүү кызмат кылууга түрткү берет. Жөнөкөй болсок, башкаларды сыйлабастыкка жаткан иштерден качып, Жахабанын элинин арасында биримдик болушуна өбөлгө түзөбүз. Ал сапат башкаларды өзүбүздөн жогору көрүүгө жана дайыма сак болуп, олуттуу күнөөлөрдөн алыс болууга жардам берет. Мына ушул себептерден улам Кудайдын бардык кызматчыларынын жөнөкөй болууга умтулганы абдан маанилүү. Жахаба андай адамдарды жогору баалайт. Бирок сыналганда эмне кылсак болот? Андайда жөнөкөй бойдон калууга эмне жардам берерин кийинки макаладан билебиз.