Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Канткенде жан дүйнөбүз жай алат?

Канткенде жан дүйнөбүз жай алат?

ЖАРЫК дүйнөгө жаңыдан келген ымыркайдан алсыз эч ким болбос. Андай кезде ал толугу менен ата-энесине көз каранды болот. Ал эми там-туң баса баштаганда ага чоңдордун арасында кудум эле дөөлөрдүн арасында жүргөндөй сезилет. Ошондуктан ата-энеси жетелеп алмайынча, корко берет.

Бир аз чоңоюп калган кезде болсо ата-энесинин кубаттап турган жылуу-жумшак сөзү менен жашайт. Анткени так ошонун аркасында өзүн бекем чептин артында тургандай коопсуз сезет. Ошондой эле кайсы бир жакшы иши үчүн макташканда, канат байлап, ого бетер аракет кылып калат.

Ал эми эс тартып калганда жакын досторунун да жөлөк болушуна муктаж болот. Алар менен жүргөндө өзүн ишенимдүү сезет, ал тургай, мектептеги чөйрө да анчалык коркунучтуу болбой калат.

Албетте, баарынын эле балалыгы ушундай өтөт деп айтууга болбойт. Арабызда жакын дос күтпөй чоңойгондор бар, ата-эненин мээриминен өксүп чоңойгондор да аз эмес. Мисалы, Мелиса мындай дейт: «Чогуу-чаран бир нерсе кылып жаткан үй-бүлөнү көргөндө: „Менин да бала чагым ушундай өтсө кана“,— деп ойлоном» *. Балким, силердин да ушинткен учурларыңар болгондур.

БАЛА КЕЗДЕ ТАМЫР АЛГАН КӨЙГӨЙЛӨР

Жан дүйнөңөрдүн тынч болбогонуна балалыгыңар себеп болушу мүмкүн. Балким, ата-энеңердин сүйүүсүнө жана жылуу сөзүнө суусап өскөндүрсүңөр. Же ата-энеңердин урушуп-талашканын көп көргөндүрсүңөр, анан акыры ажырашып кеткенде, өзүңөрдү, эч кандай негиз жок болсо да, күнөөлөгөндүрсүңөр. Же андан да жаманы, алар силерге көп кордук көрсөткөндүр же сөзү менен көп басынткандыр.

Ушунун баары балдарга кандай таасир этиши мүмкүн? Айрымдар өспүрүм кезде баңгиликке же ичкиликке берилип кетсе, башкалары жалгызсырабаш үчүн жаман балдардын тобуна кошулуп кетет. Дагы башкалары сүйүүгө жана жакын мамилеге болгон муктаждыгын канааттандыруу үчүн бирөө менен сүйлөшө баштайт. Бирок андай мамилелер адатта тез эле үзүлүп калгандыктан, алар мурункудан да жаман акыбалда калат.

Айрым өспүрүмдөр, мынчалык чоң көйгөйлөргө дуушар болбосо да, өздөрүн эч нерсеге татыксыздай сезиши мүмкүн. «Мен өзүмдү эч нерсеге жараксызмын деп ойлочумун, анткени апам мага дайыма ушинтип айтчу,— дейт Анэ.— Анын мени мактаганы да, жакшы көрөрүн билдиргени да эсимде жок».

Жан дүйнөбүздүн тынч болбогонуна бала чагыбызда болгон нерселер эле себеп болбойт. Буга ажырашуу, карылыкка байланышкан кыйынчылыктар, ал тургай сырткы келбетибиздин өзүбүзгө жакпаганы да себеп болушу мүмкүн. Кандай болбосун, жан дүйнөбүздүн тынч болбогонунун айынан өзүбүздү бактысыз сезишибиз, ошондой эле башкалар менен болгон мамилебиз бузулушу ыктымал. Анда жан дүйнө бейкуттугуна ээ болуш үчүн эмне кылсак болот?

КУДАЙ КАЙДЫГЕР КАРАБАЙТ

Мындайда биз таяна ала турган бирөө бар экенин билгенибиз маанилүү. Бизге жардам бере ала турган да, жардам берүүнү каалаган да — Жараткан Кудай.

Ал Ышая деген пайгамбары аркылуу: «Элеңдебе, анткени мен сенин Кудайыңмын. Мен сага күч берем, жардам берем, сени адилдик боюнча оң колум менен колдойм»,— деп айткан (Ышая 41:10, 13). Кудайдын бизди каймана мааниде колубуздан кармап, колдоп турууну каалаарын билүү кандай гана жубатат! Андыктан бизде бушайман болууга негиз жок.

Ыйык Китепте Кудайдын айрым кызматчыларынын санаага батып, көңүлү жай албаган учурлары болгону, бирок бара-бара Кудайды «колунан» бекем кармоону үйрөнгөнү айтылат. Алсак, Шемуел пайгамбардын энеси Анна башында балалуу боло албагандыктан, өзүн аябай жаман сезип, көп ыйлаган. Аны көп басынтышчу. Ошонун айынан тамак да жебей калган (1 Шемуел 1:6, 8). Бирок жүрөгүндөгү арыз-муңунун баарын Кудайга айтып төккөндөн кийин мурункудай кайгырбай калган (1 Шемуел 1:18).

Дөөтү пайгамбардын да жаны тынч албай кыйналган учурлары болгон. Шабул деген падыша аны артынан сая түшүп бир нече жыл бою куугунтуктаган. Ал далай жолу өлүмдөн араң качып кутулгандыктан кээде өзүн азапка көмүлүп калгандай сезген (Забур 55:3—5; 69:1). Ошентсе да: «Мен тынч жатып, тынч уктайм, анткени мага бир өзүң коопсуздук бересиң, оо, Жахаба»,— деп жазган (Забур 4:8).

Анна да, Дөөтү пайгамбар да алардын жан дүйнөсүн кыйнаган оор жүктү Жахаба Кудайга артышкан. Натыйжада анын колдоп жатканын сезишкен (Забур 55:22). Канткенде биз да ошенте алабыз?

БЕЙКУТТУККА ЭЭ БОЛУУНУН ҮЧ ЖОЛУ

1. Жахабаны Атадай көрүп, ага таянуу.

Иса пайгамбар анын Атасын — «жалгыз чыныгы Кудайды» — таанып-билүүгө үндөгөн (Жакан 17:3). Элчи Пабыл болсо Кудай жөнүндө: «Ал ар бирибизге жакын»,— деп жазган (Элчилер 17:27). Иса пайгамбардын Жакып деген шакирти да: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп айткан (Жакып 4:8).

Жан дүйнөбүзгө тынчтык бербеген сезимдер менен күрөшүүдө асманда бизди сүйгөн жана биздин жыргалчылыгыбызды ойлогон Атабыз бар экенин билгенибиз абдан маанилүү. Албетте, буга ынануу үчүн убакыт керек, бирок ынангандар көп. Мисалы, Каролина: «Жахаба Атамды таанып-билгенден кийин жүрөгүмдөгүнүн баарын төгө турган бирөөнү таптым деп айта алам. Ошондон кийин көңүлүм мурункудан тынч алып калды!» — деген.

Рейчел болсо: «Ата-энемден айрылып жалгыз калганымда, мага өзүмдү коопсуз сезүүгө Жахаба жардам берген. Мен аны менен сүйлөшчүмүн, кыйынчылыктарды көтөрүүгө жардам сурачумун. Ал мага дайыма жардам берчү»,— деген *.

2. Кудайдын эли менен болуу.

Иса пайгамбар шакирттерин бири-бирин бир туугандардай көрүүгө окуткан. Ал: «Силер болсо бир туугансыңар»,— деген (Матай 23:8). Ал жолдоочуларынын бири-бирин сүйүшүн, бир үй-бүлөдөй болушун каалаган (Матай 12:48—50; Жакан 13:35).

Жахабанын Күбөлөрү бири-бирине бир туугандардай мамиле кылууга, ортосунда жылуу, ынак мамиле болушуна чын дилден аракеттенишет (Еврейлер 10:24, 25). Көптөр алардын жыйналыштарында айтылгандар эмоциялык жактан кыйналгандарга жакшы жардам берерине ынанышкан.

«Жыйналышка барып жүргөндөрдүн арасында жүрөктөгү дартымды түшүнө билген досум бар болчу. Ал мени кунт коюп укчу, Ыйык Китеп окуп берчү, экөөбүз чогуу Кудайга кайрылып, жардам сурачубуз. Ал мага жалгыз эмес экениме ынанууга жардам берди. Анын жардамы менен жүрөгүмдү түйшөлткөн нерсенин баарын ачык айтууга үйрөнгөм. Ошенткенде жеңилдеп калчумун. Жан дүйнөмдүн тынч алып калышына ошол досумдун жардамы чоң болду»,— деп эскерет Ева. Рейчел болсо: «Мен жыйналыштан мен үчүн ата-энемдей эле болуп калган кишилерди таптым. Алар мага мээримин төгүп, өзүмдү коопсуз сезүүгө жардам беришти»,— деген.

3. Боорукер болуу, жакшылык кылуу.

Башкаларга жардам берүү тыгыз мамилелердин түзүлүшүнө шарт түзөт. Иса пайгамбар: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген (Элчилер 20:35). Чын эле, башкаларды канчалык сүйсөк, ошончолук сүйүүгө бөлөнөбүз. Иса: «Бергиле, ошондо силерге да берилет»,— деп да айткан (Лука 6:38).

Башкаларды сүйгөнүбүз жана башкалардын бизди сүйгөнү жан дүйнөбүздү кыйла тынчтандырат. Ыйык Китепте сүйүү эч качан күчүн жоготпой турганы айтылган (1 Корунттуктар 13:8). «Өзүм жөнүндөгү терс ойлордун айрымдарынын туура эмес экенин билем. Ошондой ойлорго алдырбаганга мага өзүмдү унутуп, өзгөлөрдү ойлоо жардам берет. Башкаларга жакшылык кылуу мага дайыма канааттануу сезимин тартуулайт»,— дейт Мария.

БЕЙКУТТУККА БӨЛӨНГӨН ЗАМАН

Жогорудагы кеңештер жан дүйнөнү дароо жана биротоло жеңилдетип коё турган кандайдыр бир сыйкырдуу күчкө ээ эмес. Анткен менен алардын жардамы чоң. Мисалы, Каролина мындай дейт: «Азыр деле жан дүйнөм тынч албай, бушайман болгон учурларым болот. Бирок азыр өзүмдү мурункудай эч нерсеге татыксыз сезбей калдым. Азыр Кудайдын мага кайдыгер карабай турганын билем, жөлөп-таяп турган жакын досторум да көп». Рейчел да мындай дейт: «Кээде көңүлүм чөгөт. Бирок кеңеш сурап кайрылганымда бардыгына оң көз карашта болууга жардам берген ишенимдештерим бар. Баарынан маанилүүсү, асманда мен күнүгө кайрыла алган жана мени уга турган Атам бар. Ушунун баары мага бир топ жардам берет».

Ыйык Китепте ар бирибиз бейпилдикте жашай турган заман келери айтылган

Ыйык Китепте жан дүйнөбүздүн жарааттары биротоло айыга турган, ар бирибиз бейпилдикте жашай турган заман келери айтылган. Кудай ошондо жашай тургандар тууралуу: «Ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжир дарагынын астында отурат. Аларды эч ким коркутпайт»,— деп убада берген (Микей 4:4). Ал заманда бизге зыян келтире турган же коркунуч туудурган эч ким болбойт. Эски жарааттарыбыз эскерилбей да калат (Ышая 65:17, 25). Кудай жана Иса Машаяк «чыныгы адилдикти» орнотушкандыктан, жер бетинде «кылымдар бою тынчтык менен коопсуздук болот» (Ышая 32:17).