Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китеп депрессиядан кыйналгандарга жардам бере алабы?

Ыйык Китеп депрессиядан кыйналгандарга жардам бере алабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте Кудай жөнүндө «көңүлү чөккөндөрдү соороткон Кудай» деп айтылат. Ошондуктан Кудай депрессиядан кыйналгандарга жардам бере алат деп ишенимдүү түрдө айтууга болот (2 Корунттуктар 7:6).

Кудай кантип жардам берет?

  •   Күч берет. Кудай депрессиядан кыйналып жүргөн адамды бүт көйгөйлөрүнөн арылтпайт. Бирок эгер ага жардам сурап кайрылсаңыз, кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө күч берет (Филипиликтер 4:13). Кудайдын сиздин тиленгениңизди угарына эч шектенбесеңиз болот, анткени Ыйык Китепте: «Жахаба жүрөгү жаралангандарга жакын, кыйналгандарды куткарат»,— деп жазылган (Забур 34:18). Анткен менен кээде ага өзүңүздүн абалыңызды, сезимдериңизди кантип түшүндүрүштү билбей, сөз таппашыңыз мүмкүн. Ошондой болгон күндө да Кудай анын жардамына муктаж болуп жатканыңызды көрүп сизге сөзсүз жардам берет (Римдиктер 8:26, 27).

  •   Ыйык Китепке башкалардын үлгүсүн жаздырган. Байыркы убакта жашаган, көңүлү чөгүп кыйналган бир пайгамбар Кудайга: «Оо, Жахаба, сени туңгуюктан чакырам»,— деп жалбарган. Ага көңүл чөгөттүк менен күрөшкөнгө Кудайдын ырайымдуу, кечиримдүү экенин эсинен чыгарбаганы жардам берген. Ошондуктан ал Кудайга кайрылып: «Эгер сен... күнөөлөргө көңүл бура берсең, оо, Жахаба, анда ким туруштук бере алат? Адамдар сенден коркушу үчүн, аларды кечиресиң»,— деп айткан (Забур 130:1, 3, 4).

  •   Үмүт берет. Кудай бүгүнкү күндө жардам бергенден тышкары, жакында депрессияга себеп болгон көйгөйлөрүбүздүн баарын жок кылам деп убада берип жатат. Кудай ал убадасын ишке ашырганда: «Мурункулар [анын ичинде депрессия да] мындан ары эскерилбейт, ойго да келбейт» (Ышая 65:17).

 Эскертүү: Депрессия менен күрөшүш үчүн адам жардам издеп Кудайга кайрылгандан тышкары, доктурга да кайрылышы керек экенин Жахабанын Күбөлөрү жакшы түшүнүшөт (Марк 2:17). Бирок алар дарылануунун белгилүү бир ыкмасын сунушташпайт. Кантип дарыланарын ар ким өзү чечиши керек.