Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ынтымакка өбөлгө түзгөн кеңештер

Ынтымакка өбөлгө түзгөн кеңештер

Жаратканыбыз биздин башкалар менен үйдөн болобу, жумуштанбы же досторубуз менен болобу, ынтымакта болушубуз керектигин насаат кылган. Көптөр анын даанышман кеңештерин колдонуп пайдасын көрүп жатышат. Келгиле, алардын айрымдарына токтололу.

Кечиримдүү болгула

«Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да,.. бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле» (КОЛОСАЛЫКТАР 3:13).

Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт. Кээде биз башкаларды таарынтып алсак, кээде алар биздин жүрөгүбүздү оорутуп коёт. Кандай болбосун, баарыбыз кечиримдүү болушубуз керек. Ошондой эле башкалардын бизди кечиришине муктажбыз. Чын жүрөктөн кечиргенибизде таарынткан кишини ичибизден жаман көрбөй калабыз. «Жамандыкка жамандык менен жооп бербейбиз», ката-кемчиликтерин да эскерте бербейбиз (Римдиктер 12:17). Көңүлүбүз калып, болгон окуяны такыр унута албай жатсак, эмне кылсак болот? Андайда бизди таарынткан кишинин өзү менен жылуу-жумшак сүйлөшүшүбүз керек. Максатыбыз анын күнөөлүү экенин далилдөө эмес, ынтымакты сактоо болушу кажет (Римдиктер 12:18).

Момун, сылык болгула

«Момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө» (ФИЛИПИЛИКТЕР 2:3).

Эгер момун, сыйчыл болсок, тегерегибиздегилер бизге тартылып турат. Алар биздин боорукер, башкаларды ойлогон киши экенибизди жана атайлап эле жүрөгүн оорутпай турганыбызды билишет. Эгер өзүбүздү башкалардан артык ойлоп, баары биз каалагандай болушун талап кылсак, чыр-чатак чыгат. Мунун кесепетинде эл бизден качып калат. Досторубуз аз же такыр эле жок болот.

Баарына калыс карагыла

Кудай «бет карама эмес... Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, ага жагат» (ЭЛЧИЛЕР 10:34, 35).

Жаратканыбыз баарына тегиз карайт. Ал эч кимди улутуна, тилине, коомдогу абалына же терисинин түсүнө карап бөлбөйт. «Бүт жер жүзүндө жашасын деп, ал бир кишиден бардык элдерди жараткан» (Элчилер 17:26). Демек, бардык адамдарды бир үй-бүлө десе болот. Ар бир кишинин сыйлап, жумшак мамиле кылсак, бул аларга кубаныч тартуулайт. Натыйжада, бактылуу болобуз, Жаратканга да жагабыз.

Жумшак болгула

«Жумшактыкты... кийгиле» (КОЛОСАЛЫКТАР 3:12).

Жумшак болсок, башкалар биздин жаныбызда өздөрүн эркин сезишет. Бизге эркин кайрыла алышат, атүгүл кеңеш да бере алышат. Анткени биздин жакшы кабыл аларыбызды билишет. Кимдир бирөө бизге ачууланганда, ага жылуу-жумшак жооп берсек, бул анын ачуусун басат. Накыл сөздөр 15:1де: «Жумшактык менен айтылган жооп каарды токтотот»,— деп айтылган.

Берешен болгула жана ыраазы боло билгиле

«Алганга караганда берген бактылуу» (ЭЛЧИЛЕР 20:35).

Бүгүнкү күндө көптөр ач көз келет жана өз көмөчүнө эле күл тартат. Бирок берешендер гана чындап бактылуу боло алышат (Лука 6:38). Анткени алар дүнүйө-мүлккө караганда көбүрөөк адамдарды жакшы көрүшөт. Бул ыраазы болгонго, ошондой эле аларга марттык көрсөткөндөрдү баалаганга түрткү берет (Колосалыктар 3:15). «Мага сараң, жакшылыкты баалабаган кишилер менен мамилелешкен жагабы? Же март, ыраазы боло билгендер мененби?» — деп ойлонуп көргүлө. Мындан кандай тыянак чыгарсак болот? Башкалардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, өзүңөр да аларга ошондой мамиле кылганыңар маанилүү (Матай 7:12).