КЫМГУУТ ТҮШКӨН ДҮЙНӨДӨ
3 | Жакындарыңар менен ынак болгула
БУЛ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?
Кымгуут түшкөн дүйнөдө көптөр санаанын сазына батып, жакындарынан оолактай башташы мүмкүн.
-
Айрымдар досторуна кошулбай баштайт.
-
Жубайлар бири-бири менен талашып-тартыша берип, ортодогу ынтымагы ыдырайт.
-
Ата-энелер балдарынын жан дүйнөсүнө бүлүк түшүп жатканына көп маани бербей же таптакыр эле көңүл бурбай калышат.
Эске алыш керек болгон нерселер:
-
Досторубуздун болгону ден соолугубуз, эмоциялык саламаттыгыбыз үчүн абдан маанилүү. Алар бизди өзгөчө кыйын кезеңде колдой алышат.
-
Дүйнөдөгү баш аламандыктан улам стресс болгонуңар үй-бүлөңөрдө жаңы кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.
-
Жүрөктүн үшүн алган жаңылыктар балдарыңарга силер ойлогондон да күчтүү таасир этиши ыктымал.
Эмне кылсаңар болот?
Ыйык Китепте эмне делет: «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай» (Накыл сөздөр 17:17).
Силерге чындап күйүп-бышкан, жакшы кеңештерди берген досторуңар барбы? Алар башыңарга түшкөн кыйынчылыкты көтөрүп кеткенге дем-шык бере алат.