Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кайсынысына ишенесиңер?

Кайсынысына ишенесиңер?

«Аалам өзүн өзү жок нерседен жарата да алмак, жараткан дагы» (Стивен Хокинг жана Леонард Млодинов аттуу физиктер, 2010-жыл).

«Башында Кудай асман менен жерди жаратты» (Ыйык Китеп, Башталыш 1:1).

Ааламды жана жердеги тиричиликти Кудай жаратканбы же кокустуктан пайда болгонбу? Макаланын башында эки физик айткан сөздөр менен Ыйык Китептин алгачкы аятындагы сөздөр бул суроого таптакыр эки башка жооп берет. Бул эки тарапты тең кош колдоп колдогондор бар. Бирок кайсынысына ишенерин билбегендер да аз эмес. Бул эки көз караш эң көп сатылган белгилүү китептерде жана телешоулордо кызуу талкууга алынат.

Мектептеги мугалимдериңер аалам жана жердеги тиричилик Кудайдын катыштыгы жок эле өзүнөн өзү пайда болгон, бул талашсыз чындык деп айтышкандыр. Бирок алар Жараткандын жок экенин далилдеп бере алышты беле? Ал эми диний жетекчилерден Кудай бар деп уккандырсыңар. Бирок алар айткандарын бышыктап бере алышты беле? Же: «Кудай бар, муну далилдештин кереги жок, жөн эле ишениш керек»,— деп оюн таңуулашты беле?

Балким, бул тууралуу көп эле ой калчасаңар керек. Анан Жараткандын бар-жогун эч ким билбейт деген тыянакка келгендирсиңер. Ушундан улам: «Мунун жообун сөзсүз билишибиз керекпи?» — деген дагы бир суроо туулгандыр.

«Ойгонгула!» журналынын бул санында адегенде көптөрдүн кайсы далилдерден улам Жараткандын бар экенине көзү жеткени каралат. Андан соң ааламдын жана тиричиликтин кантип келип чыкканын билгенибиз эмне үчүн маанилүү экени талкууланат.