Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Эволюцияга ишениш керекпи же Кудайгабы? Эмне үчүн Кудайга ишениш керек? (1-бөлүк)

Эволюцияга ишениш керекпи же Кудайгабы? Эмне үчүн Кудайга ишениш керек? (1-бөлүк)

 Кайсынысына ишениш керек?

 Сен бардык нерсени Кудай жаратканына ишенесиңби? Эгер ошондой болсо, андан уялууга себеп жок. Көптөгөн жаштар да, чоңдор да бардык нерсени Кудай жаратканына ишенишет. Бирок айрымдар тиричилик эволюция жолу менен, башкача айтканда, Кудайдын катыштыгы жок жаралган деп айтышат.

 Билесиңби? Кудайга ишенгендер да, эволюцияны жактагандар да көп учурда өздөрүнүн эмне үчүн ошондой көз карашка карманышарына көп деле маани беришпейт.

  •   Кээ бирөөлөр бардык нерсени Кудай жаратканына туткан дини ошентип окутканы үчүн эле ишенишет.

  •   Көптөр эволюция теориясына мектепте окутканы үчүн эле ишенишет.

 Ушул жана кийинки макала сага бардык нерсе Кудайдын колунан бүткөнүнө бекем ишенүүгө жана көз карашыңды башкаларга түшүндүрүп берүүгө жардам берет. Бирок адегенде өзүңө төмөнкүдөй суроо берип көрүшүң керек.

 Эмне үчүн Кудайга ишенем?

 Мындай суроо жөнүндө ойлонуу эмне үчүн маанилүү? Себеби Ыйык Китеп сени «акыл жөндөмүңдү» колдоно билүүгө үндөйт (Римдиктер 12:1). Бул Кудайга болгон ишенимиңдин төмөнкү нерселерге гана негизделбеши керектигин билдирет:

  •  сезимге (мага жогоруда кандайдыр бир күч бардай сезилет),

  •  чөйрөгө (менин тегерек-четимдеги адамдар Кудайга ишенишет),

  •  тарбияга (ата-энем Кудайга ишениш керек деп үйрөтүп келишкен).

 Сен Кудайдын бар экенине жеке өзүң ынангыдай болушуң керек жана ишенимиң жүйөлүү далилдерге негизделиши зарыл.

 Сени Кудайдын бар экенине эмне ынандырат? «Мен эмне үчүн Кудайга ишенем?» деген план Кудайга болгон ишенимиңди бекемдегенге жардам берет. Ушул суроого башка жаштардын эмне деп жооп беришкенин карап чыгуу да пайдалуу болушу мүмкүн.

 «Сабактан мугалимибиз организмибиздеги процесстер жөнүндө айтып бергенде, Кудайдын бар экенине ого бетер ынанып калам. Ар бир органдын өзүнүн функциясы бар, баары майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуштурулган жана денебизде кандай процесстер жүрүп жатканы көп учурда өзүбүзгө байкалбайт. Биздин организмибиз чындап эле укмуштуудай жаратылган!» (Тереза).

 «Асман тиреген имаратты, сууну жиреген кемени же машинени көргөндө мен: „Буларды ким жасап, ким курган?“ — деп ойлоном. Мисалга машинени алсак, аны мээси кыйын иштеген адамдар чыгарышат, себеби машине жүрүш үчүн андагы көптөгөн майда-чүйдө механизмдер туура иштеши керек. Эгерде машинени кимдир бирөө жасаган болсо, анда адам кантип өзүнөн өзү пайда болсун?» (Ричард).

 «Окумуштуулар ааламдын кичинекей эле бир бөлүгүн жүздөгөн жылдар бою изилдеп, аягына чейин түшүнө албай жатышса, ааламды аң-сезимдүү бирөөнүн катыштыгы жок эле өзүнөн өзү пайда болду деп кантип айтасың? Мындай тыянак чыгаруу акылсыздык болуп калмак» (Карен).

 «Илим жөнүндө канчалык көп окуган сайын, эволюциянын тууралыгына шектене баштадым. Мисалы, мени жаратылыштагы математикалык тактык, адамдардын жаныбарлардан өзгөчөлөнүп турганы, алсак, алардын өздөрүнүн ким экени, кантип жаралганы, келечеги жөнүндө билгиси келгени ойлондурчу. Эволюция бул нерселердин баарын жаныбарларга байланыштырып түшүндүрөт, бирок адамдар эмне үчүн алардан айырмаланып турарын эч качан түшүндүрүп бере албайт. Чынын айтсам, мага Кудайга караганда эволюцияга ишенүү кыйыныраак» (Энтони).

 Көз карашымды кантип түшүндүрсөм болот?

 Эгер классташтарың көрбөгөн нерсеге кантип ишенесиң деп шылдыңдашса, эмне дейсиң? Же болбосо эволюция илимий жактан далилденген теория дешсечи?

 Биринчиден, көз карашыңа бекем карман. Кудайга ишенгениң үчүн уялбашың керек (Римдиктер 1:16). Анткени:

  1.   Кудайга сенден башка көптөгөн адамдар да ишенишет. Андай адамдардын арасында акылдуу, билимдүү адамдар, атүгүл көптөгөн окумуштуулар бар.

  2.   Кээде адамдар Кудайдын кылган иштерин түшүнбөгөн үчүн эле ага ишенбейм дешет. Андай адамдар Кудайдын бар экенине шектенбеши деле мүмкүн. Аларды: «Эгер Кудай бар болсо, эмне үчүн азап-кайгыга жол берип келет?» — деген суроо көбүрөөк тынчсыздандырат. Андыктан аларга Кудайдын бар экенин далилдөөнүн зарылдыгы жок, анын ордуна, азап-кайгынын себебин түшүндүрүп берүү маанилүү.

  3.   Адамдар «рухий муктаждыгы» менен жаратылган (Матай 5:3). Бул өзүнө Кудайга ишенүүгө болгон муктаждыкты камтыйт. Андыктан кимдир бирөө: «Кудай жок»,— деп айтып жатса, сен эмес, ошол киши эмне үчүн ушундай тыянак чыгарып жатканын түшүндүрүп бериши керек (Римдиктер 1:18—20).

  4.   Кудайга ишенүүгө толук негиз бар. Анткени тиричилик өзүнөн өзү пайда болушу мүмкүн эмес экенин далилдеген фактылар арбын. Ал эми жашоо жансыз материядан пайда болгон деген теорияны тастыктаган далилдер жокко эсе.

 Эгер кимдир бирөө Кудайга ишенгениң үчүн сени сындап, ар кандай ойлорду айтса, эмне десең болот? Кел эмесе, андайда эмне деп айтса болорун карап көрөлү.

 Кимдир бирөө минтип айтса: «Кудайга билими жок адамдар эле ишенишет».

 Минтип жооп берсең болот: «Сен чындап эле ушинтип ойлойсуңбу? Мен антип эсептебейм. Кызыктуусу, бир сурамжылоого атагы чыккан университеттерден 1 600дөн ашуун профессор катышып, алардын ар бир үчүнчүсү өзүн атеист же агностик деп эсептебей турганын айткан a. Ошол профессорлорду Кудайга ишенген үчүн эле билими жок деп айтат белең?»

 Кимдир бирөө минтип айтса: «Эгер Кудай бар болсо, анда эмне үчүн дүйнөдө азап-кайгы мынчалык көп?»

 Минтип жооп берсең болот: «Сен Кудайдын кандай иш кыларын түшүнбөгөндүктөн же сага Кудай эч кандай иш-аракет кылбай жаткандай сезилгендиктен ушинтип ойлоп жаткан жоксуңбу? [Жообун ук.] Эмне үчүн азап-кайгы көп деген суроого так жооп алса болот экен. Бирок ан үчүн Ыйык Китептеги кээ бир окууларды изилдеп чыгыш керек. Ошолор жөнүндө көбүрөөк билгиң келет беле?»

 Кийинки макалада эволюция теориясы адамдын кантип пайда болгонун эмне үчүн толук түшүндүрүп бере албай турганы талкууланат.

a Булагы: «Илим изилдөө боюнча коомдук кеңеш», «Университеттеги окумуштуулар арасындагы дин жана рухийлик», Элейн Говард Эклюнд, 5-февраль, 2007-жыл («Social Science Research Council», «Religion and Spirituality Among University Scientists» by Elaine Howard Ecklund, February 5, 2007).