Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Жаныбарлар

Жаныбарлар

Жашоосуна жаныбарлардын эч кандай тиешеси болбогон киши жок. Андыктан: «Жаныбарларга кандай мамиле кылганыбызга жооптуубузбу?» — деген суроо туулат.

Жаныбарларга кандай мамиле кылышыбыз керек?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Кээ бирөөлөр адамдар жаныбарларды каалагандай пайдаланса болот деп ойлошот. Башкалар болсо жаныбарларга адамга мамиле кылгандай мамиле кылыш керек деген көз карашта.

  • Маселен, жаныбарлардын укугун жактаган бир киши алардын «тек гана ресурс же товар болбогонго негизги укугу бар» экенин баса белгилеген жана: «Биз жаныбарларды өз менчигибиздей көргөнүбүздү токтошубуз керек»,— деп кошумчалаган.

  • Көптөр аша чапкандык деп эсептеген дагы бир мисал: Леона Хелмс деген миллиардер аял өзүнүн итине 12 миллион доллар акчаны мураска калтырууну чечкен. Ошондой эле итинин өлүгүн өзүнүн жанына коюлушун керээз кылган.

Ойлонуп көргүлө: Жаныбарларга кандай мамиле кылуу туура?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Бардык тирүү жандын Жаратканы Жахаба Кудай адамдарга: «Деңиздеги балыктарга, асманда учкан канаттууларга, жер бетиндеги бардык тирүү жандыктарга бийлик кылгыла»,— деген (Башталыш 1:28). Демек, Кудай жаныбарларды адамдардан төмөн койгон деген тыянакка келүүгө болот.

Жогоруда келтирилген аятка чейинки аятта бул тыянакты бышыктаган маанилүү ой камтылган. Ал аятта: «Кудай өзүндөй кылып адам жаратты, аны өзүнө окшош кылып жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты»,— деп айтылган (Башталыш 1:27).

Кудайга окшоштурулуп жаратылгандыктан адамдар гана акылмандык, адилеттүүлүк, сүйүү сыяктуу Кудайдыкындай сапаттарды чагылдыра алышат. Ошондой эле адам баласында гана адеп-ахлактуулук жана Кудайга сыйынууга болгон тубаса муктаждык бар. Ал эми жаныбарларда андай нерсе жок, анткени алар Кудайга окшоштурулуп жаратылган эмес. Алар адамга тең эмес жана адамга мамиле кыла тургандай мамиле кылыш үчүн жаратылган эмес.

Бул адамдардын жаныбарларга катаал мамиле кылууга укугу бар дегенди билдиреби? Жок.

  • Кудайдын байыркы ысрайыл элине берген мыйзамы боюнча, жаныбарларды эс алдырып, жем-чөбүн берип, ооруганда дарылап, аяр мамиле кылуу талап кылынган (Чыгуу 23:4, 5; Мыйзам 22:10; 25:4).

«Алты күн иштеп, жетинчи күнү эч кандай жумуш кылба. Ошондо өгүзүң менен эшегиң эс алып, күңүңдүн уулу менен келгин күч топтоп алат» (Чыгуу 23:12).

Жаныбарларды өлтүрсө болобу?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Кээ бир балыкчылар жана аңчылар жаныбарларды өлтүрүүнү жеке кумарын кандырууга же байгеге ээ болууга мүмкүндүк берген спорттун түрү катары көрүшөт. Башкалары болсо орус жазуучусу Лев Толстойдун оюна кошулуп, жаныбарларды өлтүрүү жана эти менен азыктануу «адеп-ахлаксыздыкка жатат» деп эсептешет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудай жаныбарларды өмүрүбүзгө коркунуч туудурганда же кийимге керектеш үчүн өлтүрүүгө уруксат берген (Чыгуу 21:28; Марк 1:6). Ал аларды тамак-ашка колдонсо болорун да айткан. Ыйык Китепте Кудайдын: «Кыбыр эткен тирүү жандыктын баары силерге азык болсун»,— деп айтканы жазылган (Башталыш 9:3). Ошондой эле Ыйык Китепте Иса пайгамбардын шакирттерине балык уулоого жардам бергени жана аны алар менен чогуу жегени да жазылган (Жакан 21:4—13).

Ошол эле учурда Ыйык Китепте Кудайдын «зордук-зомбулукту жакшы көргөндөрдү» «жек көрөрү» айтылат (Забур 11:5). Мындан жаныбарларга тек гана көңүл ачуу үчүн же спорт үчүн зыян келтирүү же өлтүрүү Кудайга жакпай турганын билүүгө болот.

Ыйык Китепте Кудай жаныбарлардын жашоосун абдан баалаары айтылган.

  • Жаныбарлардын жаратылышы жөнүндө Ыйык Китепте: «Кудай жапайы жаныбарларды, үй айбанаттарын, майда жан-жаныбарларды түр-түрү менен жарата баштады. Кудай мунун жакшы экенин көрдү»,— деп жазылган (Башталыш 1:25).

  • Ыйык Китепте Жахаба Кудай жөнүндө: «Жаныбарларга... азыгын берет»,— делет (Забур 147:9). Кудай жерде жаныбарлардын жетиштүү азыгы жана түнөгү болушуна кам көргөн.

  • Дөөтү пайгамбар Кудайга кайрылып: «Сен адамды да, айбанды да куткарасың»,— деген (Забур 36:6). Алсак, Топон суу учурунда Кудай ыймансыз адамдарды жок кылардан мурун сегиз адил адамды жана жаныбарлардын бардык түрүн сактап калган (Башталыш 6:19).

Демек, Жахаба Кудай жаныбарларды да жакшы көрөт жана адамдардан аларга тийиштүү түрдө мамиле кылышын күтөт.

«Адил адам малынын жанына кам көрөт» (Накыл сөздөр 12:10).