Забур 36:1—12
Башчыга. Жахабанын кызматчысы Дөөтүнүн забуру.
36 Кылмыш ыймансыздын жүрөгүнөн сүйлөйт+,Көздөрүнөн Кудайдан коркуу дегенди көрбөйсүң+.
2 Ал өзүн башкалардан жогору эсептеп, өзүн өзү алдагандыктан+,Күнөөсүн байкабайт да, жек көрбөйт+.
3 Оозунан чыккан сөздөрү — жамандык менен калп+.Түшүнүгү тайкы болгондуктан, ал жакшылык кылбайт+.
4 Ал төшөгүндө жатканда да жамандык ойлойт+,Тетири жолдо жүрөт+,Жамандыкты четке какпайт+.
5 Оо, Жахаба, сенин мээримдүүлүгүң асманда+,Ишенимдүүлүгүң булуттарга жетет+.
6 Оо, Кудай, сенин адилдигиң тоолоруңдай+,Өкүмдөрүң суу туңгуюктарындай+.Оо, Жахаба, сен адамды да, айбанды да куткарасың+,
7 Оо, Кудай, сенин мээримдүүлүгүң кандай гана баа жеткис+,Адам баласы канатыңдын көлөкөсүнө корголойт+.
8 Алар үйүңдөгү молчулукка моокумун кандырат+,Сен аларга берекеңдин дайрасынан ичиресиң+.
9 Анткени өмүрдүн булагы сенде+,Биз сенин жарыгың менен жарыкты көрүп жүрөбүз+.
10 Өзүңдү билгендерди мээримдүүлүгүңдөн+,Жүрөгү тазаларды адилдигиңден өксүтпө+.
11 Мени бой көтөргөн бирөөнүн буту тебелебесин+,Ыймансыздардын колу тентитпесин+.
12 Мына, жамандык кылгандар кулашты+,Жыгылып, тура албай калышты+.