Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жубайлардын бири өнөкөт ооруга чалдыкканда...

Жубайлардын бири өнөкөт ооруга чалдыкканда...

Үй-бүлөлүк бакыттын сыры

Жубайлардын бири өнөкөт ооруга чалдыкканда...

Өнөкөт чарчоонун синдрому деген оору менен ооруп калганымдан бери жолдошум эле иштейт. Бирок ал мага үй-бүлөбүздүн акча маселеси тууралуу такыр айтпай калды. Мен үй-бүлөбүздүн киреше-чыгашасы жөнүндө эч нерсе билбейм. Анын акча тууралуу мага айтпай жатканына караганда үй-бүлөбүз бул жагынан кыйналып жаткан окшойт (Ненси) *.

НИКЕДЕ кыйынчылыктар болбой койбойт, ал эми жубайлардын бири өнөкөт ооруга чалдыкканда үй-бүлөдө мурдагыдан да көп кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн *. Эгерде сен өнөкөт оору менен ооруган жубайыңа кам көрүп жатсаң: «Анын ден соолугу мындан да начарласа, эмне кылам? Жубайыма да кам көрүп, тамак да жасап, үй да жыйнап, жумушта да иштеп канчага чейин чыдай алат болдум экен? Анын ордуна мен ооруп калсам кана»,— деп кыжалат болушуң ыктымал.

Ал эми өзүң өнөкөт ооруга чалдыккан болсоң, милдеттериңди аткара албай калганың үчүн өзүңдү жемелешиң мүмкүн. Балким: «Жубайыма жүк болуп жаткан жокмунбу? Эми бактылуу болбой калабызбы?» — деп да тынчсызданып жаткандырсың.

Өкүнүчтүүсү, айрымдар өнөкөт оорунун аркасында келген кыйынчылыктардан улам ажырашып кетишет. Бирок бул силердин да никеңер бузулат дегенди билдирбейт.

Көптөгөн жубайлар өнөкөт оорунун кыйынчылыктарына карабай никеде бактылуу бойдон калышууда. Мисалга Ёшиаки менен Кадзукону алалы. Омурткасы жабыркагандыктан Ёшиаки башкалардын жардамысыз кыймылдай албайт. Анын жубайы Кадзуко мындай дейт: «Жолдошум өзү такыр эч нерсе кыла албайт. Ага жардам берүүгө көп күч талап кылынгандыктан мойнум, ийиндерим, колдорум ооруйт. Ошондуктан өзүм да ортопедге көрүнүп турам. Өзүмдү көп учурда жанчылып калгандай сезем». Ушундай кыйынчылыктарга карабай алардын никеси бекем. Кадзуко: «Жолдошум экөөбүз мурункудан да жакын болуп калдык»,— дейт.

Оорунун аркасында келген кыйынчылыктарга карабай жубайлар канткенде бактылуу боло алышат? Биринчиден, алар андай ооруну жалпы душманы катары көрүп, аны менен экөө чогуу күрөшүшү керек. Анткени жубайлардын бири ооруганда, экинчиси да кыйналат эмеспи. Жубайлардын бири-бирине аябай ынак, жан бирге болуп калары жөнүндө Ыйык Китепте: «Адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот»,— деп айтылганы бекеринен эмес (Башталыш 2:24). Ошондуктан өнөкөт оорунун кыйынчылыктары менен жубайлардын экөө тең күрөшкөнү абдан маанилүү.

Экинчиден, изилдөөлөр көрсөткөндөй, оң маанай сактап, жагдайга ылайыкташкан жубайлар өнөкөт ооруга карабай мамилесин бекем сактай алышат. Көптөгөн жубайларга оору менен күрөшүүгө жардам берген нерселер Ыйык Китептеги байыркы убакта эле жазылган кеңештерге шайкеш келет. Келгиле анда, алардын үчөөнө токтололу.

Бири-бириңерге көбүрөөк көңүл бургула

Насаатчы китебинин 4-бөлүмүнүн 9-аятында: «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы»,— делет. Анткени, 10-аятта айтылгандай, «бирөө жыгылса, экинчиси тургузат». Сен да жубайыңды «тургузасыңбы»? Башкача айтканда, аны баалаарыңа ынандырып, колдоо көрсөтөсүңбү?

Бири-бириңерге кайсы жактардан жардам бере аларыңарды ойлонуп көрүүгө эмне үчүн болбосун? Аялы толук эмес шал оорусуна чалдыккан Ёң мындай дейт: «Мен аялымдын эмнеге муктаж болуп жатканын сезе билгенге аракет кылам. Суусап жатсам, ал да суусап жатат болуш керек деп ойлойм. Эшикке чыгып сейилдегим келсе, жубайымдан да сейилдегиси келген-келбегенин сурайм. Биз оорунун азабын бирге тартып, кыйынчылыктарды чогуу көтөрөбүз».

Ал эми сен өнөкөт оору менен оорусаң, балким, ден соолугуңа коркунуч туудурбаган кандайдыр бир иштерди кыла алаттырсың. Мунун аркасында өзүн өзү сыйлоо сезимиңди жоготпойсуң жана жубайыңа да көмөк көрсөтө аласың.

Өмүрлүк жарыңа кантип жардам берүү керектигин жакшы билем деп ойлосоң да, кандай кылсаң жакшы болорун анын өзүнөн сурап көрүүгө эмне үчүн болбосун? Макаланын башында сөз кылынган Ненси үй-бүлөсүнүн акча маселеси тууралуу эч нерсе билбегенинен улам канчалык тынчсызданып жүргөнүн күйөөсүнө айткан. Азыр анын жолдошу ал тууралуу ачык сүйлөшүүгө аракет кылат.

КЕҢЕШ: Кагазга жагдайыңарды жеңилдетүү үчүн жубайың эмне кылса болорун жаз. Мындай кылууну жубайыңдан да суран. Анан кагаздарыңар менен алмашып, ар бириңер жазылгандардын ичинен аткара ала турган бир эки сунушту белгилегиле.

Тең салмактуу графикке кармангыла

Даанышман Сулайман падыша: «Бардык нерсенин өз убагы бар»,— деп айткан (Насаатчы 3:1). Бирок жубайлардын бири өнөкөт оору менен ооруганда тең салмактуу графикке кармануу оңойго турбашы мүмкүн. Андайда тең салмактуулукту жоготпоо үчүн эмне кылса болот?

Оорудан бир аз да болсо алаксыш үчүн кез-кезде жубайың экөөңөр ар кандай иштер менен алек болууга аракет кылгыла. Балким, жубайың ооруй электе кылып жүргөн иштердин айрымдарын азыр кыла албай калгандырсыңар. Анда чогуу китеп окуу сыяктуу жеңилирээк иштерге көңүл бураттырсыңар. Же андан кыйыныраак иш менен, мисалы, чет тилин үйрөнүү менен алек боло алаттырсыңар. Ушул сыяктуу иштерди чогуу кылсаңар, мамилеңер бекемделип, кубанычыңар артат.

Тең салмактуу болууга башкалар менен баарлашуу да жардам берет. Ыйык Китепте: «Өз дегенин бербеген [«обочолонгон», «ЖД»] адам өз каалаганын кылгысы келет, бардык туура нерсеге каршы чыгат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 18:1). Бул аяттан көрүнүп тургандай, обочолонуу адамдын маанайына терс таасир этет. Ал эми башкалар менен пикир алмашып туруу көңүлдү көтөрүп, жагдайга туура караганга көмөк кылат. Андыктан кимдир бирөөнү конокко чакырууга эмне үчүн болбосун?

Ооруп жаткан жубайына кам көргөндөргө кээде тең салмактуулукту сактоо кыйынга турат. Айрымдар өтө көп иштер менен алек болгондуктан, бара-бара алсырап, ден соолугуна коркунуч туудурушат. Акыры, алар сүйүктүү жарына кам көрө албай калган абалга жетип калышы мүмкүн. Ошондуктан ооруп жаткан жубайыңа кам көрүп жатып, өзүңдү да унутпа. Эс алып турууга убакыт бөл *. Айрымдар тынчсызданууларын жакын досуна айтып туруу да пайдалуу экенин байкашкан.

КЕҢЕШ: Жубайыңа кам көрүүдө кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканыңды кагазга жаз. Анан ошол кыйынчылыктарды кантип жеңсе болорун жаз. Аларды майда-чүйдөсүнө чейин изилдеп отурбай, жагдайыңды жеңилдетүүгө кайсынысы эң жөнөкөй жана натыйжалуу болорун ойлонуп көр.

Оң маанай сактоого аракет кыл

Ыйык Китепте: «„Эмне үчүн азыркы күндөргө караганда өткөн күндөр жакшы эле?“ дебе»,— деп айтылат (Насаатчы 7:10). Андыктан оору болбогондо жашооң кандай болмоктугун көп ойлоно берүүдөн кач. Бул дүйнөдө толук бактылуу болуу мүмкүн эмес экенин унутпа. Эң негизгиси, жагдайга ылайыкташып, колуңан келгендин баарын жасай бер.

Бул жагынан сага жана жубайыңа эмне жардам бере алат? Кандай баталарга ээ экениңер жөнүндө сүйлөшкүлө. Жубайыңдын ден соолугу кичине болсо да жакшырса, ошого кубангыла. Алдыда күтүп турган эң сонун келечек тууралуу ой жүгүрткүлө, ошондой эле жете ала турган максаттарды койгула.

Сёдзи жана Акико деген жубайлар ушул кеңешти колдонуудан пайда алышкан. Алар толук убакытта кызмат кылышчу. Бирок Акико фибромиалгия менен ооруп калганда, аларга кызматын токтотууга туура келген. Албетте, буга алардын көңүлү чөкпөй койгон эмес. Ошентсе да Сёдзи ушундай жагдайга туш болгондорго мындай кеңеш берет: «Мурун кылып жүргөн иштериңерди эми кыла албай калганыңарды ойлоп, чөгө бербегиле. Жакшыдан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Качандыр бир убакта жашооңор мурунку калыбына келерине үмүттөнсөңөр да, азыркы кыйынчылыктарыңар менен кантип күрөшүү керектигине көңүл топтогула. Мисалы, мен баарынан мурда аялыма жардам берүүгө маани берем». Эгер жубайың өнөкөт оору менен ооруса, бул кеңештер сага да жардам бере алат.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 4-абз. Бул макалада жубайлардын бири өнөкөт ооруга чалдыкканда эмне кылса болору талкууланат. Андагы кеңештер кандайдыр бир кырсыктан улам жапа чеккен же депрессия сыяктуу эмоциялык дарттан улам кыйналган жубайларга да жардам берет.

^ 20-абз. Балким, оорулууларга кам көргөн адистерге же уюмдарга кайрылууну ойлонуп көрүүгө болоттур.

ОЙЛОНУП КӨР:

Жубайым экөөбүз азыркы учурда эмне кылышыбыз керек?

▪ Оору тууралуу көбүрөөк сүйлөшүшүбүз керек

▪ Оору тууралуу азыраак сүйлөшүшүбүз керек

▪ Көп тынчсызданбашыбыз керек

▪ Бири-бирибизге көбүрөөк көңүл бурушубуз керек

▪ Башка иштер менен алек болушубуз керек

▪ Башкалар менен көбүрөөк пикир алышышыбыз керек

▪ Чогуу жалпы максаттарды коюшубуз керек

[14-беттеги сүрөт]

Тең салмактуу болуу үчүн чогуу кандайдыр бир иштер менен алек болгула