Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-БӨЛҮМ

Жарыңарга берилгендик сактагыла

Жарыңарга берилгендик сактагыла

«Кудай кошконду адам ажыратпасын» (Марк 10:9).

Жахаба берилгендикти жакшы көрүшүбүздү талап кылат (Забур 18:25). Өмүрлүк жарыбызга берилгендик сактаганыбыз абдан маанилүү. Анткени берилгендик жок болсо, жубайлардын бири-бирине ишениши кыйын болот. Ал эми алар бири-бирине ишенбесе, сүйүүсү муздап калары анык.

Бүгүнкү күндө нике түйүнүнө туш тараптан сокку урулууда. Андыктан никеңерди коргош үчүн төмөнкү эки нерсени кылганыңар маанилүү.

1 НИКЕҢЕРДИ НЕГИЗГИ ОРУНГА КОЙГУЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (Филипиликтер 1:10). Никеңер — жашооңордогу эң маанилүү нерселердин бири. Ага өзгөчө көңүл бурганыңар абзел.

Жахаба жарыңарга дайыма көңүл бөлүп, аны менен чогуу «жашоонун ырахатын көрүшүңөрдү» каалайт (Насаатчы 9:9). Анын Сөзүнөн жубайыңардын камын ойлоп, ага кубаныч тартуулоонун жолдорун издешиңер керектиги айкын көрүнүп турат (1 Корунттуктар 10:24). Кылган мамилеңерден жубайыңар өзүн керектүү, баалуу сезиши керек.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Жарыңар менен дайыма чогуу убакыт өткөрүп, ага толугу менен көңүл бургула

  • «Мен» дебей, «биз» деп ой жүгүрткүлө

2 ЖҮРӨГҮҢӨРДҮ САКТАГЫЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Аялды кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот» (Матай 5:28). Эгер кимдир бирөө адеп-ахлаксыз ойлорго бата берсе, кандайдыр бир мааниде өмүрлүк жарына ишенимсиздик кылган болот.

Жахаба жүрөгүбүздү сакташыбыз керектигин айтат (Накыл сөздөр 4:23; Жеремия 17:9). Ан үчүн көзүбүздү эмнеге багыттап жатканыбызга көңүл бурушубуз керек (Матай 5:29, 30). Бул жагынан башка аялды кумарлануу менен карабаш үчүн көзү менен «келишим түзгөн» Аюп пайгамбардан үлгү алсаңар болот (Аюп 31:1). Порнографиядан жаа бою качкыла жана жубайыңардан башка бирөөгө махабат сезимин өрчүтүп алуудан сак болгула.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Жубайыңарга гана таандык экениңерди башкаларга айкын көрсөткүлө

  • Жарыңардын сезимдерине маани бергиле. Кимдир бирөө менен болгон мамилеңер анын тынчын алып жатса, дароо токтоткула