Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

«Жердин бейишке айланары жөнүндө билгеним чынында эле жашоомду өзгөрттү!»

«Жердин бейишке айланары жөнүндө билгеним чынында эле жашоомду өзгөрттү!»
  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1974

  • ӨЛКӨСҮ: ЛАТВИЯ

  • МУРУН: МОТОЖАРЫШТАРГА КАТЫШЧУ

МУРУН.

Мен Латвиянын борбор калаасы Ригада туулуп-өскөм. Апам эжем экөөбүздү жалгыз чоңойткон. Ал католик болгону менен, чиркөөгө диний майрамдарда эле барчубуз. Мен кудурети күчтүү бирөө бар экенине ишенчүмүн, бирок өспүрүм курагымда оюмду башка нерселер ээлей баштаган.

Чоңоюп келатканымда бир нерселерди чачып, кайра чогултканга жакын болчумун. Үйдө ошондой буюм-тайымдар көп болгондуктан, апам мени жалгыз калтырып кеткенден коркчу. Ошон үчүн мага машине, кран жана башка нерселерди жасаса боло турган темир оюнчук сатып берген. Кийин мотоцикл айдаганга аябай кызыгып кеттим. Ошондо апам мени «Алтын мопед» деп аталган мотожарышка жаздырып койду. Башында мопеддердин жарышына катышып жүрдүм, кийин мотоциклдердин жарышына катыша баштадым.

Мен, негизи, бир нерсени тез эле үйрөнүп алчумун, ошондуктан көп өтпөй эле спорттун өтө опурталдуу ал түрүндө ийгиликке жете баштадым. Латвияда мотоциклдердин жарышы боюнча үч жолу жеңишке жеттим, ал эми Балтика өлкөлөрүнүн арасында өткөрүлгөн мотожарышта эки жолу биринчиликти алдым.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Ийгиликке жетип калган кезимде, сүйлөшкөн кызым Евия (азыр жубайым) Жахабанын Күбөлөрү менен байланыша баштады. Ал алардын бир нече адабиятын таап алып, андагы Ыйык Китепти изилдегиси келгендерге арналган купонду толтуруп, жөнөтүп жибериптир. Ошондон көп өтпөй эле үйгө эки Жахабанын Күбөсү келип, Евия Ыйык Китепти изилдей баштады. Мен каршы деле болгон жокмун, бирок өзүм ал кезде динге көп деле кызыкчу эмесмин.

Бир жолу ал Жахабанын Күбөлөрү мени да алар менен чогуу отуруп изилдөөгө чакырышты. Мен макул болдум. Уккандарым мага аябай жакты. Өзгөчө, жер бети бейишке айланарын билгенде жүрөгүм козголду. Мисалы, Ыйык Китепте: «Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот, ордун карап, аны таппай каласың. Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат»,— деп айтылыптыр (Забур 37:10, 11). Бул сөздөрдү окуганда аябай кубандым.

Ошондон кийин Кудай жөнүндө көбүрөөк билгим келе баштады. Диний окуулардын көбүнүн жалган экенин түшүндүм. Алардан айырмаланып, Ыйык Китепте жазылгандар акылга сыярлык, түшүнүктүү болгондуктан, абдан таасир этти.

Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында Жахаба Кудайдын өмүрдү жогору баалай турганын, ал үчүн өмүр абдан кымбат экенин билдим (Забур 36:9). Ошондон кийин мотожарыштарга катышып өмүрүмдү тобокелге салбай, Жахаба Кудайды даңктап жашагым келди. Мотожарышка катышканды абдан жакшы көрсөм да, ал да, атак-даңк да мен үчүн эч кандай мааниге ээ болбой калды.

Өмүрдүн булагы Жахаба Кудайдын алдында өмүрүм үчүн жооптуу экенимди түшүндүм

1996-жылы Таллиндеги (Эстония) мен катышып жүргөн мотожарыштар болгон стадиондон анча алыс эмес жерде өткөрүлгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн эл аралык жыйынына бардым. Ал жакка ар кайсы өлкөлөрдөн келген адамдардын ортосундагы ынтымак, биримдик байкалып турду. Жыйындан бир Жахабанын Күбөсү кичинекей сумкасын жоготуп алганда, эми таппай калды го деп ойлогом. Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин эле Жахабанын Күбөсү болгон бир аял аны таап алып, эч нерсесине тийбей алып келип бергенде, көргөн көзүмө ишене албай, айран таң калдым! Ошондо Жахабанын Күбөлөрүнүн, чынында эле, Ыйык Китептеги осуяттарды аткарып жашаарын түшүндүм. Евия экөөбүз Ыйык Китепти андан ары да изилдеп, 1997-жылы Жахабанын Күбөсү болдук.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ?

Мотоциклди зуулдатып айдаганды жакшы көргөн досторумдун айрымдары так ошондон каза тапты. Мен болсо Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында өмүрдүн булагы Жахаба Кудайдын алдында өмүрүм үчүн жооптуу экенимди түшүндүм. Бул менин өмүрүмдү сактап калды деп ойлойм, болбосо эмдигиче мотожарыштан өлүп деле калышым мүмкүн эле.

Евия экөөбүз Ригадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалында төрт жыл кызмат кылдык. Азыр Ализе деген кичинекей кызыбыз бар. Аны Жахаба Кудайды сүйгөн кыз кылып чоңойтконго аракет кылып жатабыз. Мен ошондой эле бир жумада бир жолу Жахабанын Күбөлөрүнүн адабият которгон офисине барып, машинелерди жана башка нерселерди оңдогонго жардам берем. Бала чагымда үйрөнгөнүмдү ушинтип азыр жакшы жакка колдонуп жатканыма сүйүнөм. Ооба, мен азыр деле бир нерселерди чачып, кайра чогултуу менен алектенем.

Азыр үй-бүлөм менен бирге чыныгы Кудайга кызмат кылып, ал жөнүндө Ыйык Китептен билгендеримди башкаларга айтып жатканымды теңдешсиз сыймык деп эсептейм. Жердин бейишке айланары жөнүндө билгеним, чынында эле, жашоомду түп-тамыры менен өзгөрттү!