Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тирүү планета

Тирүү планета

Айрым бир факторлор болбогондо, Жер планетасында тиричилик болмок эмес. Ал факторлор 20-кылымга чейин белгисиз болуп келген. Аларга төмөнкүлөр кирет:

  • Жердин Саманчынын жолу галактикасында жана Күн системасында жайгашкан орду, орбитасы, огунун туура градуста жантайышы, айлануу ылдамдыгы жана Айдын аны айланып жүрүшү

  • Калканч катары кызмат кылган магнит талаасы жана атмосфера

  • Абаны жана сууну толуктап, тазалап туруучу жаратылыш циклдары

Ушулардын ар бирин карап жатканда: «Жердин мындай өзгөчөлүктөрү кокусунан пайда болгонбу же максаттуу түрдө жаратылганбы?» — деген суроонун үстүнөн ойлонуп көргүлө.

Жердин эң сонун «дареги»

Жер планетасынын галактикада жайгашкан орду тиричилик үчүн абдан ыңгайлуу

Дарегиңди билдириш үчүн адатта эмнелерди жазасың? Албетте, жашаган өлкөңдү, шаарыңды жана көчөңдү жазасың. Ошо сыяктуу эле, Жердин да «дареги» бар: Саманчынын жолу галактикасы анын «өлкөсү», Күн системасы — «шаары», ал эми орбитасы — «көчөсү». Астрономия жана физика илимдериндеги ачылыштар окумуштууларга ааламдагы бул өзгөчө планета тууралуу көп нерселерди билүүгө жол ачты.

«Шаар», башкача айтканда, Күн системасы тууралуу айта турган болсок, ал Саманчынын жолу галактикасынын борборунан анча алыс эмес, ошол эле учурда анча жакын эмес, бир сөз менен айтканда, тиричилик үчүн абдан ыңгайлуу жеринде жайгашкан. Окумуштуулар аны «тиричилик үчүн ыңгайлуу аймак» деп коюшат, анткени ал аймакта жашоо үчүн зарыл болгон химиялык элементтер керектүү өлчөмдө. Галактиканын чет жагында андай элементтер өтө эле аз. Ал эми борборуна жакын жерде радиация өтө күчтүү болгондуктан жана башка факторлордон улам тиричиликтин болушу такыр эле мүмкүн эмес. Ооба, «Сайентифик америкэн» журналында айтылгандай, биз, чынында эле, «эң сонун аймакта жашайбыз»1.

Эң сонун «көчө». Жердин «көчөсү», тактап айтканда, орбитасы да таң калтырарлык. Жер Күндү 150 миллион километр аралыкта айланып турат. Андай аралыкта Жер тоңуп да калбайт, куйкаланып да кетпейт. Анын орбитасы дээрлик айлана түрүндө болгондуктан бир жыл бою Күндү бирдей эле алыстыкта айланат.

Ал эми Күн эң сонун иштеген «электростанцияга» окшош. Анын көлөмү да эң ылайыктуу, ал токтобой иштеп, энергияны канча керек болсо, ошончо өлчөмдө бөлүп чыгарып турат. Андыктан Күндүн «өзгөчө жылдыз» деп аталганы бекеринен эмес2.

Эң сонун «кошуна». Жер планетасына Айдан артык кошуна табылбас. Анын диаметри Жердикинен дээрлик төрт эсе кичине. Ал башка планеталардын спутниктеринен айырмаланып, өзүнүн кошунасы Жерге карата кыйла эле чоң. Муну жөн гана кокустук деп айтууга болобу?

Ай планетабыздын экологиясына абдан зарыл болгон океан сууларынын ташкындоосун жана тартылышын шарттайт. Андан тышкары, Ай Жер огунун жантаюусун бир калыпта сактап турат. Андай болбогондо, Жер чимирик оюнчугундай чимирилип, ары-бери чайпалып, атүгүл асты жагы үстүн карап калмак. Натыйжада Жер ар кандай коркунучтуу кырсыктардан улам кыйроого учурамак.

Жер огунун жантаюусу жана айлануу ылдамдыгы. Жер огу болжол менен 23,4 градуска жантайып турат. Мындай жантаюу жыл мезгилдеринин алмашуусуна, температуранын мелүүн сакталышына жана ар кандай климаттык алкактардын болушуна шарт түзөт. Бир китепте: «Планетабыздын жантаюусу тим эле тиричилик үчүн ылайыкташтырылгандай»,— деп айтылган («Rare Earth—Why Complex Life Is Uncommon in the Universe»)3.

Жердин айлануу ылдамдыгы да эң ылайыктуу. Эгер Жердин айлануу ылдамдыгы бир аз жайыраак болсо, күн узагыраак убакытка созулуп, Жердин күн тийген тарабы өтө ысып, экинчи тарабы өтө муздап кетмек. Же тескерисинче, бир аз батыраак айланса, күндөр кыска убакытка созулуп, жер бетинде катуу шамал, бороон-чапкын жана башка ушу сыяктуу табигый кырсыктар көп болмок.

Жердин коргоочу «калканчтары»

Тиричиликке коркунуч туудурган радиациядан жана метеороиддерден улам космосту кооптуу чөйрө деп айтууга болот. Бирок ар кандай «соккуларга» карабай, биздин көгүлтүр планетабыз эч кандай зыян тартпайт. Эмне үчүн? Анткени анын коргоочу «калканчтары» бар. Алар: кубаттуу магнит талаасы жана таң калтырарлык атмосфера.

Жердин коргоочу «калканчтары»

Жердин магнит талаасы. Жердин балкып эрип турган борборунда пайда болгон күчтүү магнит талаасы космоско чейин жайылат. Ал калканч бизди космостук радиациядан жана күндүн ар кандай зыяндуу таасирлеринен коргойт. Ал таасирлерге күн шамалы (күндөн бөлүнүп чыккан заряддалган бөлүкчөлөрдүн агымы), күн атмосферасындагы жарк этүүлөр (кубаттуулугу жагынан миллиарддаган суутек бомбаларынын жарылуусуна барабар болгон көп бөлүкчөлөрдүн атылып чыгышы) жана күн таажысындагы массанын (миллиарддаган тоннадагы материянын) планеталар арасындагы мейкиндикке чачылышы кирет. Жердин магнит талаасынын планетабызды коргоп жатканын көз менен көрүүгө да болот. Күн атмосферасындагы жарк этүүлөрдөн жана күн таажысындагы массанын мейкиндикке чачылышынан улам Жердин магнит уюлдарынын алыс эмес жерлеринде атмосферанын үстүнкү катмарларында көз жоосун алган уюлдук жаркыроо пайда болот.

Уюлдук жаркыроо

Жердин атмосферасы. Газдардан турган бул катмар бизди аба менен эле камсыз кылбастан, калканч катары да планетабызды коргойт. Атмосферанын стратосфера деп аталган үстүнкү катмарында кычкылтектин озон деп аталган формасы бар. Озон ультракызгылт көк нурунун 99 пайызын жутуп алат. Ошентип, озон катмары жердеги тирүү жандыктын баарын, адамдан тартып планктонго чейин, зыяндуу радиациядан коргойт. Кызыктуусу, стратосферада озондун өлчөмү жагдайга жараша өзгөрүп турат: ультракызгылт көк нурунун радиациясы жогорулаган сайын озондун өлчөмү да көбөйө берет.

Атмосфера бизди метеороиддерден коргойт

Андан тышкары, атмосфера бизди күнүгө ар кандай көлөмдөгү метеордук телолордун чабуулунан коргоп турат. Алардын көпчүлүгү атмосферада жарык из калтырып күйүп кетет. Бирок жердин бул «калканчы» тиричилик үчүн абдан зарыл болгон радиацияны — күндүн жылуулугун жана жарыгын — тоспойт. Атмосфера жылуулуктун планетага текши таралышын шарттап, түнкүсүн, жууркан сыяктуу, жылуулукту сактап турат.

Ооба, толук изилденип бүтө элек Жердин атмосферасы менен магнит талаасы чындап эле керемет! Тиричиликтин болушуна шарт түзгөн жаратылыш циклдары тууралуу да ушуну айтууга болот.

Планетабызды эки зор «калканч» коргоп турганы кокустукпу?

Жаратылыш циклдары

Канализация системасы жарактан чыгып, таза аба жана суу менен камсыз кылынбай калган шаарды элестетсеңер. Ал шаарды тез эле оору каптап, тургундары кырылып калмактыгы айтпаса да түшүнүктүү. Жер планетасы азык-түлүк сырттан келип, таштандылар чыгарылып турган ресторандай эмес. Өмүр үчүн зарыл болгон аба менен суу космостон келбейт, космоско эч кандай «таштанды» да бөлүнүп чыкпайт. Анда кандайча Жер дайыма таза жана жашоо үчүн ылайыктуу бойдон калууда? Мунун сыры — жаратылыш циклдарында. Төмөндө суунун, көмүртектин, кычкылтектин жана азоттун айлануу циклы схема түрүндө көрсөтүлгөн.

Суунун айланышы. Суу өмүр үчүн абдан зарыл. Ансыз биз, ашып кетсе, бир нече эле күн жашай алабыз. Суунун айланышы планетаны таза суу менен камсыз кылат. Ал процесс үч баскычтан турат: 1) Күндүн энергиясынан улам суу бууланып, атмосферага көтөрүлөт; 2) тазаланган суу булутка айланат; 3) булуттар болсо жаан, мөндүр жана кар түрүндө кайра жерге түшүп, цикл аяктайт. Андай циклдан жыл сайын канча өлчөмдөгү суу өтүп турат? Айрым эсептөөлөргө ылайык, ал суулар жер бетин текши 80—97 сантиметрге чейин жаба алмак4.

Көмүртек менен кычкылтектин айланышы. Миллиарддаган адамдар менен жаныбарлар кычкылтек менен дем алып, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Анда эмне үчүн кычкылтек түгөнүп, атмосфера көмүр кычкыл газына толуп кетпейт? Мунун сыры кычкылтектин айланышында. 1) Фотосинтез процессинин аркасында өсүмдүктөр биз бөлүп чыгарган көмүр кычкыл газын өзүнө сиңирип алып, күндүн энергиясынын таасири менен углеводороддорду жана кычкылтекти бөлүп чыгарат. 2) Кычкылтек менен дем алганыбызда цикл аяктайт. Баарынан кызыгы, бул процесс үнсүз, натыйжалуу жүрөт жана эч кандай зыяндуу калдык чыгарбайт.

Азоттун айланышы. Жердеги жашоо белок сыяктуу органикалык молекулалардан да көз каранды. А) Андай молекулалардын пайда болушунда азот чоң роль ойнойт. Азот атмосферанын 78дей пайызын түзөт. Чагылгандын таасири астында азот өсүмдүктөр сиңире ала турган бирикмелерге айланат. Б) Өсүмдүктөр ал бирикмелерди органикалык молекулаларга айландырат. Ал эми жаныбарлар азотту өсүмдүктөрдөн алат. В) Өсүмдүктөр чирип, жаныбарлар өлгөндө, бактериялар алардагы азоттун бирикмелерин ажыратат. Ошентип, азот кайрадан топуракка жана атмосферага кайтып келип, анын айлануу циклы аягына чыгат.

Калдык чыгарбаган өндүрүш

Илим жана техниканын өнүгүшүнөн улам жыл сайын кайра иштетүүгө мүмкүн болбогон тонналаган уулуу таштандылар пайда болууда. Ал эми Жер планетасы болсо «таштандыларынын» баарын укмуштуу химиялык процесстердин аркасында кайра иштетип турат.

Кандай деп ойлойсуңар, Жердин кайра иштетип чыгаруу системасы өзүнөн өзү пайда болгонбу? Диний жана илимий эмгектердин автору Майкл Кори: «Кокустуктан пайда болгон процесс муну кайталай алмак эмес»,— деген5. Силер анын айткандарына кошуласыңарбы?