Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эволюция божомолдообу же фактыбы?

Эволюция божомолдообу же фактыбы?

Белгилүү эволюционист, биология илиминин профессору Ричард Докинс: «Күндүн жылытары талашсыз болгондой эле, эволюциянын болгону да талашсыз»,— деп ырастаган16. Тажрыйбалардан жана байкоолордон Күндүн абдан ысык экени далилденгени бышык. Бирок эволюция теориясын да ушундай жолдор менен далилдөөгө болобу?

Бул суроого жооп алардан мурун бир нерсени аныктап алуу зарыл. Көптөгөн окумуштуулар байкагандай, убакыттын өтүшү менен тирүү организмдердин тукумдары анча-мынча өзгөрүүлөргө дуушар болот. Мисалы, адамдар аргындаштыруу жолу менен буту кыскараак, жүнү узунураак иттердин түрлөрүн чыгарышкан a. Айрым окумуштуулар ушундай билинер-билинбес өзгөрүүлөрдү «микроэволюция» деп аташат.

Эволюцияны жактаган окумуштуулардын ырастоосу боюнча, андай майда өзгөрүүлөр миллиарддаган жылдар бою топтолуп отуруп, балыктан — жерде-сууда жашоочулар, маймылдан киши пайда болушу үчүн олуттуу өзгөрүүлөрдүн жүрүшүн шарттаган. Бул болжолдуу өзгөрүүлөрдү макроэволюция деп аташат.

Чарлз Дарвин жана анын «Түрлөрдүн келип чыгышы» деген китеби

Чарлз Дарвин учурда биз байкай алган кичинекей өзгөрүүлөр эч ким көрбөгөн чоң өзгөрүүлөрдүн чынында эле болгондугун айгинелейт деген ойдо болгон17. Анын ою боюнча, алгачкы «бир нече түрдүн» же тиричиликтин жөнөкөй формаларынын «билинер-билинбес өзгөрүүлөрү» бара-бара жер жүзүндөгү миллиондогон башка түрлөрдүн пайда болушуна алып келген18.

Көптөргө мындай ырастоо акылга сыярлык көрүнөт. Алар: «Бир түрдүн ичинде болгон майда өзгөрүүлөр эволюциянын узак убакыттын ичинде олуттуу өзгөрүүлөрдүн болушун шарттай аларын көрсөтүп турат»,— деп ойлошот b. Бирок, чынында, эволюция божомолдоолорго негизделген. Келгиле, аларга кененирээк токтололу.

1-божомолдоо: мутация жаңы түрлөрдүн пайда болушуна негиз түзөт. Макроэволюция теориясы мутация (өсүмдүктөр менен жаныбарлардын генетикалык коддорундагы күтүлбөгөн өзгөрүүлөр) өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жаңы түрлөрүнүн гана эмес, жаңы тукумдарынын пайда болушуна да өбөлгө түзөт деген ырастоого негизделет19.

Мутация өсүмдүктөрдү өзгөртө алат, бирок таптакыр жаңы түргө айлантып жибербейт

Фактылар. Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын өзгөчөлүктөрүнүн көбү генетикалык коддогу, башкача айтканда, клетканын ядросунда камтылган пландагы маалыматтын негизинде аныкталат c. Окумуштуулар өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын кийинки муундарына мутация таасир тийгизиши мүмкүн экенин байкашкан. Бирок мутация чынында эле жаңы түрлөрдүн пайда болушуна негиз түзөбү? Генетика илиминде көптөгөн жылдар бою жүргүзүлгөн изилдөөлөр эмнени айгинеледи?

1930-жылдардын аягында окумуштуулар табигый тандалуу маалында күтүлбөгөн мутациядан улам өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрү пайда болсо, адам тарабынан жүргүзүлгөн жасалма мутациялык тандоо аркылуу жаңы түрлөрдүн чыгышы кыйла натыйжалуураак болууга тийиш деген көз карашты ынталуулук менен кабыл алышкан. Германиядагы Макс Планк атындагы коомдун өсүмдүктөр селекциясы боюнча институтунун профессору Вольф Эккехарт Лённиг «биолог, генетик жана өзгөчө, селекционерлердин көбүнүн „төбөсү көккө жете“ сүйүнгөнүн» айткан d. Окумуштуулардын сүйүнгөнүнүн себеби эмнеде эле? Мутациялык генетиканы 30 жылдай изилдеген Лённиг мындай дейт: «Ал окумуштуулар өсүмдүктөрдү кайчылаштыруу менен жаныбарларды аргындаштыруунун адаттагы ыкмаларын түп-тамыры менен өзгөртө турган убак келди деп эсептешкен. Алар мутация жүргүзүп, арасынан оң натыйжа бергендерин тандоо менен өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жаңы, жакшыртылган түрлөрүн алууга болот деген ойдо болушкан»20. Ооба, айрым окумуштуулар жаңы түрлөрдү чыгарууга үмүттөнүшкөн.

Мутант мөмөчүл майда чымын өзгөрсө да, мөмөчүл майда чымын бойдон калат

Кошмо Штаттардагы, Азиядагы жана Европадагы окумуштуулар эволюциянын жүрүшүн тездетчүдөй көрүнгөн ыкмаларды колдонуп, кымбатка турган изилдөө программалары боюнча иштей башташкан. Изилдөөлөр 40 жылдан ашык убакыт бою жүргүзүлгөн. Анын натыйжасы кандай болгон? «Көп каражат сарпталса да, радиациялык селекция ыкмасы менен мыкты сорттогу өсүмдүктөрдү жана жаныбарлардын асыл тукумдарын чыгаруу үчүн жасалган иш-аракеттерден эч кандай майнап чыккан жок»,— дейт окумуштуу Петер фон Зенбух21. «1970-жылдардын аягында алгачкы кубаныч жоголуп, окумуштуулардын үмүтү ташка чабылган,— деп белгилейт Лённиг.— Ошондон улам батыш өлкөлөрү мутациялык селекцияны өз алдынча изилдөө тармагы катары өркүндөтүүдөн толугу менен баш тарткан. Дээрлик бардык мутанттар... же кырылып калган, же баштапкы түргө караганда шартка начар ыңгайлашкан» e.

Мутация боюнча дээрлик 100 жыл бою, мутациялык селекция тармагында болсо 70 жыл бою жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы окумуштууларга мутация жолу менен жаңы түрлөрдүн пайда болор-болбосуна байланыштуу тийиштүү тыянак чыгарууга мүмкүндүк берди. Фактыларды карап чыгып Лённиг: «Мутация [өсүмдүктүн же жаныбардын] алгачкы түрүн таптакыр жаңы түргө айландырып жибербейт. Муну 20-кылымдагы бардык тажрыйбалардын жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгынан жана ыктымалдуулук мыйзамдарынан көрүүгө болот»,— деген.

Ооба, мутация жаңы түрлөрдүн пайда болушуна негиз түзө албайт. Лённиг изилдөөлөрдүн аркасында «генетикалык өзгөчөлүктөрү бар түрлөр күтүлбөгөн мутация аркылуу өзгөрүп кетүүгө жол бербеген чектөөлөргө ээ» экенине ынанган22.

Эми ойлонуп көрөлү, оң натыйжалуу мутациялык тандоо аркылуу адистер да жасалма жол менен жаңы түрлөрдү чыгара алышпаса, эч ким башкарбаган күч чыгара алат беле? Изилдөөлөрдөн аныкталгандай, мутация алгачкы түрдү таптакыр жаңы түргө айландырып жибербесе, макроэволюция процесси кандайча жүргөн?

2-божомолдоо: табигый тандалуу жаңы түрлөрдүн пайда болушун шарттайт. Дарвин табигый тандалуу деп атаган процесстин жүрүшүндө белгилүү бир чөйрөдө жашоого жөндөмдүү болгон түрлөр аман калып, чөйрөгө ыңгайлаша албагандары акыры тукум курут болот деп божомолдогон. Бүгүнкү күндө эволюцияны жактагандардын ою боюнча, түрлөр жайылып обочолонгон сайын табигый тандалуу аркылуу гендик мутациянын таасиринен улам жаңы шарттарга ылайыкташа алгандары гана аман калган. Эволюционисттер ошол обочолонгон топтор акырындык менен таптакыр жаңы түрлөргө айланган деп эсептешет.

Фактылар. Жогоруда айтылгандай, мутация өсүмдүктөр менен жаныбарлардын таптакыр жаңы түрлөрдүн пайда болушуна өбөлгө түзбөй турганы изилдөөлөрдөн айкын көрүндү. Эволюцияны жактагандар оң натыйжалуу мутациянын табигый тандалуу процессинде жаңы түрлөрдүн пайда болгонун ырастаган кандай далилдерди келтиришет? АКШнын Улуттук илимдер академиясы тарабынан 1999-жылы чыгарылган китепчеде «Дарвин Галапагос аралдарынан байкоо жүргүзгөн, азыр Дарвин мукурлары деп аталып калган чымчыктардын 13 түрү» жөнүндө айтылат23.

Питер Р. жана Розмари Б. Гранттардын жетекчилиги астында Принстон университетинде 1970-жылдары окумуштуулар мукур чымчыктарды изилдеп, бир жылга созулган кургакчылыктан кийин аралдагы кичинекей тумшуктуу чымчыктардын саны азайганын, ал эми чоңураак тумшуктуу мукурлар жаңы шартка жакшыраак ыңгайлашып кеткенин байкашкан. Алардын тумшуктарынын көлөмү жана түзүлүшү мукурлардын 13 түрүн айырмалоого жардам берген башкы белги болгондуктан, ал ачылышты абдан маанилүү деп эсептешкен. АКШнын Улуттук илимдер академиясы тарабынан чыгарылган китепчеде: «Гранттар аралдардагы кургакчылык он жылда бир кайталанып турса, мукурлардын жаңы түрү болжол менен 200 жылдан кийин гана пайда болмок экенин эсептеп чыгышкан»,— деп белгиленет24.

Бирок китепчеде кургакчылык баскан маалдан кийинки жылдары кичинекей тумшуктуу мукурлардын саны кайрадан көбөйүп кеткени айтылган эмес. Окумуштуулар аралдагы климаттын өзгөрүшүнө жараша бир жылы узун тумшуктуу мукурлар басымдуулук кылса, кийинки жылдары кыска тумшуктуулары басымдуулук кыларын байкашкан. Ошондой эле изилдөөлөрдөн айрым «түрлөрү» өз ара аргындашкандыктан, ар кандай шарттарга мурункуларынан жакшыраак ыңгайлаша алган муундардын пайда болору жана түр аралык аргындашуу улана берсе, эки «түр» бир «түргө» айланып кетери байкалган25.

Дарвин мукурлары түрдүн чөйрөдөгү шартка ыңгайлаша аларын гана көрсөтөт

Табигый тандалуу чынында эле жаңы түрлөрдүн пайда болушун шарттайбы? Ондогон жылдар мурун биолог-эволюционист Жорж Кристофер Уильямс табигый тандалуунун аркасында жаңы түрлөрдүн пайда болоруна күмөн санай баштаганын айткан26. 1999-жылы эволюционист Жеффри Шварц табигый тандалуу түрлөргө чөйрөдөгү шарттардын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жардам берерин, бирок «жаңы эч нерсе чыгарбай турганын» жазган27.

Ооба, Дарвин мукурлары кандайдыр бир «жаңы жандыкка» айланып кеткен эмес. Алар мукур сымалдар бойдон эле калган. Ал эми түр аралык аргындашуу эволюционисттердин кээсинин түрлөрдү аныктоо принцибин туура колдоноруна шек туудурат. Андан тышкары, мукур чымчыктардын мисалы абройлуу илимий академиялар да фактыларга калыс баа бербеши мүмкүн экенин көрсөтөт.

3-божомолдоо: палеонтологиялык билдирүүлөр макроэволюциялык өзгөрүүлөр болгонун тастыктайт. Жогорудагы китепче окурмандарды казылып алынган табылгалар макроэволюциянын болгонуна далил деп ишендирет. Ал китепчеде: «Балыктар менен — жерде-сууда жашоочулардын, жерде-сууда жашоочулар менен — сойлоочулардын, сойлоочулар менен — сүт эмүүчүлөрдүн, ошондой эле приматтардын ортосундагы түрлөрдүн көптүгүнөн, бир түрдөн экинчисине кайсы баскычта өткөнүн так аныктоо көбүнесе оор»,— деп айтылат28.

Фактылар. АКШнын Улуттук илимдер академиясы тарабынан чыгарылган китепчедеги ырастоо кыйла шектүү. Эмне үчүн? Палеонтологиялык билдирүүлөрдөн улам эволюционист Найл Элдриж өзгөрүүлөрдүн акырындык менен болбогонун жана узак убакыт бою «түрлөрдүн басымдуу бөлүгү эч кандай эволюциялык өзгөрүүлөрдү топтобогонун далилдегенин» айткан f29.

Палеонтологиялык билдирүүлөр көрсөткөндөй, жаныбарлардын негизги топтору капысынан пайда болгон жана өзгөрүүгө деле дуушар болгон эмес

Учурда окумуштуулар болжол менен 200 миллиондогон чоң жана миллиарддаган майда табылгаларды каттоого алышкан. Көптөгөн изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, ал билдирүүлөр жаныбарлардын негизги топторунун баары капысынан пайда болгонун жана эч кандай деле өзгөрүүгө дуушар болбогонун көрсөтөт. Ал эми көптөгөн түрлөр болсо капысынан пайда болуп, капысынан жок болуп кеткен.

Эволюцияга ишенүү кыйын

Эмне үчүн эволюцияны жактаган белгилүү окумуштуулар макроэволюцияны далилденген факты деп ырастап келишүүдө? Беделдүү эволюционист Ричард Левонтин окумуштуулардын көбү далилденбеген илимий ырастоолорду «материализм теориясына карманып келишкендиктен» гана кабыл алууга даяр экенин ачык эле жазган g. Көптөр, Левонтин жазгандай, «тек гана Жараткандын бар экенин кабыл ала албагандыктан гана» аң-сезимдүү Башталыш болгон деген ойду жакын жуутпайт30.

«Сайентифик америкэн» журналында социолог Родни Старктын айткандары келтирилген. «200 жыл бою бизди,— деген ал,— окумуштуу болгуң келсе, диний түшүнүктөр менен башыңды маң кылба деп ишендирип келишкен». Родни Старк изилдөө институттарында «дин туткан окумуштуулар ал тууралуу сүйлөбөөгө» аракет кыларын белгилеген31.

Эгерде макроэволюция теориясын далилденген факты катары кабыл алсаңар, агностик жана атеист окумуштуулардын илимий далилдерге жеке көз караштарын аралаштырып жиберген эмес дегенге ишенүүгө тийишсиңер. Жүз жыл бою жүргүзүлгөн изилдөөлөр бир дагы түрдүн таптакыр жаңы түргө айланып кетпегенин көрсөтсө да, тиричиликтин татаал формаларынын баары мутация менен табигый тандалуунун натыйжасында пайда болгонуна ишенишиңер керек. Ошондой эле палеонтологиялык билдирүүлөр өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын негизги түрлөрү капилеттен пайда болгонун жана миллиарддаган жылдар өтсө да, башка түрлөргө айланып кетпегенин айкын көрсөтүп турганына карабастан, тирүү организмдердин баары бир жалпы «ата-тектен» эволюция жолу менен келип чыкканына ишенишиңер талап. Кандай деп ойлойсуңар, андай ишеним далилденген фактыларга негизделгенби же тек гана божомолдоолоргобу? Ооба, эволюцияга ишенүү, чынында эле, кыйын.

a Өзгөрүүлөр көп учурда гендердин иш-аракетиндеги каталарга байланыштуу. Мисалы, таксанын (иттин түрү) боюнун кыскалыгы — кемирчектеринин туура эмес өрчүшүнүн натыйжасы.

b Бул бөлүмдөгү «түр» деген сөз Ыйык Китепте колдонулган «түр» деген сөздөн айырмаланат. Ыйык Китепте ал сөз «уруу» деген мааниге ээ. Көп учурда окумуштуулар жаңы түрлөрдүн эволюциясы деп атаган түшүнүк «уруулардын» ичинде гана болуучу өзгөрүүлөргө таандык.

c Изилдөөлөрдөн айкын болгондой, тирүү организмдердин өрчүшүндө цитоплазма, мембраналар жана клетканын башка бөлүктөрү маанилүү роль ойнойт.

d Лённиг тиричилик жаратылган дегенге ишенет. Ал Макс Планк атындагы коомдун өсүмдүктөр селекциясы боюнча институтундагылардын эмес, жеке өзүнүн көз карашын билдирген.

e Мутациялык өзгөрүүгө байланыштуу тажрыйбалар окшоштук белгилери мезгил-мезгили менен пайда болуп турса да, көбүнчө жаңы өзгөрүүлөрдүн санынын кескин азайганын көрсөткөн. Лённиг ал кубулуштун «рекурренттик вариация мыйзамына» байланыштуу экенин белгилейт. Андан тышкары, изилдөөлөрдү улантуу үчүн тандалып алынган мутант өсүмдүктөрдүн саны бир пайызга да жеткен эмес, алардын арасынан коммерциялык максатта пайдаланууга жарактуусунун саны да бир пайызды түзө алган эмес. Кандай болсо да, мутациялык жол менен бир да жаңы түр пайда болгон жок. Жаныбарларды мутациялык жол менен аргындаштыруу андан да натыйжасыз болгон, ошондуктан акыры ал ыкмадан толук баш тартышкан.

f Окумуштуулар эволюцияга далил катары палеонтологиялык билдирүүлөрдөн бир нече мисал келтиришет, бирок алар да азырынча талаш. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Тиричиликтин пайда болушуна байланыштуу беш суроо» (ор.) деген китепченин 22—29-беттерин карагыла.

g Бул жерде «материализм» деген термин Аалам жана андагы тиричилик формаларынын бардыгы табияттан тыш кийлигишүүсүз пайда болгон деген теорияга таандык.