Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БЕШИНЧИ БӨЛҮМ

«Жакшы келин»

«Жакшы келин»

1, 2. а) Рут эртеден кечке эмне кылган? б) Рут Кудайдын кайсы мыйзамынан пайда алган жана анын жүрөгүн эмне козгогон?

КҮН батып, көлөкө жайылып, теребелди караңгы каптай баштаган маал. Жумушчулар дөбөдө жайгашкан Бетлехем шаарын көздөй жайбаракат агылып барат. Рут болсо эртеден кечке мээнет кылып үйүп койгон арпасынын жанында тизелеп отурат. Керели кечке жаны тынбай иштеп, алы кетсе да, дагы деле таягын тынбай шилтеп, арпанын данын күбүп жатат. Эмнеси болсо да, бүгүн аябай жакшы күн болду. Бүгүн чогулткан даны өзү ойлогондон да көп.

2 Жесир калган бул жаш келиндин турмушу бир аз да болсо жакшыра баштады. Ал кайненесин эч качан таштабай турганын убада кылып, анын Кудайы Жахабага сыйынарын айткан. Кайненеси менен Бетлехемге келгенде Жахабанын Ысрайылдагы кедей-кембагалдардын, атүгүл бөтөн жерликтердин оор жүгүн жеңилдеткен мыйзамы бар экенин билип сүйүнгөн болчу. Ошол мыйзам боюнча жашаган, Кудайды сүйгөн кайрымдуу кишилердин жакшылыгы да жүрөгүн козгобой койгон жок.

3, 4. а) Бууз Рутка кандайча дем-шык берген? б) Азыркы оор учурда Руттун үлгүсү бизге кандайча жардам берет?

3 Руттан жакшылыгын аябагандардын бири жашы өр тартып калган Бууз деген бай киши. Бүгүн ал Рутка өз кызындай мамиле кылды. Рут ал кишинин жылуу сөздөрүн, Жахабанын канатынын астынан баш маана издеп келгени үчүн, кайненесин багып жатканы үчүн мактаганын эстеген сайын ичинен жетине албай сүйүнүп кетет. (Оку: Рут 2:11—14.)

4 Бирок ал дагы деле эртеңки күнүн ойлоп жүрөгү түпөйүл. Же кам көрөр күйөөсү жок, же медер кылар уулу жок бечара келин кантип күн көрөт? Кайненесин кантип багат? Машак терип качанкыга чейин жан сактайт? Бойдон кубат кетип, карылыкка моюн сунганда анын өзүнө ким жөлөк болот? Ушунун баарын ойлоп санаага батат. Азыркы жокчулук кендирди кесип турган заманда Рутка окшоп кыйналгандар аз эмес. Анын Кудайга болгон бекем ишениминин аркасында кыйынчылыктарга багынбай, туруктуу болгонунан көп нерсеге үйрөнө алабыз.

Үй-бүлөнү үй-бүлө кылган эмне?

5, 6. а) Рут Бууздун эгин талаасынан биринчи эле күнү канча арпа чогулткан? б) Наами Рутту көргөндө кандай сезимде болгон?

5 Рут машакты күүп бүтүп, таза данды чогулта келгенде арпанын салмагы 1 эйфадай, биздин өлчөм менен, 14 килограммдай болуп чыгат. Арпаны сырткы кийимине ороп, башына көтөргөн бойдон күүгүм кирип калган маалда Бетлехемге жөнөп кетет (Рут 2:17).

6 Наами жакшы көргөн келининин бир топ дан чогултуп келгенин көрүп бир чети сүйүнсө, бир чети таң калат. Рут Бууздун жумушчулары менен чогуу отуруп ичкендеги ашы тамагынан өтпөй, кайненесине да ала келген болчу. Ал экөө дасторкондо отурганда, Наами: «Бүгүн каяктан машак тердиң, каякта иштедиң? Сага көңүл бурган кишиге бата тийсин»,— дейт (Рут 2:19). Көптү көргөн кыраакы Наами келини алып келген арпаны көрүп, бирөө жарым ага назарын салып, жакшылык кылганын дароо баамдайт.

7, 8. а) Наами Бууздун жакшылыгын кимден деп кабыл алган жана эмне үчүн? б) Рут кайненесине туруктуу сүйүүсүн кантип көрсөтө берген?

7 Кайнене менен келин маңдай-тескей отуруп алып, кобураша кетишет. Сөздөн сөз чыгып, Рут Бууздун кылган жакшылыгы жөнүндө айтып берет. Ошондо Наами: «Өлгөндөргө да, тирүүлөргө да мээримдүүлүк көрсөткөн Жахаба ага батасын берсин»,— деп ыраазы болот (Рут 2:20). Ал Бууздун кылган жакшылыгын өз элине март болууга түрткү берген, жакшылыгын аябагандарга батасын мол төккөн Жахабадан деп кабыл алат *. (Оку: Накыл сөздөр 19:17.)

8 Наами келинине, башка орокчулар ыза кылып койбошу үчүн, Бууздун жумушчу кыз-келиндеринин жанында эле машак терип жүрө беришин айтат. Рут кайненеси айткандай кылат. «Ал кайненеси менен чогуу жашап», ага кам көрө берет (Рут 2:22, 23). Бул сөздөр дагы бир ирет Руттун туруктуу сүйүүсүн айгинелеп турат. Анын үлгүсү ар бирибизге: «Үйүмдөгүлөрдү колуман келишинче колдоп, зарыл болгондо жардам берүү менен аларды баалаарымды көрсөтүп жатамбы?» — деп ойлонууга түрткү берет. Биздин да туруктуу сүйүү көрсөткөнүбүздү Жахаба байкабай койбойт.

Рут менен Нааминин үлгүсү үй-бүлөбүздү баалоого түрткү берет

9. Рут менен Наамиден үй-бүлөдөгү мамилеге байланыштуу эмнелерге үйрөнө алабыз?

9 Рут менен Наамини бир үй-бүлө болгон деп айтууга болобу? Айрымдар үй-бүлө күйөөсү, аялы, балдары, чоң ата, чоң энеси болгондо гана толук кандуу үй-бүлө болот деп ойлошот. Бирок Рут менен Нааминин мамилесинен көрүнүп тургандай, үй-бүлөсү толук эмес болсо да, бири-бирине жан тартып, мээримин төгүп, жылуу-жумшак мамиле кылгандарды чыныгы үй-бүлө деп айтууга болот. Сен өзүңдүн үй-бүлөңдү баалайсыңбы? Иса пайгамбар эч кимиси жоктор да Кудайдын элине кошулуп, алар менен бир үй-бүлө боло аларын айткан (Мр. 10:29, 30).

Рут менен Наами бири-бирине жөлөк-таяк болушкан

Анын «бизди кун төлөп сатып алууга укугу бар»

10. Наами Рутка кам көрүш үчүн эмне кылууну чечкен?

10 Арпа орула баштаган апрель айынан тартып буудай орула баштаган июнга чейин Рут Бууздун талаасында машак терет. Убакыт учкан куштай зымырап өтө берет. Нааминин болсо жакшы көргөн келининин келечегин ойлоп, көңүлү тынч эмес. Маап жеринде жүргөндө ал келинине күйөө таап бере албасын айткан эле (Рут 1:11—13). Эми анын ою өзгөрдү. Бир күнү келинине: «Кызым, сага жакшы болушу үчүн, сага баш маана издесем кантет?» — деп айтат (Рут 3:1). Ошол кезде ата-энесинин балдарына жар таап бергени кадимки көрүнүш болчу. Андыктан Рутту өз кызындай көргөн Наами ага «баш маана», башкача айтканда, аны коргоп, кам көрө турган күйөө таап берүүнү чечет. Бирок Нааминин тилеги кантип орундалат?

11, 12. а) Наами Бууздун кун төлөп сатып алууга укугу бар экенин айтканда Кудайдын мыйзамындагы кайсы чара жөнүндө кеп кылган? б) Рут кайненесинин сунушуна кандай жооп кайтарган?

11 Рут Бууз жөнүндө биринчи жолу кеп кылганда эле, кайненеси: «Ал бизди кун төлөп сатып алууга укугу бар туугандарыбыздын бири болот»,— деген болчу (Рут 2:20). Бул эмнени билдирген? Кудай мыйзамы аркылуу жакырчылыктын айынан же жакынынан айрылгандыктан кыйынчылыктарга туш болгон үй-бүлөлөргө кам көрүү максатында атайын чара караштырган. Эгер аял балалуу боло электе эле жесир калса, күйөөсүнүн аркасында туяк калбай, эл ичинде аты өчүп калмак. Бирок Кудайдын мыйзамына ылайык, маркумдун бир тууганы анын жесир калган аялына үйлөнчү. Алардан төрөлгөн бала маркумдун атын өчүрбөй, анын жерин мурастап калчу * (Мыйз. 25:5—7).

12 Наами келинине эмне кылышы керектигин ийне-жибине чейин айтып берет. Ошондо Руттун көздөрү алайып, жүзүнөн таң калып жатканы даана байкалган болуш керек. Анткени ал ысрайыл элинин мыйзамдарын, каада-салттарын али жакшы биле элек болчу. Ошентсе да кайненесин сыйлагандыктан анын бир да сөзүн кулагынын сыртынан кетирбей кунт коюп угат. Рутка кайненесинин айтканындай кылуу, албетте, оңой болмок эмес. Балким, анын сунушу ага оңтойсуз абалда калтыра турган, кишинин баркын түшүрө турган иштей сезилгендир. Бирок кайненесинин айтканына макул болуп: «Мейли, айтканыңыздын баарын кылайын»,— деп айтат (Рут 3:5).

13. Улуу кишилердин айткандарына кулак кагуу жагынан Руттан эмнеге үйрөнө алабыз? (Аюп 12:12ни да карагыла.)

13 Кээде жаштарга турмушта көптү көргөн улуу кишилердин кеңешин кабыл алуу кыйынга турат. Айрымдар улуу кишилер жаштар кабылып жаткан кыйынчылыктарды жакшы түшүнбөйт деп жыйынтык чыгарып коюшу мүмкүн. Бирок Руттун момундук менен тил алганынан бизди чындап жакшы көргөн, бизге жакшылык гана каалаган улуу кишилердин айткандарына кулак кагуу акылдуулукка жатары көрүнүп турат. (Оку: Забур 71:17, 18.) Наами Рутка кандай кеңеш берген жана Рут тил алганы үчүн кандай бата алган?

Руттун кырманга барышы

14. Кырманда кандай жумуш жасалчу?

14 Кайненеси менен сүйлөшкөн күнү кечинде Рут эгин бастырылган кырманды көздөй жөнөйт. Кырман, адатта, дөбөдө боло турган, себеби андай жерде түштөн кийин жана кечке жуук сыдырым жел согуп турчу. Данды топон менен самандан тазалаш үчүн жумушчулар жел соккондо күрөк же айры менен эгинди көккө сапырышчу. Ошондо топонду жел учуруп кетчү да, даны калчу.

15, 16. а) Кырманда жумуш аяктап бараткандагы жагдайды сүрөттөп бергиле. б) Бууз бут жагында бирөө жатканын кантип байкаган?

15 Рут кырманда иштеп жаткандарга шек алдырбай алыстан карап турат. Бууз болсо эгинди сапырып, додо кылып үйүп жаткан жумушчуларын көзөмөлдөп, ары-бери басып жүрөт. Жумуш аяктаганда ал курсагын тойгузуп, үйүлүп жаткан эгиндин этегине барып жатат. Ал убакта маңдай тери менен жыйналган эгинди уурулардан, талап-тоноочулардан кайтарып, кырманга түнөп калышчу. Рут Бууз уктагыча күтө турат да, кайненеси айткандай кылат.

16 Бутунун учу менен шырп алдырбай бараткан Руттун жүрөгү кабынан суурулуп кетчүдөй дүк-дүк согот. Бууз таттуу уйкуга кеткен. Рут анын акырын басып барып, бут жагын ачып, жатып алат. Убакыт өтө берет. Бирок ага ар бир мүнөт кылымга созулгандай сезилсе керек. Түн бир оокумда Бууз үшүгөнүнөн ойгонуп, бут жагын кымтыйын десе эле, бир аял жаткан болот (Рут 3:8).

17. Руттун иш-аракетин туура эмес деп эсептегендер кайсы маанилүү эки нерсени эске алышпайт?

17 Бууз андан: «Сен кимсиң?» — деп сурайт. Рут, сыягы, үнү калтырап: «Мен күңүңүз Рутмун. Күңүңүздү канатыңызга калкалаңыз, анткени сиздин бизди кун төлөп сатып алууга укугуңуз бар»,— деп жооп берет (Рут 3:9). Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулардын айрымдары Рут Буузду адеп-ахлаксыз ишке азгырыш үчүн ушундай сөздөрдү айтып, ушундай иш-аракет кылган деп эсептешет. Бирок алар маанилүү эки нерсени эске алышпайт. Биринчиден, Рут учурда бизге анча түшүнүксүз болгон ошол кездеги салтка ылайык иш кылган. Ошондуктан анын иш-аракетине ыйманы кеткен азыркы дүйнөнүн көз карашы менен баа берүү туура эмес болуп калар эле. Экинчиден, Бууз Руттун кылганын адепсиз иш катары эмес, мактоого татырлык туура иш катары кабыл алган.

Рут өз кызыкчылыгын көздөгөн эмес жана ниети таза болгон

18. Рут эмнеден улам жеңилдей түшкөн жана Бууз Руттун мээримдүүлүк менен иш кылганын кантип баса белгилеген?

18 Бууздун жылуу-жумшак жооп бергенин угуп, Рут жеңилдей түшөт. Бууз ага: «Жахаба сага батасын берсин, кызым. Азыркы кылган ишиңден сенин мээримдүүлүгүң мурункудан да айкын көрүндү, анткени сен бей-бечара же бай адамдардын арасынан жаш күйөө издеген жоксуң»,— дейт (Рут 3:10). Бууздун «мурункудан да» деген сөздөрү Руттун кайненеси менен чогуу Ысрайылга келгенин жана ага кам көрүп жатканын билдирген. Ал эми «азыркы кылган иши» Бууздан баш маана издеп келгени болчу. Бууз мөлтүрөгөн жаш келиндин, бай болобу, жакыр болобу, жашыраак бирөөгө турмушка чыга алмактыгын айткан. Рут мунун баарын кайненеси үчүн эле эмес, көзү өтүп кеткен кайнатасынын эл ичинде аты өчүп калбаш үчүн да кылган эле. Ошондуктан Бууз Руттун керт башын эле ойлобогон жан аябас келин экенин көрүп, таасирленген.

19, 20. а) Бууз Рутка үйлөнүүгө эмне себептен шашкан эмес? б) Бууз Руттун аброюн ойлоорун кантип көрсөткөн?

19 Бууз Рутка андан ары: «Коркпо, кызым. Сураганыңдын бардыгын жасайм, себеби шаарымдагы элдин баары сенин жакшы келин экениңди билет»,— деп айткан (Рут 3:11). Ал Руттай келин менен баш кошууну ойлоп сүйүнсө керек. Балким, анын баш маана издеп кайрылганына көп деле таң калган эмес чыгар. Ал адил киши болгондуктан өзүнүн эле пайдасын көздөгөн эмес. Андыктан Рутка кун төлөп сатып алууга укугу бар андан да жакын тууганы бар экенин жана адегенде ошол тууганына барып, Рутка үйлөнүшүн сунуштаарын айтат.

Рут башкаларга урмат-сый, мээримдүүлүк менен мамиле кылгандыктан жакшы атка ээ болгон

20 Анан эч ким тура электе байкатпай кетип калышы үчүн, ага: «Таң атканча жата тур»,— дейт. Бууз Руттун да, өзүнүн да аброюн ойлоп иш кылган. Болбосо элдер ал экөөнү туура эмес ишке барды деп ойлоп калмак. Бууздун адамкерчилигине ичи жылып, жүрөгү ылдыйлаган Рут анын бут жагына кайра жатып алат. Анан таң ата электе туруп, Бууз сырт кийимине толтура салып берген арпаны көтөрүп алып, Бетлехемди көздөй жөнөп кетет. (Оку: Рут 3:13—15.)

21. Рутка жакшы атка ээ болууга эмне жардам берген жана биз аны кантип туурай алабыз?

21 Бууздун: «Элдин баары сенин жакшы келин экениңди билет»,— деген жанга жагымдуу сөздөрүн эстеп, Рут аябай сүйүнсө керек. Албетте, ал Жахаба жөнүндө көбүрөөк билүүгө, ага кызмат кылууга ынтызар болгондуктан ушундай жакшы атка ээ болгон. Анын ысрайыл элинин өмүрү угуп-билип көрбөгөн маданиятына, каада-салтына ылайыкташа билгени кайненеси менен анын элин урматтап-сыйлаарын көрсөткөн. Биз да Кудайга бекем ишенген Рутту туурасак, башкаларга жакшы мамиле кылып, алардын маданиятын, каада-салтын сыйлаганга умтулабыз. Эгер ушундай кылсак, жакшы атка ээ болобуз.

Руттун баш маана табышы

22, 23. а) Бууздун Рутка алты өлчөм арпа салып бергени эмнени билдириши мүмкүн? (Шилтемени карагыла.) б) Наами Рутка кандай кеңеш берген?

22 Рут үйгө келгенде, Наами: «Кимсиң, кызым?» — деп сурайт. Калыбы, жарык кире элек болгондуктан, Наами келинин тааныбай калса керек. Же анын жакында турмушка чыгууга үмүтү пайда болгон-болбогонун билгиси келген көрүнөт. Рут дароо эле баарын төкпөй-чачпай айтып берет. Ошондой эле Бууздун кайненеңе ала бар деп берешендик менен салып берген арпасын көрсөтөт * (Рут 3:16, шилтеме, 17).

23 Ошол күнү Наами келинине машак тергени талаага барбай эле, иштин аягы эмне болуп бүтөрүн күтүп, үйдө отурушун кеңеш кылат. Анан: «Ал киши бүгүн ишти аягына чыгармайын тынч албайт»,— деп айтат (Рут 3:18).

24, 25. а) Бууз өз керт башын ойлобогон адил киши болгонун кантип көрсөткөн? б) Рут кандай бата алган?

24 Баары Наами айткандай болуп чыгат. Бууз ошол эле күнү аксакалдар чогулган шаар дарбазасынын алдына барып, Элимелектин жакын тууганына жолугат.Анан ошол тууганына Рутка үйлөнүп, кун төлөп сатып алышын эл алдында сунуш кылат. Бирок тиги киши өз мурасына доо кетирип алуудан коркуп, Рутка үйлөнүүдөн баш тартат. Ошондо Бууз күбөлөрдүн алдында Нааминин көзү өтүп кеткен күйөөсүнүн бүт мүлкүн сатып алып, анын уулу Махлондун жесири Рутка үйлөнөрүн айтат. Ал муну «маркумдун мурасы өзүнө таандык бойдон калышы үчүн, анын ысмы бир туугандарынын... арасынан өчпөшү үчүн» кылып жатканын жарыялайт (Рут 4:1—10). Ооба, Бууз, чынында эле, өз керт башын ойлобогон адил киши болгон.

25 Ошентип, Бууз Рут менен баш кошот. Ыйык Китепте айтылгандай, «Жахабанын батасы менен Руттун боюна бүтүп, уул төрөйт». Бетлехемдеги аялдар Наамиге батасын берип, анын жети уулдан артык болгон келинин макташат. Руттун Буузга төрөп берген уулу Дөөтү падышанын чоң атасы болгон (Рут 4:11—22). Ал эми Дөөтү падышанын тукумунан Иса Машаяк чыккан * (Мт. 1:1).

Жахаба Рутту Машаяктын чоң энелеринен болуу сыймыгына ээ кылган

26. Рут менен Нааминин жашоосунан эмнени билүүгө болот?

26 Ырас, Кудай Рутка да, Наамиге да батасын мол төккөн. Наами небересин өз уулундай көтөрүп баккан. Ушул эки аялдын жашоосунан Жахаба Кудайдын өз жанын багыш үчүн күжүрмөн эмгектенгендерди, анын эли менен бирге ага берилгендикте кызмат кылгандарды эч качан унутпай турганын билүүгө болот. Жахаба Бууздай, Наамидей жана Руттай болгон ишенимдүү кызматчыларын батасыз калтырбайт.

^ 7-абз. Наами айткандай, Жахаба тирүүлөргө эмес, өлгөндөргө да мээримдүүлүк көрсөтөт. Рут жолдошунан айрылса, Наами жолдошу менен эки уулунан ажыраган. Наами да, Рут да маркумдарды аябай жакшы көрүшкөн. Наами менен Рутка жардам бергендердин жакшылыгы тирүүсүндө экөөнү аябай жакшы көргөн ал маркумдарга да жакшылык кылганга тете болгон.

^ 11-абз. Мураска ээ болуу укугу сыяктуу эле, жесир калган аялга биринчи кезекте күйөөсүнүн бир тууганы, бир тууганы жок болсо, жакын тууганы үйлөнүүгө укуктуу болгон (Сан. 27:5—11).

^ 22-абз. Бууздун Рутка алты өлчөм арпа салып бергени, сыягы, ысрайылдыктар алты күн иштегенден кийин Ишемби күнү эс алгандай эле, Руттун кара жанын карч уруп иштеп, жесир жүргөн күндөрү бүтөрүн жана турмушка чыгып, үйлүү-жайлуу болуп, жакында «эс ала» турганын билдирсе керек. Же болбосо бул Бууздун Рутка көтөрө алгыдай эле, кыязы, алты күрөк арпа салып бергенин билдириши мүмкүн.

^ 25-абз. Рут Иса Машаяктын санжырасында айтылган беш аялдын бири болгон. Алардын арасында Бууздун энеси Рахап да бар (Мт. 1:3, 5, 6, 16). Ал да, Руттай болуп, бөтөн жерлик болчу.