Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Күтүүсүз жерден ооруга чалдыкканда

Күтүүсүз жерден ооруга чалдыкканда

 Ден соолугуңар күтүлбөгөн жерден начарлап кеттиби? Ошондой болсо, алдан-күчтөн тайдырган оорунун айынан акыл-эс, эмоциялык жана акча жагынан кыйналып жаткандырсыңар. Андайда оору менен күрөшкөнгө эмне жардам берет? Оору менен алпурушуп жаткан тууганыңарга же досуңарга кантип жардам берсеңер болот? Ыйык Китеп медициналык китеп болбосо да, анда иш жүзүндө колдонорлук принциптер жазылган. Алар силерге ооруга багынбаганга көмөк кылат.

Оору менен күрөшкөнгө жардам берген кеңештер

  •   Медициналык жардам алгыла

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж» (Матай 9:12).

     Муну кантип түшүнсө болот? Зарыл болсо, медициналык жардам алганга аракет кылгыла.

     Колдонуп көргүлө: Колдон келсе, дарылануунун жакшы ыкмаларын тандагыла. Кээде бир нече доктур менен кеңешип көргөн туура болот (Накыл сөздөр 14:15). Доктурларды жакшы түшүнө алышыңар үчүн жана алар ооруңардын белгилерин так-айкын билиш үчүн, алар менен ачык сүйлөшкүлө (Накыл сөздөр 15:22). Ооруңар жөнүндө, дарыланчу ыкмаңар жөнүндө жакшы билгенге аракет кылгыла. Ошондо эмоциялык жактан даяр болуп, кантип дарыланарыңарга байланыштуу туура чечим чыгара аласыңар.

  •   Жакшы адаттарга кармангыла

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Жан үрөп иштегенге... караганда, бир аз эс алган артык» (Насаатчы 4:6).

     Муну кантип түшүнсө болот? Жетиштүү эс алуу сыяктуу жакшы адаттарга кармануунун пайдасы чоң.

     Колдонуп көргүлө: Дайыма көнүгүү жасап тургула, туура тамактангыла жана жетиштүү уктагыла. Албетте, ооруңарга ылайыкташуу оңойго турбашы мүмкүн. Ошентсе да, адистердин айтымында, пайдалуу адаттарга убакыт бөлүп, күч жумшасаңар, мунун сөзсүз акыбети кайтат. Бирок, кайсы адатка карманууну тандабагыла, ден соолугуңарды эске алгыла. Болбосо ооруңарды ого бетер күчөтүп алышыңар мүмкүн.

  •   Башкалардан жардам сурагыла

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай» (Накыл сөздөр 17:17).

     Муну кантип түшүнсө болот? Ушундай кыйын мезгилде досторуңар өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло алышат.

     Колдонуп көргүлө: Ичиңердегинин баарын айта ала турган досуңар менен сүйлөшкүлө. Ошентсеңер, бир аз болсо да жеңилдеп, көп кайгырбай каласыңар. Досторуңар, туугандарыңар жардам бергиси келет, бирок эмне кылышты билбеши мүмкүн. Ошондуктан кандай жардамга муктаж болуп жатканыңарды ачык айткыла. Бирок алардан көптү күтпөгүлө. Кандай жардам көрсөтүшпөсүн, ыраазы болгула. Ошентсе да айрым нерселерди чектеп койгонуңар туура. Мисалы, алардын силерге канчалык бат-баттан келип турарына, силер менен канча убакыт болоруна чек коюп койсоңор болот. Антпесе силерге жакшы эле ниет менен жардам бергиси келген досторуңар оордук келтирип коюшу ыктымал.

  •   Туура маанай сактагыла

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Шайыр жүрөк — дарыдай даба, ал эми жараланган рух сөөктү кургатат» (Накыл сөздөр 17:22).

     Муну кантип түшүнсө болот? Туура маанай сактасаңар, үмүтүңөрдү үзбөсөңөр, азап тарттырган ооруңар менен оңой күрөшөсүңөр.

     Колдонуп көргүлө: Жаңы жагдай-шартка ылайыкташып жатканда колуңардан келбей турган нерселерге эмес, келе турган нерселерге көңүл топтогула. Өзүңөрдү башкаларга салыштырбагыла. Ден соолугуңар чың кезде кылып жүргөн нерселерди ойлоп кайгыра бербегиле (Галатиялыктар 6:4). Акылга сыярлык жана жете ала турган максаттарды койгула. Бул кубанычыңарды жоготпогонго көмөк кылат (Накыл сөздөр 24:10). Ден соолугуңар жол берсе, башкаларга бир нерсе кылып бергиле. Ушундай кылсаңар, бактылуу болуп, ооруңарга эле көңүл топтой бербейсиңер (Элчилер 20:35).

Кудай оору менен алпурушуп жаткандарга жардам береби?

 Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын a ооруп жаткандарга колдоо көрсөтөрү айтылат. Албетте, ал керемет кылып, оорудан сакайтып койбойт. Бирок ага сыйынгандарга төмөнкү жолдор менен жардам берет:

 Тынчтык. Жахаба ооруп жаткандарды «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыкка» ээ кыла алат (Филипиликтер 4:6, 7). Мындай тынчтык, башкача айтканда, жан дүйнө бейкуттугу оорудан улам сарсанаага батып кетпегенге жардам берет. Кудай андан тиленген, жүрөгүн түпөйүл кылган нерселерди ага айткан адамдарга ушундай тынчтык берерин убада кылган (1 Петир 5:7).

 Акылмандык. Туура чечим чыгара алышыбыз үчүн, Жахаба Кудай акылмандык бере алат (Жакып 1:5). Андай акылмандыкка ээ болуш үчүн Ыйык Китептеги көөнөрбөс принциптер жөнүндө билип, аларды иш жүзүндө колдонуу талап кылынат.

 Келечекке болгон жаркын үмүт. Жахаба келечекте «тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебей» турган заман келет деп сөз берген (Ышая 33:24). Мындай үмүт көптөгөн адамдарга олуттуу ооруга чалдыкканына карабай кубанып жашаганга жардам берүүдө (Жеремия 29:11, 12).

a Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат (Забур 83:18).