Накыл сөздөр 14:1—35
14 Акылдуу аял үйүн бекемдейт+, ал эми акылсыз аял аны өз колу менен бузат+.
2 Түз жолдо жүргөндөр Жахабадан коркушат+, ал эми өз жолдорунда адашып жүргөндөр Аны тоготушпайт+.
3 Акылсыздын оозунда бой көтөрүүчүлүктүн таягы бар+, ал эми акылдуулардын оозу аларды сактайт+.
4 Мал жок жерде акыр таза, бирок мол түшүм буканын күчүнөн.
5 Ишенимдүү күбө калп айтпайт+, жалган күбө болсо жалган сүйлөйт+.
6 Шылдыңчыл акылмандык издейт, бирок таппайт, ал эми түшүнүгү барга билим алуу оңой+.
7 Акылсыз адамдан алыс бол+, анткени анын оозунан билим чыкпайт+.
8 Баамчылдын акылмандыгы өз жолун түшүнгөндүгүндө+, ал эми акылсыздардын акылсыздыгы — алдамчылык+.
9 Айыптуу болгонуна карабай күлгөндөр акылсыз+, ал эми чынчыл адамдардын арасында ынтымак бар+.
10 Адамдын жүрөгү өз жанынын кайгысын билет+, кубанычына бөлөк бирөө кийлигише албайт.
11 Ыймансыздардын үйү жок кылынат+, ал эми чынчыл адамдардын чатыры гүлдөйт+.
12 Адамга түз болуп көрүнгөн жол бар+, бирок акырында ал өлүмгө алып барат+.
13 Күлүп жатканда да жүрөк оорушу ыктымал+, кубанычтын аягы кайгы менен бүтүшү мүмкүн+.
14 Жүрөгү ишенимсиз өз жолдорунун жемишине тоёт+, жакшы адам өз иштеринин жемишине тоёт+.
15 Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет+, ал эми баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат+.
16 Акылдуу адам Кудайдан коркуп, жамандыктан алыс болот+, ал эми акылсыз адам каарданат жана өзүнө таянат+.
17 Ачуусу чукул акылсыздык кылат+, ал эми ой жүгүртө билген жек көрүндү болот+.
18 Тажрыйбасыздар энчисине акылсыздык алышат+, ал эми баамчылдар билим таажысын кийишет+.
19 Жаман адамдар жакшы адамдарга, ыймансыздар адил адамдардын дарбазасынын алдында таазим кылышат+.
20 Жардыны жакыны да жек көрөт+, ал эми бай кишинин достору көп+.
21 Жакынын баркка албаган күнөө кылып жатат+, ал эми жапа чеккендерге кайрымдуулук көрсөткөн бактылуу+.
22 Жамандык ойлогондор адашпай коёбу?+ Жакшылык ойлогондор болсо мээримдүүлүккө жана чындыкка ээ+.
23 Ар бир эмгектен пайда бар+, ал эми куру сөз жарды кылат.
24 Акылдуулардын таажысы — өздөрүнүн байлыгы. Акылсыздардын иши — акылсыздык+.
25 Ишенимдүү күбө башкалардын жанын куткарат+, ал эми жалган күбө жалган сүйлөйт+.
26 Жахабадан корккон адам ага бекем таянат+ жана анын уулдары баш маана табат+.
27 Жахабадан коркуу — өлүм тузактарынан+ сактай турган өмүр булагы+.
28 Элдин көптүгү — падышанын көркү+, ал эми элдин аздыгы — башкаруучунун өлүмү+.
29 Ким ачууланууга шашпаса, ал кыраакы+, ал эми кимдин чыдамы жок болсо, акылсыздыгын көрсөтөт+.
30 Жүрөктүн тынч болгону денеге өмүр берет+, ал эми көрө албастык сөөктү чиритет+.
31 Бей-бечараны алдаган киши анын Жаратканына акарат кылат+, ал эми жардыга кайрымдуулук көрсөткөн киши Аны даңктайт+.
32 Ыймансыз өзүнүн кылган жамандыгы үчүн кулайт+, ал эми адил адам кынтыксыздыгынан баш маана табат+.
33 Түшүнүгү барлардын жүрөгүндө акылмандык бар+, ал эми акылсыздар өз акылмандыгын бардык жерде жарыялайт.
34 Адилдик элдин зоболосун көтөрөт+, ал эми күнөө уятка калтырат+.
35 Түшүнүп иш кылган кул падышага жагат+, ал эми уятка калтырган кул анын каарына калат+.