Забур 15:1—5
Дөөтүнүн ыры.
15 Оо, Жахаба, сенин чатырыңда ким конок боло алат?+Ыйык тооңдо ким жашай алат?+
2 Кынтыксыз жүргөн+, адил иш кылган+,Жүрөгүндө чындыкты сүйлөгөн адам+.
3 Ал тили менен эч кимге жалаа жаппайт+,Жакынына кыянаттык кылбайт+,Досун жамандабайт+.
4 Ал бузуку адамдарды четке кагат+,Ал эми Жахабадан корккондорду урматтайт+.Өзү зыян тартса да, берген антын бузбайт+.
5 Акчасын үстөк алыш үчүн бербейт+,Айыпсызды айыпка жыгыш үчүн пара албайт+.Ушундай адам эч качан олку-солку болбойт+.