Накыл сөздөр 5:1—23

5  Уулум, менин акылмандыгыма кулак сал+, кыраакылык жөнүндөгү кебиме кулак төшө+.  Ошондо ой жүгүртүү жөндөмүңдү сактайсың+, оозуңан билим кетпейт+.  Бузулган* аялдын тили аарынын уюгунан тамган балдай+, таңдайы майдан жумшак+.  Бирок андай аялдын залакасы эрмендей ачуу+, кош миздүү кылычтай курч+.  Анын буту өлүмгө түшөт+, кадамдары көргө* алып барат+.  Ал өмүр жолу жөнүндө ойлонбойт+, каякка из калтырганын билбейт+.  Ошондуктан, балдарым, мени уккула+, айткандарымдан четтебегиле+.  Андай аялдан алыс жүр, үйүнүн босогосуна жакындаба+.  Болбосо кадыр-баркыңды башкаларга алдырасың+, калган өмүрүңдү азап чегип өткөрөсүң+, 10  күчүңө башкалар тоёт+, мээнет кылып тапканың бөлөк бирөөнүн үйүндө калат+, 11  кийин денеңден, тулку боюңдан дарман кеткенде+, онтоп кыйналасың+. 12  Ошондо аргасыздан мындай дейсиң: «Акыл-насаатты эмнеге жек көрдүм экен+, жүрөгүм ашкерелөөнү эмне үчүн четке какты экен?!+ 13  Устаттарымдын тилин албай+, окутуучуларымдын сөзүнө кулак какпай жүрүп+, 14  акыры жыйналыштын, жамааттын алдында+ ар кандай жаман ишке бардым»+. 15  Өз кудугуңдагы суудан, өз булагыңдан аккан суудан ич+. 16  Булактарыңды эшикке, агын сууларыңды аянттарга агызып эмне кыласың?+ 17  Алар бөтөн бирөөлөргө эмес, сага гана таандык болсун+. 18  Булагың баталуу болсун+, жаш кезиңде алган аялың менен кубан+. 19  Ал маралдай сүйкүмдүү, кайберендей ажарлуу+. Анын төшү ар дайым кумарыңды кандырсын+. Анын махабатынан дайыма ырахат ал+. 20  Уулум, башка аял менен ырахатка батып же бөлөк аялдын төшүн кучактап эмне кыласың?+ 21  Адамдын жолдору Жахабанын көз алдында+, ал анын бардык кадамдарына көз салып турат+. 22  Ыймансызды өз кылмыштары тузакка түшүрөт+, ал өзүнүн күнөөсүнө чырмалат+. 23  Акыл-насаатты кабыл албай+, ашкере акылсыздыгынан адашып жүргөндүктөн+ ал өмүрүнөн ажырайт.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Чоочун».
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.