Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөсү болуш үчүн эмне кылышым керек?

Жахабанын Күбөсү болуш үчүн эмне кылышым керек?

 Жахабанын Күбөсү болуш үчүн эмне кылыш керектигин Иса пайгамбар Матай 28:19, 20-аяттарда түшүндүргөн. Жахабанын Күбөсү болгусу келген адам ушул аяттарда жазылгандарды аткарышы жана Жахаба Кудай жөнүндөгү чындыкты башкаларга айтышы керек.

 1-кадам. Ыйык Китепти изилде. Иса пайгамбар жолдоочуларына шакирт даярдап, аларды окутуп-үйрөтүшү керектигин айткан (Матай 28:19, 20). «Шакирт» деген сөз түзмө-түз «окуучу» дегенди билдирет. Ыйык Китепте жазылгандар, өзгөчө, Иса Машаяктын насааттары бактылуу болуп, жашооңду маңыздуу өткөрүүгө жардам берет (2 Тиметей 3:16, 17). Биз сага Ыйык Китепти акысыз изилдөөнү сунуштайбыз. Сен андан Ыйык Китептин чынында эмнеге окутарын биле аласың (Матай 10:7, 8; 1 Тесалоникалыктар 2:13).

 2-кадам. Окуп-билгендериңди иш жүзүндө колдон. Иса пайгамбар Ыйык Китепти изилдегендер ал буйругандардын баарын аткарышы керектигин да айткан (Матай 28:20). Ыйык Китепти изилдегендин аркасында сен жөн эле билим албайсың. Ал ой жүгүртүүңө, жүрүм-турумуңа таасир этип, жакшы жакка өзгөргөнгө түрткү берет (Элчилер 10:42; Эфестиктер 4:22—29; Еврейлер 10:24, 25). Иса Машаяктын буйругун аткаргандар анын жолун жолдоп, өмүрүн Жахаба Кудайга арноону чечишет (Матай 16:24).

 3-кадам. Чөмүлүү (Матай 28:19). Ыйык Китепте чөмүлүү көмүлүүгө салыштырылат (Салыштыр: Римдиктер 6:2—4). Бул мурунку жашооң үчүн өлүп, кайра жаңы жашоо башташ үчүн тирилгениңди символдоштурат. Чөмүлгөндө Иса пайгамбар айткан эки кадамды жасаганыңды эл алдында көрсөтөсүң жана таза абийирге ээ болосуң (Еврейлер 9:14; 1 Петир 3:21).

Чөмүлүүгө даяр экенимди кантип билем?

 Ан үчүн жыйналыштагы аксакалдарга кайрыл. Алар сенин эмне үчүн чөмүлгүң келип жатканын аныкташ үчүн, алган билимиңди иш жүзүндө колдонуп жатканыңа жана өмүрүңдү Кудайга өз эркиң менен арнаганыңа ынаныш үчүн сени менен маектешишет (Элчилер 20:28; 1 Петир 5:1—3).

Бул кадамдарды Жахабанын Күбөлөрүнүн балдары да жасашы керекпи?

 Ооба. Биз, Ыйык Китептеги буйрукка ылайык, балдарыбызга «Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып, аларды анын акыл-насааты менен тарбиялайбыз» (Эфестиктер 6:4). Бирок алар чоңойгондо чөмүлөм деп чечим чыгарганга чейин Ыйык Китепте айтылгандарды изилдеп, жүрөгү менен кабыл алып, иш жүзүндө колдонушу керек. Муну алар өз каалоосу менен кылышат (Римдиктер 12:2). Ооба, Жахабага кызмат кылар-кылбасын ар бир адам өзү чечет (Римдиктер 14:12; Галатиялыктар 6:5).