Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү балдарын өздөрүнүн динин кабыл алууга мажбурлайбы?

Жахабанын Күбөлөрү балдарын өздөрүнүн динин кабыл алууга мажбурлайбы?

 Жок, анткени Кудайга кызмат кылар-кылбасын ар ким өзү чечет (Римдиктер 14:12). Жахабанын Күбөлөрү балдарына Ыйык Китептеги принциптерди үйрөтүшөт. Бирок балдар чоңойгондо ар бири Жахабанын Күбөсү болор-болбосун өздөрү чечиши керек (Римдиктер 12:2; Галатиялыктар 6:5).

 Көпчүлүк ата-энелердей эле, Жахабанын Күбөлөрү балдарына жакшылык гана тилешет. Алар балдарына пайдалуу боло турган нерселерди үйрөтүүнү каалашат. Мисалы, аларга турмушта кереги тие турган жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтүүгө жардам беришет, ошондой эле адеп-ахлак нормаларын үйрөтүп, Кудайга болгон ишенимин өстүрүүгө умтулушат. Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китеп жашоонун эң мыкты жолун тандоого жардам берет деп ишенгендиктен Ыйык Китептеги адеп нормаларын балдарынын көкүрөгүнө сиңирүүгө умтулушат. Ан үчүн алар балдары менен чогуу Ыйык Китепти изилдешет жана аларды Кудай жөнүндө билим алууга жардам берген жолугушууларга алып барышат (Мыйзам 6:6, 7). Ар бир бала чоңоюп, терең билим, толук маалымат алгандан кийин гана ата-энесинин динин кабыл алар-албасын чечет.

 Жахабанын Күбөлөрү ымыркайларды чөмүлтүшөбү?

 Жок. Ыйык Китеп ымыркайларды чөмүлтүүгө үндөбөйт. Мисалы, Ыйык Китепте 1-кылымдагы Исанын жолдоочулары чөмүлөрдөн мурун жакшы кабарды угуп, «чын жүрөктөн кабыл алышкан» (Элчилер 2:14, 22, 38, 41). Демек, чөмүлөрдөн мурун адам Ыйык Китептеги окууларды түшүнө алгыдай деңгээлде болушу, ошол окууларга ишениши жана аларга ылайык жашар-жашабасын чечиши керек. Буларды болсо ымыркай кыла албайт.

 Балдар чоңоюп, эс тартканда чөмүлгүсү келиши мүмкүн. Бирок адегенде алар бул кадамдын өз ичине кандай милдеттерди камтый турганын түшүнүшү керек.

 Жахабанын Күбөлөрү балдары алардын динин кабыл албай койсо, топурагын түйүп береби?

 Жок. Албетте, Жахабанын Күбөсү болгон ата-эне балдарынын алардын динин кабыл албай койгонуна капаланбай койбойт. Ошентсе да алар баары бир деле балдарын жакшы көрө беришет жана динин кабыл албай койгону үчүн эле мамилеси салкындап калбайт.

Ар бир киши, кандай куракта болбосун, чөмүлөр-чөмүлбөсүн өзү чечиши керек

 Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү балдарын кабар айтууга ээрчитип алышат?

 Жахабанын Күбөлөрү балдарын кабар айтууга бир нече себептен улам ээрчитип алышат a.

  •   Ыйык Китеп ата-энелерди балдарына Кудай жөнүндө билим берүүгө жана ага сыйынууга жардам берүүгө чакырат (Эфестиктер 6:4). Ал эми Кудайга сыйынуу ишенимин иш жүзүндө жарыялоону камтыгандыктан, кабар айтуу ишине катышуу баланын Кудайдын жолунда тарбияланышынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет (Римдиктер 10:9, 10; Еврейлер 13:15).

  •   Ыйык Китепте жаштар «Жахабанын ысмын даңктоого» түзмө-түз үндөлөт (Забур 148:12, 13). Ал эми Кудайды даңктоонун негизги жолу — Кудай тууралуу башкаларга айтуу b.

  •   Балдар ата-энелери менен кабар айтуу ишине катышуудан пайда алышат. Мисалы, алар ар кандай адамдар менен пикирлешкенди, ошондой эле боорукердик, жумшактык, урмат-сый, жан аябастык сыяктуу жакшы сапаттарды өрчүтүшөт. Андан тышкары, ишенген нерселеринин кандайча Ыйык Китепке негизделгенин тереңирээк түшүнө алышат.

 Жахабанын Күбөлөрү ыйык деп эсептелген же дагы башка майрамдарга катышабы?

 Жахабанын Күбөлөрү Кудайга жакпаган диний же башка майрамдарга катышпайт c (2 Корунттуктар 6:14—17; Эфестиктер 5:10). Мисалы, биз туулган күндү же Рождествону белгилебейбиз, себеби ал майрамдар Кудайга жакпаган жалган түшүнүктөрдөн тамыр алган.

 Ошентсе да биз үй-бүлөбүз менен убакыт өткөргөндү же балдарыбызга эң жакшы нерселерди бергенди жакшы көрөбүз. Үй-бүлөбүз менен чогулуш үчүн же белек бериш үчүн жылдын белгилүү бир күндөрүн күтүп отура бербестен, башкалар менен каалаган учурда достук кечелерди уюштурабыз жана белек-бечкек беребиз.

Кудайдын жолундагы ата-энелер балдарына белек берүүдөн кубаныч алышат

a Жалпы жонунан алганда, Жахабанын Күбөлөрүнүн балдары кабар айтуу ишине атасы же энеси же башка жооптуу чоң киши менен гана чогуу катышат.

b Ыйык Китепте башкаларга ишенген нерселери жөнүндө айтуу менен Кудайдын жүрөгүн кубанткан жаштар тууралуу айтылат (2 Падышалар 5:1—3; Матай 21:15, 16; Лука 2:42, 46, 47).

d Айрым ысымдар өзгөртүлдү.