Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөнүү үлпөтү кантип өткөрүлөт?

Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөнүү үлпөтү кантип өткөрүлөт?

 Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөнүү үлпөтү көп учурда жөнөкөй өткөрүлөт. Ыйык Китепке негизделген кыскача баяндама үйлөнүү үлпөтүнүн негизги бөлүгү болуп саналат. Андан кийин чакан той өткөрүлүшү мүмкүн. Тойго келгендер тамак-аштан даам сызып, көңүл ачышат a. Иса пайгамбар да жердеги кызматынын башында Каана деген шаарда өткөрүлгөн үйлөнүү тоюна барган (Жакан 2:1—11).

 Үйлөнүү үлпөтү кандай өткөрүлөт?

 Үйлөнүү үлпөтүндө баш кошуп жаткандарга арналган баяндама айтылат. Баяндама 30 мүнөткө созулат. Аны Жахабанын Күбөлөрүнүн бири айтат. Жылуу сезимдерди тартуулаган ал баяндамада Ыйык Китептеги кеңештердин турмуш кургандарга коломто отун өчүрбөгөнгө, сүйүүсүн ысык сактаганга жана бактылуу болгонго кандайча жардам берери баса белгиленет (Эфестиктер 5:33).

 Көптөгөн өлкөлөрдө айрым Жахабанын Күбөлөрүнө никени каттаганга өкмөт тарабынан укук берилет. Андай жерлерде баяндаманын аягында болочок жубайлар бири-бирине убада беришет. Ошондой эле бири-бирине шакек салышы мүмкүн. Андан соң алардын никесин каттаган ишенимдешибиз аларды күйөөсү, аялы деп жарыялайт.

 Башка өлкөлөрдө болсо никенин мамлекеттик мекемеде катталышы талап кылынат. Андайда жубайлар никесин үйлөнүүгө арналган баяндамага чейин каттатышат. Эгер колукту менен күйөө убадасын мамлекеттик мекемеде айткан эмес болсо, баяндаманын соңунда айтышса болот. Ал эми убадасын айтышкан болсо, аны өткөн чакта кайталап коюшса болот. Аягында баяндамачы Кудайдан жаңы үйлөнгөн жубайларга бата беришин сурап тиленет.

 Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөнүү үлпөтү каякта өткөрүлөт?

 Көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү үйлөнүү үлпөтү үчүн, эгер бош болсо, Падышалык залын тандашат b. Ал эми той боло турган болсо, аны башка жерден өткөрүшөт.

 Кимдер катыша алат?

 Эгер үйлөнүү үлпөтү Падышалык залында өткөрүлө турган болсо, ага баары: Жахабанын Күбөлөрү да, Жахабанын Күбөсү эместер да бара алат. Той бере турган болсо, кимдерди чакырарын жубайлар өздөрү чечет.

 Кандай кийинип барыш керек?

 Падышалык залында өткөрүлө турган үйлөнүү үлпөтүнө кандай кийиниш керектигине байланыштуу белгилүү бир талаптар коюлбайт. Ошентсе да Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептеги кеңешке карманып, башкаларды урматтагыдай жана өздөрүнө өтө эле көңүл бурдурбагыдай кийинишет. Башкалардын да ошондой кийинип келгенине абдан ыраазы болушат (1 Тиметей 2:9). Эгер жубайлар той өткөрө турган болсо, тойго бара тургандардан да Ыйык Китептеги принциптерге ылайык кийиниши күтүлөт.

 Баш кошкондорго белек берилеби?

 Ыйык Китеп бизди берешен болууга чакырат (Забур 37:21). Жахабанын Күбөлөрү белек бергенден да, белек алгандан да кубаныч алышат (Лука 6:38). Ошондой эле башкалар тойго белек алып келиши керек деп эсептешпейт. Же белек алып келгендердин атын айтып, жарыялашпайт (Матай 6:3, 4; 2 Корунттуктар 9:7; 1 Петир 3:8). Мындай кылуу Ыйык Китепке карама-каршы келгенден тышкары, конокторду оңтойсуз абалга калтырат.

 Тост айтылабы?

 Жок. Жахабанын Күбөлөрү тост сүйлөшпөйт. Себеби тост сүйлөө салты жалган диний ырым-жырымдардан келип чыккан c. Жахабанын Күбөлөрү баш кошуп жаткан жаштарга каалоо-тилектерин башкача жол менен айтышат.

 Чачыла чачылабы?

 Жок. Айрым жерлерде турмуш жолуна аттанган жаш жубайларга күрүч, момпосуй же дагы башка ушул сыяктуу нерселерди чачышат. Ошентишсе, жубайларды ийгилик коштойт, бакты-таалайлуу болот жана узак өмүр сүрүшөт деп ишенишет. Бирок Жахабанын Күбөлөрү ырым-жырымдар менен байланышы бар мындай жөрөлгөлөрдү кылышпайт. Анткени бул Кудайга эмес, ийгиликке үмүт артканга барабар болуп калмак. Ал эми ал Ыйык Китептеги принциптерге карама-каршы келет (Ышая 65:11).

 Тамак-аш, ичимдик берилеби?

 Падышалык залында өткөрүлгөн үйлөнүү үлпөтүндө тамак-аш, ичимдик берилбейт. Айрым жубайлар той өткөрүүнү чечишет. Ал жерде тамак-аш, таттуу-паттуу берилет (Насаатчы 9:7). Эгер алар дасторконго ичимдик коюуну чечишсе, анын чеги менен болушуна кам көрүшөт. Жашы жете электерге ичимдик берилбейт (Лука 21:34; Римдиктер 13:1, 13).

 Музыка, бий болобу?

 Айрым жубайлар үйлөнүү тоюнда музыка, бийлер болушун каалашат (Насаатчы 3:4). Алардын кандай музыка тандаары маданиятынан, өздөрүнө кандай музыка жагарынан көз каранды болот. Ошол эле учурда меймандарга жагымдуу боло турган музыканы тандашат. Ал эми Падышалык залында өткөрүлгөн үйлөнүү үлпөтүндө Ыйык Китепке негизделген музыка коюлат.

 Жахабанын Күбөлөрү үйлөнгөн күнүн белгилешеби?

 Ыйык Китепте үйлөнгөн күндү белгилөөгө тыюу салган же колдогон принциптер жок болгондуктан Жахабанын Күбөлөрү ал күндү белгилөөнү же белгилебөөнү өздөрү чечишет. Эгер белгилейбиз дешсе, өздөрүнчө же достору, туугандары менен чогуу белгилесе болот.

a Үйлөнүү үлпөтүнө байланыштуу каада-салттар, жөрөлгөлөр жана мамлекеттик мыйзамдар ар кайсы өлкөдө ар кандай болушу мүмкүн.

b Баяндама айткан ишенимдешибиз эч кандай акы албайт. Падышалык залы үчүн да акча төлөнбөйт.

c Тост сүйлөө салтынын келип чыгышы тууралуу бул адабияттарда талкууланат: «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла», 154-б., 19, 20-абз.; «Күзөт мунарасы», 2007-жыл, 15-февраль, «Окурмандардын суроолору», ор.