Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Кыжырың келгенде жакшы сапатын изде

Кыжырың келгенде жакшы сапатын изде
  •   Сага туруп-туруп эле оюңа келгенди кылган жагат. Ал эми өмүрлүк жарың баарын алдын ала пландаштырып кылганды жакшы көрөт.

  •   Сен ичиңдегини көп айтпаган, тынчтыкты сүйгөн, токтоо кишисиң. Түгөйүң болсо той-топурду жакшы көргөн, ачык-айрым киши.

 Өмүрлүк жарыңдын кайсы бир сапаты кыжырыңды келтиреби? Эгер ошого эле көңүл топтой берсең, нике түйүнүнө доо кетиши мүмкүн. Ыйык Китепте: «Айыпты... эскерте берген жакын досторду бөлөт»,— деп бекеринен айтылган эмес (Накыл сөздөр 17:9).

 Өмүрлөшүңдүн кыжырыңды келтирген кайсы бир сапатынан улам уруш-талаш чыгаргандын ордуна, балким, ошол сапатынын жакшы жактарын байкаганга аракет кылып көрөттүрсүң.

Бул макалада:

 Кыжырың келгенде жакшы сапатын изде

 Түгөйүңдүн кыжырыңа тийген сапаты анын сен баалаган, суктанган сапаты болушу мүмкүн. Буга үч ишенимдешибиздин төмөндө айткан сөздөрү мисал боло алат:

 «Күйөөм такыр шашпайт. Бир жакка барарда да жай-баракат жүрүп алат. Бирок ал баарын шашпай кылгандыктан аябай чыдамдуу. Менин да көп нерсеме чыдайт. Анын шашпай жүрүп алганына кээде кыжырым келсе да, так ошонусун жакшы көрөм» (Челси).

 «Келинчегим ар бир нерсени майда-чүйдөсүнө чейин пландаштырат. Ал баарын көзөмөлдөп турушу керек. Мени болсо бул кыжырдантат. Бирок, чынын айтсам, мунун жакшы да жагы бар. Ал баарын ийне-жибине чейин ойлонуштургандыктан, эч нерсе көз жаздымда калып калбайт» (Кристофер).

 «Мага күйөөм бардык нерсеге кайдыгер карагандай сезилет. Ошон үчүн кыжалат боло берем. Бирок сүйлөшүп жүргөндө анын бардык нерсени шашпай, акыл токтотуп кылганы аябай жаккан. Анын стресске кабылткан жагдайларда дүрбөлөңгө түшпөй, өзүн кармай билгенине суктанам» (Даниелла).

 Челси, Кристофер жана Даниелла өмүрлүк жарынын кайсы бир сапатынын күчтүү да, алсыз да жагы бар экенин баамдаганга үйрөнүшкөн. Ушундай жагдайларда, тыйындын бир бетин ыргытып жибере албагандай эле, кайсы бир сапаттын да күчтүү жагын алып калып, алсыз жагын ыргытып жибере албайбыз.

 Албетте, кээ бир сапаттардын жакшы жагы жок. Алсак, Ыйык Китепте айрымдардын «ачууга алдырганга» жакын экени айтылат (Накыл сөздөр 29:22) Андайлар «ар кандай жаалдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн... арылганга» a бүт күчүн жумшашы керек (Эфестиктер 4:31).

 Ал эми түгөйүңдүн кайсы бир сапаты жөн эле кыжырыңды келтирип жатса, анда Ыйык Китептеги: «Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болгула»,— деген кеңешке ылайык иш кыл (Колосалыктар 3:13).

 Мындан сырткары, ошол сапаттын жакшы жагын тапканга аракет кыл. Балким, экөөң үйлөнө элек кезде сага анын так ошол сапаты жаккандыр. Жозеф деген киши: «Жубайыңдын кыжырданткан сапатына көңүл топтой бергениң бриллианттын курч кырын байкап, бирок анын кооздугуна көңүл бурбай койгонго окшош»,— дейт.

 Талкуулоо үчүн суроолор

 Алгач төмөнкү суроолорду өз алдыңарча карап чыккыла. Андан соң жоопторуңарды чогуу талкуулагыла.

  •   Сенин оюңча, өмүрлүк жарыңда чыр-чатактын чыгышына себеп болгон сапат барбы? Бар болсо, ал эмне болгон сапат?

  •   Ал чындап эле жаман сапатпы же сага эле жакпайбы?

  •   Ошол сапаттын жакшы жагы барбы? Бар болсо, кандай жакшы жагы бар? Өмүрлүк жарыңдын ал сапатын эмне үчүн баалайсың?