Мазмунун көрсөтүү

«Ата-энеңди сыйла» деген эмнени билдирет?

«Ата-энеңди сыйла» деген эмнени билдирет?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте: «Ата-энеңди сыйла»,— деген осуят көп жолу жазылган (Чыгуу 20:12; Мыйзам 5:16; Матай 15:4; Эфестиктер 6:2, 3). Бул өз ичине төрт нерсени камтыйт.

  1.   Баалоо. Ата-энеңдин кылып жаткандарынын баарына ыраазы болсоң, аларды сыйлаганыңды билдиресиң. Ошондой эле алардын кеп-кеңешин бааласаң, аларды урматтаарыңды көрсөтөсүң (Накыл сөздөр 7:1, 2; 23:26). Ыйык Китепте ата-эне балдарынын «көркү» экени айтылат. Биз да ушундай көз карашта болушубуз керек (Накыл сөздөр 17:6).

  2.   Баш ийүү. Өзгөчө, кичинекей чакта ата-энеңе баш ийишиң керек. Бул бийликти аларга Кудай берген. Колосалыктар 3:20да балдарга мындай кеңеш берилет: «Балдар, бардык жагынан ата-энеңердин тилин алгыла, анткени бул Теңирге жагат». Атүгүл Иса да бала кезинде ата-энесинин тилин алган (Лука 2:51).

  3.   Урматтоо. (Лебилер 19:3; Еврейлер 12:9). Аларга эмнени, кантип айтып жатканыңа көңүл бур. Албетте, айрым ата-энелер кээде туура эмес иштерди кылышат. Андайда аларды урматташ кыйынга турат. Бирок ошондой болсо да балдар ата-энесин сыйлашы керек. Балдар сөзү менен да, иши менен да ата-энесин сыйлабастыкка жаткан нерселерди кылбашы керек (Накыл сөздөр 30:17). Ыйык Китепте ата-энесине тил тийгизүүнүн олуттуу күнөө экени айтылат (Матай 15:4).

  4.   Кам көрүү. Ата-энең карып калганда кам көрүүгө муктаж болушу мүмкүн. Аларды зарыл нерселер менен камсыз кылуу үчүн бүт күчүңдү жумшашың керек (1 Тиметей 5:4, 8). Иса пайгамбар жакшы үлгү калтырган. Ал өлөр алдында апасын шакиртине табыштап, кам көрүшүн суранган (Жакан 19:25—27).

Ата-энени сыйлоого байланыштуу жаңылыш түшүнүк

 Жаңылыш түшүнүк. Ата-энеңе үй-бүлөңө кийлигишишине жол берсең, аларды сыйлаганыңды көрсөтөсүң.

 Чындык. Ыйык Китепте жубайлар үчүн нике түйүнү туугандар менен болгон мамиледен жогору турушу керектиги айтылат. Башталыш 2:24тө: «Ошондуктан эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот»,— деп жазылган (Матай 19:4, 5). Албетте, жубайлар ата-энесинин, кайната-кайненесинин кеңештерине кулак кагуудан пайда алышат (Накыл сөздөр 23:22). Бирок алар ортодогу мамилесине туугандарынын канчалык деңгээлде кийлигишерине байланыштуу чек коюну туура көрүшү мүмкүн. Мындай кылганга алардын укугу бар (Матай 19:6).

 Жаңылыш түшүнүк. Ата-энеге кыңк этпей баш ийиш керек.

 Чындык. Кудай ата-энеге үй-бүлөдө кандайдыр бир деңгээлде бийлик кылууга укук берген. Бирок бардык адамдардын бийлиги чектелүү. Эч ким Кудайдыкындай бийликке ээ боло албайт. Мисалы, жогорку сот Иса пайгамбардын шакирттеринен Кудайга баш ийбөөнү талап кылганда, алар: «Биз адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек»,— деп жооп беришкен (Элчилер 5:27—29). Ошо сыяктуу эле, Кудайдын мыйзамдарына каршы келбесе, балдар ата-энесине «Теңирдин эркине ылайык» баш ийишет (Эфестиктер 6:1).

 Жаңылыш түшүнүк. Ата-энең туткан динди тутсаң, аларды сыйлаганыңды көрсөтөсүң.

 Чындык. Ыйык Китепте мурда окуп-билгендерибиздин чын-төгүнүн текшерип көрүшүбүз керектиги айтылат (Элчилер 17:11; 1 Жакан 4:1). Ушундай кылган адам жыйынтыгында ата-энеси туткан динден башка динди тутууну чечиши ыктымал. Ыйык Китепте Кудайга берилгендикте кызмат кылган көптөгөн адамдардын, анын ичинде Ыбрайым пайгамбардын, элчи Пабылдын, Рут деген аялдын ата-энесинин динин тутпай, башка динди тандаганы айтылат (Жашыя 24:2, 14, 15; Рут 1:15, 16; Галатиялыктар 1:14—16, 22—24).

 Жаңылыш түшүнүк. Ата-энеңди сыйласаң, ата-бабаларыңды аздектеп, аларга сыйынууга байланыштуу каада-салттарга карманыш керек.

 Чындык. Ыйык Китепте: «Кудайың Жахабага сыйын, ага гана ыйык кызмат кыл»,— деп жазылган (Лука 4:8). Ата-бабаларына сыйынган адам Кудайдын ырайымына ээ болбойт. Андан сырткары, Ыйык Китепте өлгөндөрдүн «эч нерсе билбей» турганы айтылган. Өлгөндөр алардын урматына багышталып кылынган нерселердин эч бирин сезбейт. Ошондой эле тирүүлөргө жардам бере да, зыян келтире да албайт (Насаатчы 9:5, 10; Ышая 8:19).