Иса пайгамбар адам болуп тирилди беле же периште болуп тирилди беле?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Ыйык Китепте Исанын «адам катары өлүп, кайра рух катары тирилгени» айтылат (1 Петир 3:18; Элчилер 13:34; 1 Корунттуктар 15:45; 2 Корунттуктар 5:16).
Иса пайгамбардын сөздөрүнөн ал тирилгенде денеси кадимки адамдыкындай болмок эместигин көрүүгө болот. Ал денесин бүт адамзат үчүн кун катары берерин айткан (Жакан 6:51; Матай 20:28). Эгер Иса адам болуп тирилсе, ал төлөгөн кундун баасы жоголмок. Бирок мындай болгон эмес, себеби Ыйык Китепте ал денесин кун катары «түбөлүккө» бергени айтылат (Еврейлер 9:11, 12).
Иса пайгамбар периште болуп тирилген болсо, шакирттери аны кантип көрө алышкан?
Периштелер адам кейпин кие алышат. Алсак, байыркы убакта периштелер адам болуп көрүнүп, адамдар менен чогуу тамактанышкан (Башталыш 18:1—8; 19:1—3). Бирок алар рухий жаратуу бойдон эле калган жана кайра эле периштеге айланып, асманга кете алышкан (Бийлер 13:15—21).
Тирилгенден кийин Иса, байыркы убактагы периштелерге окшоп, адам кейпин кие алган. Бирок рух катары күтүлбөгөн жерден пайда болуп, кайра жок болуп кете алган (Лука 24:31; Жакан 20:19, 26). Ал ар кандай учурда ар башка киши болуп көрүнгөндүктөн, атүгүл жакын достору да аны сүйлөгөнүнөн, кылган ишинен гана тааный алышкан (Лука 24:30, 31, 35; Жакан 20:14—16; 21:6, 7).
Бир жолу Иса шакирттери отурган бөлмөдө пайда болуп, Томас деген шакиртине денесиндеги жарааттарын көрсөткөн. Ал муну Томастын ишенимин бекемдеш үчүн кылган, себеби Томас анын тирилгенине шектенип жаткан болчу (Жакан 20:24—29).