Мазмунун көрсөтүү

Өзүмдү күнөөлүү сезе берем. Эмне кылсам болот?

Өзүмдү күнөөлүү сезе берем. Эмне кылсам болот?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте өзүбүздү күнөөлүү сезе бербеш үчүн эмне кылышыбыз керектиги жазылган (Забур 32:1—5). Эгер туура эмес иш кылып алып, бирок чындап өкүнсөк, Кудай бизди кечирет жана жеңилдегенге жардам берет (Забур 86:5). Ыйык Китептен билгенибиздей, кээде өзүбүздү күнөөлүү сезгендин жакшы жагы бар. Андай сезим бизге оңолгонго жана туура эмес ишти кайталабаш үчүн бүт күч-аракетибизди жумшаганга түрткү берет (Забур 51:17; Накыл сөздөр 14:9). Ошол эле учурда Ыйык Китеп өзүбүздү ашкере айыптай бербегенге чакырат. Мисалы, өзүбүздү өтө эле жемелеп, Кудайдын алдында татыксыз, оңолгус адамдай көрбөшүбүз керек. Эгер ошенте берсек, «кайгыга чөгүп кетишибиз» мүмкүн (2 Корунттуктар 2:7).

 Өзүбүздү күнөөлөй берүүнүн себеби эмнеде?

 Мунун бир нече себеби бар. Биз жакын адамыбыздын көңүлүн оорутуп алгандыктан же кылышыбыз керек болгон нерселерди кылбай калгандыктан өзүбүздү күнөөлүү сезишибиз ыктымал. Кээде өзүбүздү негизсиз эле жемелей беребиз. Маселен, бийик талаптарды коюп алып, аларга жетпей калганда көңүлүбүз чөгүшү этимал. Ошон үчүн Ыйык Китеп бизди өзүбүздөн өтө көптү күтпөгөнгө үндөйт (Насаатчы 7:16).

 Эмне кылсам болот?

 Өзүңөрдү жемелей берсеңер, тушалып каласыңар. Анын ордуна, жагдайды оңдош үчүн колуңардан келгендин баарын кылгыла. Ан үчүн...

  •   Катаңарды моюнга алгыла. Жахаба a Кудайдан тиленип, кечирим сурагыла (Забур 38:18; Лука 11:4). Эгер кечирим сурап, чындап өкүнсөңөр жана катаңарды кайталабаганга аракет кылсаңар, ал силерди угарынан шектенбесеңер болот (2 Жылнаама 33:13; Забур 34:18). Кудай силердин эч ким көрө албаган ички дүйнөңөрдү көрүп турат. Оңолгонго бүт күчүңөрдү жумшап жатканыңарды көргөндө «Кудай ишенимдүү, адил болгондуктан» күнөөлөрүңөрдү кечирет (1 Жакан 1:9; Накыл сөздөр 28:13).

     Бирок, албетте, эгер кимдир бирөөнү таарынтып алсаңар, кемчилигиңерди моюнга алып, чын жүрөктөн кечирим сурагыла. Бул оңойго турбайт. Ан үчүн кайраттуулук, момундук керек болушу мүмкүн. Ошентсе да чын дилден кечирим сураганыңардын эки чоң пайдасы бар: үстүңөрдөн оор жүк түшкөндөй жеңилдеп каласыңар. Ошондой эле силер таарынтып алган адам менен кайрадан жакшы мамиледе болосуңар (Матай 3:8; 5:23, 24).

  •   Кудайдын ырайымдуулугу жөнүндөгү аяттар тууралуу ой жүгүрткүлө. Мисалы, 1 Жакан 3:19, 20-аяттарды карап көрөлү. Ал жерде «жүрөгүбүз бизди... айыптай» турганы айтылган. Башкача айтканда, өзүбүздү жей беришибиз, алсак, Кудайдын сүйүүсүнө татыксыз адаммын деп ойлой беришибиз мүмкүн. Бирок 20-аятта: «Кудай жүрөгүбүздөн чоң»,— деп да айтылган. Бул эмнени билдирет? Кудай биздин кандай инсан экенибизди эң сонун билет. Сезимдерибизди, алсыздыктарыбызды жакшы түшүнөт. Ошондой эле жеткилеңсиз болгондуктан туура эмес иштерди кылганга жакын экенибизди b эске алат (Забур 51:5). Ошон үчүн чын жүрөктөн өкүнүп жаткан адамды эч качан четке какпайт (Забур 32:5).

  •   Өткөн күн менен жашабагыла. Ыйык Китепте мурда туура эмес иштерди кылып жүргөн, бирок кийин өзгөргөн көп эркек-аялдар жөнүндө айтылат. Алардын бири кийин элчи Пабыл деп белгилүү болуп калган тарстык Шабыл болгон. Фарисей болгон кезинде Иса Машаяктын жолдоочуларын ырайымсыздык менен куугунтуктаган (Элчилер 8:3; 9:1, 2, 11). Кийин ал Кудайга жана Машаякка каршы чыгып жүргөнүн түшүнгөн. Ошондо өкүнүп жаман жолунан бурулган да, Кудайдын ишенимдүү кызматчысы болуп калган. Элчи Пабыл мурда кылган жаман иштерин эстеп жаман болсо керек. Ошентсе да өткөн күн менен жашаган эмес. Кудайдын ага көрсөткөн зор ырайымын баалагандыктан ал ага ынталуулук менен кызмат кылган. Түбөлүк өмүргө болгон үмүтүн да көңүлүнүн борборунда сактаган (Филипиликтер 3:13, 14).

 Өзүн күнөөлүү сезүүгө жана кечиримдүүлүккө байланыштуу Ыйык Китептеги аяттар

 Забур 51:17: «Оо, Кудай, сен жараланган, кыйналган жүрөктү четке какпайсың».

 Мааниси: Кудай анын жүрөгүн оорутканына чын жүрөктөн өкүнгөндөрдү четке какпайт. Ал аларга ырайым кылат.

 Накыл сөздөр 28:13: «Кылмыштарын жашырган киши ийгиликке жетпейт, ал эми мойнуна алып, аларды таштаганга ырайым кылынат».

 Мааниси: Күнөөлөрүбүздү Кудайга ачык айтып, жаман жолубуздан бурулсак, ал бизди кечирет.

 Жеремия 31:34: «Мен алардын кылмышын кечирем, күнөөсүн экинчи эстебейм».

 Мааниси: Кудай бизди кечирген соң, күнөөлөрүбүздү кайрадан эстете бербейт. Ал биротоло кечирет.

a Жахаба — Кдуайдын ысымы (Чыгуу 6:3).

b Адам Атадан тукум кууп өткөн күнөөнүн айынан төрөлгөнүбүздөн тартып эле жаман иш кылганга жакын келебиз. Ал Обо эне экөө Кудайга каршы күнөө кылып, жеткилеңдиктен айрылып калышкан. Мунун кесепетинде алардын урпактары да ошондой жашоодон кол жууп калышкан (Башталыш 3:17—19; Римдиктер 5:12).