Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азиздердин жашоосу

Азиздердин жашоосу

«Төрөлгөндө эле көзүмө күчтүү дарыларды тамчылаткандыктан дээрлик көрбөй калгам. Өспүрүм кезимде болсо көзүмдөн биротоло айрылып, депрессияга батып кеткем» (Паки, күйөөсү да азиз аял).

СОКУРЛУККА же көрүүнүн өтө начарлашына көп нерсе, анын ичинде жаракат алуу же кандайдыр бир оору себеп болушу мүмкүн. Андайда көрүү нервдерине же мээге доо кетет. Дээрлик же такыр көрбөй калгандар адатта өздөрүнүн абалына моюн сунгусу келбейт, аларды кайгы жана коркунуч каптайт. Анткен менен көптөр андай сезимдер менен күрөшкөндү үйрөнүп, жашоодон канааттануу алууда.

Адам көбүнчө айлана-чөйрөгө байланышкан маалыматты көзү аркылуу алат. Ал эми көзүнөн ажырагандар маалыматты угуу, жыт билүү, туюу жана даам татуу сезими аркылуу гана алып калышат.

«Сайентифик америкэн» журналындагы бир макалага ылайык, бир изилдөөдөн мээнин ар кандай шарттарга ылайыкташып, «функцияларын өзгөртө» алары аныкталган. Макалада: «Мээ кайсы бир сезим аркылуу маалымат ала албай калса, шартка ылайыкташып, башка сезимдерди күчөтөрүн көптөгөн фактылар ырастап турат»,— делген. Келгиле, ошол сезимдерге токтололу.

Угуу. Ар кандай үндөр, атүгүл басканда чыккан дабыштар адамга кандайдыр бир нерсени элестеткенге шарт түзөт. Фернандо деген азиз киши: «Мен башкаларды үнүнөн, атүгүл баскандагы дабышынан тааныганды үйрөндүм»,— дейт. Ал эми Хуан болсо: «Азиз адамдар башкаларды үнүнөн тааныйт»,— дейт. Ошондой эле алар баарыбыздай болуп эле ар кандай сезимдерди билдирген үндүн тонуна аябай маани беришет.

Жакшы өрчүгөн угуу жөндөмү көзү көрбөгөндөргө айланасындагы нерселер жөнүндө көп маалымат берет: алар дабыштардын жардамы менен машинелердин кайсы багытта жүрүп баратканынан тартып бөлмөнүн көлөмүнө жана кайсы бир нерселердин каякта турганына чейин аныктай алышат.

Жыт билүү. Жыт билүү сезиминин жардамы менен эмне жыттанып жатканын билүүдөн тышкары дагы башка көп нерсени билүүгө болот. Маселен, бир жакка бараткан азиз кишиге кафе-ресторандардан, дүкөндөрдөн жана башка ушу сыяктуу жерлерден келген жыттар акылында карта түзүүгө жардам берет. Ал картаны жолундагы тааныш дабыштар жана туюла турган нерселер толуктайт.

Туюу сезими. «Менин колум — менин көзүм»,— дейт Франсиско. Сокурлардын «көзүн» курчураак кылган — алардын таякчасы. Тубаса сокур Менасес бала чагынан таякчаны колдонууну үйрөнгөн. Ал: «Мага каякта баратканымды билүүгө башка сезимдерим, эс тутумум жана жолумдагы таякчага урунган нерселер жардам берет»,— дейт.

Брайл арибиндеги «Күзөт мунарасы» журналын окучу

Азиздер туюу сезиминин аркасында Брайл арибиндеги адабияттарды да окуй алышат. Бүгүнкү күндө андай адамдарга жан дүйнөсүн байытууга, ошондой эле Кудайды таанып-билүүгө жардам бере турган каражаттар көп. Аларга, Брайл арибиндеги адабияттардан тышкары, аудио жаздыруулар жана компьютердик технологиялар кирет. Алардын жардамы менен көзү көрбөгөндөр Ыйык Китепти жана аны изилдегенге жардам берген адабияттарды окуй алышат *.

Ушундай адабияттар макаланын башында айтылган Паки менен анын жолдошуна жубанууга жана келечекке үмүт байлоого жардам берген. Ошондой эле аларга Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү жыйналышындагылар бир үй-бүлөдөй колдоо көрсөткөн. «Биз азыр кандайдыр бир деңгээлде башкалардан көз каранды болбой, бактылуу жашап жатабыз»,— дейт Паки.

Көзү көрбөгөндөрдүн жагдайы өзгөчө, алардын кыйынчылыктары да айырмаланат. Алардын ушунун баарына карабай жашоодон кубаныч алып жатканы — адамдын жагдайга ылайыкташууга жөндөмдүү экенинин эң сонун далили!

^ 10-абз. Жахабанын Күбөлөрүнүн Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген Брайл арибиндеги адабияттары 25тен ашуун тилде чыгат.