Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Диндин күнү бүттүбү?

Диндин күнү бүттүбү?

Түркияда төрөлгөн Жафардын жүрөгүн анын дининде Кудай адамдарды ырайымсыздык менен жазалайт деп окутканы өйүй берчү. Келинчеги Хедие да 9 жашында эле туткан дининин тууралыгына шектене баштаган экен. Ал мындай дейт: «Бизди адамдын тагдыры маңдайга жазылат деп үйрөтчү. Мен жетим болгондуктан: „Кайсы күнөөм үчүн?“ — деп Кудайга нааразы болуп, түнү бою ыйлап чыккан күндөрүм болгон. 15 жаштарымда болсо диниме ишенбей калгам».

БАЛКИМ, силер да динге ишенбей калгандырсыңар. Көптөгөн өлкөлөрдө андай адамдардын саны өсүүдө. Мындай көрүнүш «Диндин келечеги кандай болот?» деген суроону туудурууда. Келгиле, айрым өлкөлөрдөгү абалга токтололу.

Эмне үчүн көптөр динден алыстоодо?

Адамдардын диндерден көңүлү калышына көп нерселер себеп болот. Мисалы, динге болгон көз карашка диндер шыкак болгон же колдогон зордук-зомбулук, террорчулук, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка байланыштуу диний жетекчилердин катыштыгы бар чыр-чатактар жана анча байкала бербеген башка факторлор таасир этүүдө. Эмесе, аларды карап чыгалы.

  • Материалдык абалдын жакшырышы. «Дин жана атеизмдин дүйнөлүк индексинде»: «Адам байыган сайын, динчил болбой баштайт»,— делген. Бул сөздөр эске аларлык, себеби азыркы тапта көп өлкөлөрдө элдин материалдык абалы бир топ жакшырды. Экономика профессору Жон Най айрым өлкөлөрдөгү адамдардын азыркы жашоо шартына «мындан 200 жыл мурун жашаган падышалар көз артмактыгын» айткан.

    ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Ыйык Китепте «акыркы күндөрдө» адамдар Кудайга жана жакындарына караганда акчаны, ырахатты көбүрөөк сүйөрү алдын ала айтылган (2 Тиметей 3:1—5). Байлык кишинин Кудайга болгон ишенимине терс таасир этиши мүмкүн экенин билген бир пайгамбар Кудайдан: «Мени жакыр да, бай да кыла көрбө... Ашыра тоюп алып, сенден баш тартпайын»,— деп тиленген (Накыл сөздөр 30:8, 9).

  • Диний каада-салттар жана адеп-ахлактык. Көптөр, өзгөчө, жаштар диний каада-салттарга кармануу азыркы заманга бап келбейт деп эсептешет. Башкаларынын болсо динден көңүлү калган. «Чиркөөдөгүлөрдүн кылымдар бою жасап келген иштерин карай турган болсок, көптөр аларды адеп-ахлактуулуктун үлгүсү катары эсептебей калгандыктан чиркөөгө барбай калышкан»,— дейт Шотландиянын гуманисттик коомунун кызматкери Тим Макваер.

    ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Иса Машаяк жалган диндерге байланыштуу: «Аларды иштеринен билесиңер... Ар бир жакшы дарак жакшы жемиш берет, жаман дарак болсо жаман жемиш берет»,— деп эскерткен (Матай 7:15—18). «Жаман жемишке» диндердин саясатка аралашканы жана гомосексуализм сыяктуу Кудайга жакпаган иштерди колдогону кирет (Жакан 15:19; Римдиктер 1:25—27). Ошондой эле Ыйык Китептеги туура окууларды маани-маңызы жок жөрөлгөлөргө жана каада-салттарга алмаштырганын да «жаман жемиш» деп айтууга болот (Матай 15:3, 9). Иса Машаяк бир элчисине: «Койлорумду бак»,— деген (Жакан 21:17). Муну менен ал башкаларды Кудай жөнүндө окутуп-үйрөтүү жана аларга кам көрүү маанилүү экенин баса белгилеген. Бирок бүгүнкү күндө көптөгөн диний жетекчилер бул буйрукка ылайык иш кылбагандыктан, көптөр ошондой жардамдан өксүп келишет.

  • Дин жана акча. «Пю» изилдөө борборунун билдирүүсүнө ылайык, көптөргө диндер акчага өтө көп басым жасашкандай сезилет. Анысы аз келгенсип, айрым диний кызматтагылар карапайым элден айырмаланып бай жашашат. Алсак, чиркөөгө баргандардын көбү эптеп күн көрүп жаткан Германиянын бир шаарында чиркөө жетекчисине байлыкка тунуп жашаганы үчүн айып тагылган. Анын дүнүйөкорлугу көптөгөн жергиликтүү католиктердин нааразычылыгын туудурган. Ал эми «100 миллиондой киши күнүнө бир еврого жетпеген акчага күн көрүп жаткан» Нигерияда, «Гео» журналына ылайык, «айрым диний жетекчилердин майкөл-сүткөл жашаганы көйгөйлөрдү туудура баштады».

    ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Элчи Пабыл: «Биз... Кудайдын сөзүн сатып пайда көрбөйбүз»,— деген (2 Корунттуктар 2:17). Ал 1-кылымдагы Иса Машаяктын жолдоочуларынын арасында көрүнүктүү кызматчы болсо да, башкаларга жүк болбой, өзүн өзү камсыз кылыш үчүн иштеген (Элчилер 20:34). Ал Иса Машаяктын: «Бекер алдыңарбы, бекер бергиле»,— деген буйругуна баш ийген (Матай 10:7, 8).

Иса Машаяктын ушул сөздөрүнө ылайык, Жахабанын Күбөлөрү башкаларга адабияттарды бекер беришет жана Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам бергени үчүн акча алышпайт. Ошондой эле алардын жыйналыштарында эч кандай акча чогултулбайт. Алардын жүргүзгөн иши ыктыярдуу жеке тартуулардын эсебинен каржыланат (Матай 6:2, 3).

Көптөрдүн динден алыстаары алдын ала айтылган!

Мындан бир нече жыл мурун эле диндердин азыркыдай абалын элестетүү кыйын болчу. Бирок Кудай ушундай болорун көрө билип, Ыйык Китепке жаздыртып койгон. Ыйык Китепте Кудайга берилгендигин сактабаган жалган диндердин баары «Улуу Бабыл» деп аталган каймана маанидеги сойку аял катары сүрөттөлгөн (Аян 17:1, 5).

Жалган диндер Кудайга берилгендей көрүнүп, такыбаалыгын жар салганы менен, бийликке жана байлыкка ээ болуш үчүн дүйнөнүн башкаруучулары менен сойку аял сыңары «бузуктук кылууда» (Аян 18:9). Ал сойку аялга «Бабыл» деген ат бекеринен коюлган эмес. Себеп дегенде жандын өлбөстүгү, үчилтик деген сыяктуу диний окуулар жана окультизм менен байланышкан диний каада-салттар жалган диндердин жана ырым-жырымдардын чордону болгон байыркы Бабыл (Вавилон) шаарынан келип чыккан (Ышая 47:1, 8—11) *.

Бабыл шаары аны коргоп турган суулар — шаарды тегерете курчап турган Эфрат (Евфрат) дарыясынын суусу — «какшып калганда» кыйратылган (Жеремия 50:1, 2, 38). Мадайлыктар менен персиялыктардын аскерлери шаарга кирип барып, аны бир түндүн ичинде эле басып алышкан (Даниел 5:7, 28, 30).

Улуу Бабыл да «көп суулардын үстүндө отурат». Ыйык Китепте ал суулар «элдерди, сүрмө топторду» — жалган динди колдогон миллиондогон адамдарды — билдирери айтылат (Аян 17:1, 15). Ыйык Китепте каймана маанидеги ал суулардын да какшый турганы алдын ала айтылган. Бул болсо Улуу Бабылдын тез аранын ичинде кыйрай турганынын жышааны болуп эсептелет (Аян 16:12; 18:8). Улуу Бабылды ким кыйратат? Өзүнүн эле саясий шериктери. Алардын ага болгон сүйүүсү жек көрүүгө айланат. Алар анын каймана маанидеги этин жешет, башкача айтканда, байлыгын талап-тоношот (Аян 17:16, 17) *.

Бабыл шаарынын тегерегиндеги суулардын соолуганы Улуу Бабылдан көптөгөн адамдардын чыгарын билдирген

«Андан чык»

Улуу Бабыл кыйратыла турган убакка аз калгандыктан Кудай: «Элим, анын күнөөлөрүнө ортоктош болуп, ал кабыла турган балээлерге кабылбашың үчүн, андан чык»,— деп эскертет (Аян 18:4). Ооба, Кудай, макаланын башында айтылган Жафар менен Хедиеге окшоп, Кудайдан алыстаткан жалган окуулардан көңүлү калган, бирок Кудайга жаккысы келгендерге жардам берүүнү каалайт.

Ыйык Китепти изилдей электе Жафарга Кудайга баш ийүүгө негизинен коркуу сезими түртчү. Ал мындай дейт: «Кудайдын негизги сапаты сүйүү экендигин жана ага биринчи кезекте аны сүйгөндүктөн баш ийишибизди каалаарын билгенде жеңилдей түшкөм» (1 Жакан 4:8; 5:3). Ал эми Хедие Кудай анын жетим болушун маңдайына жазбаганын билгенде жеңилдеп калган. Аны Кудай адамдарды жамандык менен сынабай турганы жазылган Жакып китебинин 1-бөлүмүнүн 13-аяты сыяктуу аяттар жубаткан. Жафар менен Хедие Ыйык Китептеги чындыкты таанып-билгенден кийин Улуу Бабылдан чыккан (Жакан 17:17).

Кудайга «ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйыныш» үчүн Улуу Бабылдан чыккандар, ал кыйратылганда, эч кандай зыянга учурашпайт (Жакан 4:23). Алар азыр, «деңиз сууга толгондой, жер Жахаба жөнүндөгү билимге толо» турган заманды күтүп жатышат (Ышая 11:9).

Жалган дин сөзсүз жок кылынат, анын «жемиши» болгон зыяндуу иштери да токтойт, себеби Кудай «жалган сүйлөбөйт» (Тит 1:2). Ал эми чыныгы дин түбөлүккө өркүндөп өсөт!

^ 16-абз. «Улуу Бабыл», өлгөндөрдүн абалы, Кудайдын табияты, окультизм жөнүндө Ыйык Китепте эмне делерин билиш үчүн «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген китепти карагыла. Китеп www.mt711.com/ky сайтында да бар.

^ 18-абз. Ушул журналдагы «Ыйык Китепте эмне делет?» деген рубрикадагы «Дүйнөнүн акыры» деген макаланы карагыла.