Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Математиканы cемичкедей чаккан өсүмдүктөр

Математиканы cемичкедей чаккан өсүмдүктөр

КҮН нурунан энергия бөлүп алып, өздөрүнө керектүү азык заттарды пайда кылыш үчүн өсүмдүктөр фотосинтез процессин колдонушат. Бирок айрым түрлөрүн изилдегенден кийин алардын дагы башка укмуштуудай жөндөмдүүлүгү бар экени: түнкүсүн ошол азыгын кандай ылдамдык менен «жеш» керектигин эсептеп алары аныкталган.

Көңүл бурсаңар: Күндүз өсүмдүктөр абадагы көмүр кычкыл газын жана сууну крахмал менен канттарга айлантышат. Ал эми түнкүсүн азыктануу жана өсүү процесси токтобошу үчүн өсүмдүктүн көптөгөн түрлөрү күндүз топтогон крахмалы менен азыктанышат. Болгондо да, өтө тез да эмес, өтө жай да эмес — эң туура ылдамдыкта азыктанышат. Натыйжада кайрадан азык топтоого убакыт келгенде, азыгынын 95тей пайызын жеп койгон болушат.

Бул ачылыштар кайчы гүлдүүлөр тукумундагы бир өсүмдүк (Arabidopsis thaliana) менен тажрыйбаларды жүргүзгөндө жасалган. Окумуштуулар ал өсүмдүктүн өзүнүн азыгын, таң канча сааттан кийин атпасын — 8, 12 же 16 сааттан кийинби — түндүн узактыгына жараша бөлүштүрүп аларын аныкташкан. Демек, ал өсүмдүк топтолгон крахмалдын өлчөмүн таң атканга чейин канча убакыт калганына жараша бөлүштүрүп, аны кандай ылдамдыкта «жеш» керектигин аныктап алат.

Өсүмдүктөр аларда канча крахмал бар экенин кантип билишет? Убакытты кантип эсептешет? Эсеп жүргүзүүгө кайсы механизм жардам берет? Бул суроолорго кийинки изилдөөлөр жооп бериши мүмкүн.

Кандай деп ойлойсуңар? Өсүмдүктөрдүн математикалык жөндөмдүүлүгү эволюциянын натыйжасында пайда болгонбу? Же алар ошондой болуп жаратылганбы?