Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азыр өзүм сыйынган Кудайды билем

Азыр өзүм сыйынган Кудайды билем

Бир жолу биз окуган элүүнчү күнчүлөрдүн мектебине элди айыктыра алат деп белгилүү болгон бир киши келди. Ал мага колун тийгизгенде, эстен танып, кулап калдым. Эсиме келгенде, эңсеп келген нерсеге, кишилерди айыктыра турган күчкө, ээ болгонумду сездим. Эмесе, мунун кандайча болгонун, жашоомо кандай таасир эткенин айтып берейин. Алгач өзүмдөн баштайын.

МЕН Филиппиндеги Илокос Норте деген жерде 1968-жылы 10-декабрда жарык дүйнөгө келгем. Он баланын жетинчисимин. Филиппиндиктердин көпчүлүгүндөй эле, биз католик динин тутчубуз. 1986-жылы орто мектепти бүтүргөм. Медайым болгум келчү. Бирок катуу ооруп калып, ал максатымды ишке ашыра алган жокмун. Ден соолугум ушунчалык начарлап кеткендиктен, өлөт окшоймун деп ойлогом. Аябай кыйналганда Кудайга жалбарып кайрылып, эгер айыгып кетсем, өмүр бою ага кызмат кыларымды айтып убада бергем.

Бир канча убакыт өткөндөн кийин ооруман айыгып, Кудайга берген убадамды эстедим. Ошондуктан 1991-жылы июнь айында элүүнчү күнчүлөрдүн мектебине кирдим. Ал мектепте окугандар ыйык рух аркылуу берилген белектерге ээ боло алышат дешчү. Мен адамдарды айыктыра турган күчкө ээ болгум келчү. Мектепте бизди андай күчкө ээ болуш үчүн орозо кармап, Кудайга кайрылып тиленүү зарыл деп окутушчу. Менде Кудайдын ыйык руху аркылуу берилген белек бар деп башкаларды таасирлентким келчү. Бир жолу классташым тиленүү маалында бир бурчка туруп алып, Кудайга үн чыгарып кайрылып жатканда, анын жанына акырын барып, айтып жаткандарын уктум да, ал тиленип бүтө электе, өзүм тизелеп тиленип жаткан ордума барып калдым. Анан ага Кудайдан эмнелерди сураганын айтып бергенимде, ал менде Кудайдын ыйык руху аркылуу берилген белек бар экен деп ишенип калган!

Мектепте окуп жүргөндө көп суроолорго жооп алгым келчү. Мисалы, Ыйык Китептеги Матай китебинин 6-бөлүмүнүн 9-аятында «Ата» жана анын «ысмы» жөнүндө айтылат. Мен: «Иса айткан Ата ким? Кимдин ысмы ыйыкталышы керек?» — деп ойлончумун. Агайларым берген суроолорума так-айкын жооп бере алган эмес; жооп берсе да, айткандары түшүнүксүз болчу. Алар Троица жөнүндө айтып берип, аны терең сыр деп айтышкан. Ал окууну түшүнө албай, башым маң болгон. Бирок мен пастор болом деп мектептен билим ала бердим.

Жахабанын Күбөлөрү менен таанышышым

Мектептен бизди Жахабанын Күбөлөрү жалган диндердин эң эле жаманы деп үйрөтүшчү. Аларды Машаяктын душмандары деп да айтышчу. Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрүн жек көрүп калгам.

Мектепке киргенден кийинки жылы каникул учурунда ата-энемдикине бардым. Кармен деген бир тууган эжем келгенимди угуп, мени менен учурашканы келди. Ал Кудайга толук убакыт кызмат кылган Жахабанын Күбөсү болчу. Эжем мага Кудай жөнүндө айтып берейин дегенде, мен аябай каарданып: «Мен өзүмдүн Кудайымды билем!» — деп айттым. Эжеме ачууланып, ага катуу кыйкырып, түртүп жибердим. Ошондон кийин аны менен такыр сүйлөшпөй койдум.

Мектепке кайтып баргандан кийин Кармен мага «Троицага ишенүү керекпи?» * деген китепче жибериптир. Мен ал китепчени бырыштырып, өрттөп салдым. Анткени эжеме дагы эле ачууланып жүргөм.

Пастор болуп кызмат кылышым

Мектепте окуп жүргөндө айрым адамдарды өзүмдүн диниме киргизген болчумун. Апам менен агама элүүнчү күнчүлөргө кошулууга жардам бере алганыма өзгөчө сыймыктанчумун.

1994-жылы март айында элүүнчү күнчүлөрдүн Ыйык Китеп боюнча билим берген мектебин бүтүрдүм. Баянымдын башында айтканымдай, биз мектепти бүтүрүп жаткан убакта мектепке элүүнчү күнчүлөрдүн элди айыктыра алат деп белгилүү болгон бир мүчөсү келди. Анын элди айыктыра ала турган күчү бар экенин билгендиктен анын жанынан чыкпай калдык. Аны менен чогуу сахнага чыгып, секирип, музыканын коштоосунда кол чаптык. Ал бүтүрүүчүлөрдүн ар бирине кол тийгизе баштаганда, алар «рух менен өлтүрүлүп» *, жерге жыгыла башташты. Кезеги мага келгенде, мен да эсимди жоготуп, жерге жыгылдым. Эсиме келгенде, менде коркунуч болду. Бирок адамдарды айыктыра ала турган күчкө ээ болгонумду сезип, аябай кубандым.

Ошондон көп өтпөй эти катуу ысып, кыйналып жаткан бир кичинекей кызды айыктырдым. Кудайга кайрылып тиленгенимде, кыз ошол замат тердеп, эти ысыбай калды. Ошондо мен Кудайга берген убадамды аткарып жатам деп ойлогом. Бирок баары бир мага бир нерсе жетишпей жаткандай сезиле берчү. Бир эле Кудай бар экенине ишенчүмүн, бирок анын ким экенин билчү эмесмин. Өзүм барып жүргөн чиркөөнүн окууларынын чындык экенине да шек санай берчүмүн.

Эти катуу ысып, кыйналып жаткан бир кичинекей кызды айыктырдым

Ой жүгүртүүмдүн өзгөрүшү

Эжем менен жолуккандан кийин Жахабанын Күбөлөрүн ого бетер жек көрө баштадым. Алар чыгарган адабияттар колума тийип калганда өрттөп салчумун. Бир күнү апамдын Кармен менен Ыйык Китепти изилдеп жүргөнүн билдим. Апам Ыйык Китепти изилдейт деп такыр ойлогон эмесмин. Анын элүүнчү күнчүлөрдүн дининен чыгарын билгенимде жаман болуп, эжеме аябай ачуум келди.

Бир күнү апамдын үйүндө жүргөндө «Ойгонгула!» деген журналды таап алдым. Адатта, Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын отко таштап салчумун. Бирок ошол жолкусунда апам эмнени окуп жатат болду экен деп, журналды барактай баштадым. Журналдан өзүнүн чиркөөсүнүн окууларына бекем карманган бир кишинин өмүр баянына кызыгып, окуп калдым. Ал киши Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарында жазылгандарды Ыйык Китепте жазылгандар менен салыштырып, Троица, тозок оту, жандын өлбөстүгү жөнүндөгү окуулардын Ыйык Китепке карама-каршы келерин түшүнүптүр. Ал киши жөнүндө окуганда жүрөгүм козголду. Мен дал ошол нерселер тууралуу чындыкты билгим келчү. Ошондон кийин Ыйык Китепте жазылгандарды окуп, түшүнгүм келе баштады.

«Ойгонгула!» журналынан мурда көп ичкен, баңги зат колдонуп жүргөн бир кишинин Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында оңолгонун окугандан кийин Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын окуй баштадым. Бир жолу «Кудайдын ысмы түбөлүк турат» * деген китепчени таап алып, андан Кудайдын ысмы Жахаба экенин билдим. Жалгыз чыныгы Кудай жөнүндө чындыкты билгенде ушунчалык кубандым! (Мыйзам 4:39; Жеремия 10:10).

Жалгыз чыныгы Кудай жөнүндө чындыкты билгенде ушунчалык кубандым!

Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын жашыруун окуп жүрдүм. Ал адабияттардан Ыйык Китепте жазылган көп нерселерди билдим. Мисалы, элүүнчү күнчүлөрдүн мектебинде Исаны Кудай деп окутушчу, бирок Ыйык Китептен анын «тирүү Кудайдын Уулу» экенин билдим (Матай 16:15, 16).

Жүрөгүмдүн өзгөрүшү

Кармен менен кийинки жолу жолукканда андан «Кудайдын ысмы түбөлүк турат» деген китепчени жана Жахабанын Күбөлөрүнүн башка адабияттарын сурадым. Буга ал аябай таң калды. Элүүнчү күнчүлөрдүн мектебинде көп жыл окуганым менен Кудай жөнүндөгү чындыкты билген эмесмин. Мен, мындайча айтканда, караңгылыкта жүрүптүрмүн. Ошол чындыкты билгенде жүрөгүм кубанычка бөлөндү. Ошондо Иса Машаяктын: «Силер чындыкты таанып-билесиңер. Чындык силерди эркин кылат»,— деген сөздөрүнүн калетсиздигине ынандым (Жакан 8:32). Ошентип, Ыйык Китепте жазылгандар жашоомду өзгөртө баштады.

Ыйык Китепте жазылгандар жашоомду өзгөртө баштады

Бир канча убакытка чейин мен Жахаба Кудайга сыйынып, ошол эле учурда пастор да болуп кызмат кыла алам деп ойлоп жүрдүм. Көп өтпөй элге элүүнчү күнчүлөрдүн окуткан нерселерин үйрөткөнүм туура эмес болуп каларын түшүндүм. Бирок: «Пастор болбой калсам, кантип жан багам? Жахабанын Күбөсү болсом, чиркөөдөгүлөр эмне дейт?» — деп коркчумун. Ошондуктан пастор болуп кызмат кыла бердим, бирок элге чиркөөнүн жалган окууларын үйрөтчү эмесмин.

Кармен менен дагы бир жолу көрүшкөнүмдө, ал мага Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына барып көрүүнү айтты. Мен кээде Лаоаг шаарындагы чиркөөгө барып кызмат кылчумун. Бир жолу ал жерге барганда Жахабанын Күбөлөрүнүн сыйынуу жайы болгон Падышалык Залын издеп-таап, алардын жыйналышына жашыруун барып келдим. Ал жерден Кудайга толук убакыт кызмат кылган Альма Пресиоза Вилиярин деген аял менен тааныштым. Ишенимдештери аны Прешес деп коюшчу. Жахабанын Күбөлөрүн дагы эле жаман көрүп жүрсөм да, ал аял мага Ыйык Китепти изилдөөнү сунуш кылганда, макул болдум.

Ыйык Китептеги чындыкты кабыл алууга жардам бериш үчүн эжем мага чыдамдуулук менен мамиле кылды. Прешес да мага Ыйык Китептеги чындыкты түшүнгөнгө чыдамдуулук менен жардам берди. Кыжырданып, аны менен талашып-тартышып, өзүмдүкүн бербей, катуу сүйлөп алган учурларымда ал дайыма сабырдуу болчу. Прешес менен башка Күбөлөрдүн мага чын дилден көңүл бурганы, жылуу-жумшак мамиле кылганы, момун болгону жүрөгүмдү козгоду. Алардын ушундай мамилеси мага Жахаба Кудайга кызмат кылганга түрткү берди.

Кудайга жагыш үчүн пастор болуп кызмат кылбашым керектигин түшүнүп, ал кызматты 1995-жылы июль айында токтоттум. Анткени Ыйык Китептеги Аян китебинин 18-бөлүмүнүн 4-аятында жалган дин тууралуу мындай деп жазылган: «Элим, анын күнөөлөрүнө ортоктош болуп, ал кабыла турган балээлерге кабылбашың үчүн, андан чык». Пастор болбой калсам, өзүмдү кантип камсыз кылам деп коркчумун. Бирок Ыйык Китептен Кудайдын анын эркин аткаргандарды эч качан калтырбасын, аларды эч убакта таштабасын билдим (Еврейлер 13:5).

Атам менен агам мага катуу каршылык көрсөтүштү. Мен каршылыктарга карабай, Жахабанын Күбөсү болуш үчүн пастор болуп кызмат кылганда колдонгон үйүмдөгү буюмдарымдын баарын өрттөдүм. Ошондон кийин элди айыктырып жүргөн күчүмдүн жок болуп кеткенин сездим. Мурда уктап жатканда бир нерсе басып, кыйнала берчүмүн. Кийин андай болбой калды. Терезеден көзүмө бир нерселер көрүнө берчү, кийин көрүнбөй калды. Ыйык Китепти окуй баштагандан кийин адамдарды айыктыруу сыяктуу ыйык рух аркылуу берилген жөндөмдүүлүктөрдүн баары Кудайдан эмес, жин-перилерден экенин түшүндүм. Элчи Пабыл ичинен «көзү ачыктык кылдыруучу жинди» кууп чыгарган кыздай болуп, жин-перилер менен байланышпай калганыма аябай кубангам (Элчилер 16:16—18).

1996-жылы сентябрь айында апам экөөбүз Жахабанын Күбөсү болгонубузда кубанычым койнума батпай сүйүнгөнүмдү айтпа. Андан кийин Кудайга көп жыл бою толук убакыт кызмат кылып жүрдүм.

Кийин Сильвер деген жигитке турмушка чыктым. Азыр экөөбүз кызыбызды Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык тарбиялаганга аракет кылып жатабыз. Бир туугандарымдын арасынан эки эжем менен бир сиңдим Жахаба Кудайга кызмат кылышат. Көп жыл бою чыныгы Кудайды билбей жүргөнүмө аябай өкүнөм, бирок өзүмдү бактылуу деп эсептейм. Анткени азыр өзүм сыйынган Кудайды билем.

^ 10-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган. Учурда басылбайт.

^ 13-абз. Айрым диндерде Кудайга ишенген адамдарга ыйык рух түшөт деп ишенишет. «Рух» адамга ушунчалык чоң күч менен түшүп, аны жерге кулатканда, андай адамды «рух менен өлтүрүлдү» дешет.

^ 18-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.