Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай аялзатынын кадыр-баркын сыйлайт

Кудай аялзатынын кадыр-баркын сыйлайт

ИСА пайгамбар жерде кызмат кылып жүргөн убакта адамдар менен мамилелешкенде Кудайдын сапаттарын чагылдырып, дайыма анын эркине ылайык келген иштерди кылган. Ал: «Өз алдымча эч нерсе кылбай турганымды, Атам кандай үйрөтсө, ошондой сүйлөөрүмдү билесиңер... Мен ар дайым ага жакканды кылам»,— деген (Жакан 8:28, 29; Колосалыктар 1:15). Андыктан анын аялдарга жасаган мамилесинен, аялдарга болгон көз карашынан Кудайдын аялзатына кандай караарын билүүгө болот.

Инжилде жазылгандарды окуп-изилдеген айрым окумуштуулар Иса пайгамбардын аялзатына болгон көз карашынын ошол убактагы адамдардын көз карашынан кыйла айырмаланганын айтышкан. Анын көз карашы эмнеси менен айырмаланган? Баарынан маанилүүсү, анын окуулары аялзатына өздөрүн басынтылгандай сезбегенге жардам бере алабы?

Иса пайгамбар аялзатына кандай мамиле кылган?

Иса пайгамбар аларды жыныстык катнаш үчүн эле керек деп эсептеген эмес. Жүйүттөрдүн айрым диний жетекчилери карама-каршы жыныстагы адам менен мамилелешүү бузуктук кылганга алып барышы мүмкүн деп эсептешкен. Ошол убактагы адамдар аялдар азгырык болот деп коркушкандыктан, аялдарга коомдук жайларда эркектер менен сүйлөшкөнгө же сыртка жүзүн жаппай чыкканга тыюу салынган. Ал эми Иса пайгамбар аялдарды азгырык деп эсептеген эмес. Ал эркектерди жыныстык каалоолорун башкара билгенге, ошондой эле аялдарды элден бөлбөй, кадыр-баркын сыйлаганга үндөгөн (Матай 5:28).

Андан сырткары, Иса пайгамбар: «Аялы менен ажырашып, башкага үйлөнгөн киши биринчи аялына каршы ойноштук кылган болот»,— деп айткан (Марк 10:11, 12). Бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, Иса пайгамбар ошол учурдагы элге диний мыйзамдарды үйрөткөн устаттардын эркекке аялы менен «ар кандай себеп боюнча» ажырашканга болот деген окуусун колдогон эмес (Матай 19:3, 9). Жүйүт эркектеринин көбүнө анын айткандары өөн учураган. Себеби Мыйзамды үйрөткөн устаттар, аялы өзү ишенимсиздик кылбаса, күйөөсү эч качан ойноштукка барбайт деп окутушкан. Ошондуктан, Ыйык Китепте жазылгандарды түшүндүргөн бир эмгекте жазылгандай, Иса пайгамбар «адеп-ахлактуу болуу аялдардан эле эмес, күйөөлөрдөн да талап кылынарын айтып, аял кишинин кадыр-баркын көтөргөн».

Анын окууларынын бүгүнкү күндөгү жолдоочуларына тийгизген таасири. Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарында эже-карындаштар эркектер менен эркин пикирлеше алышат. Алар жыйналыштагы эркектер аларга орунсуз мамиле кылат деп коркушпайт. Себеби Иса пайгамбардын жолун жолдогон эркектер «улуураак аялдарды энесиндей», «кыз-келиндерди эже-карындаштарындай» көрүп, аларга «бийик адеп-ахлактуулук менен» мамиле кылышат (1 Тиметей 5:2).

Иса пайгамбар аял кишилерди окутуп-үйрөткөн. Мыйзамды үйрөткөн устаттардын кеңири таралган көз карашынын айынан аялдар билим ала алган эмес. Иса пайгамбар болсо аялдарды да окутуп-үйрөтүп, аларды өз оюн айтканга үндөгөн. Мисалы, бир жолу Мариям деген аялдын эжеси Марта Иса пайгамбардын айткандарын укканга чолосу тийбей, конок камын көрүп, түйшүктөнүп жатканда, ал ага кылып жаткан ишин таштап, Кудай жөнүндө билим алганы жакшы болмоктугун айткан. Анын ошондо Мартага айткан сөздөрү аялзатынын казан-аяктан башы чыкпай, жалаң эле үй-тиричилик менен алек болушу керек эмес экенин көрсөтүп турат (Лука 10:38—42). Марта ошондой эле Иса пайгамбардын айтып бергендеринен көп нерсе билген. Муну анын бир тууганы Лазар өлгөндө Иса пайгамбардын суроосуна эмне деп жооп бергенинен байкоого болот (Жакан 11:21—27).

Иса пайгамбар аялдардын оюн билгенге да кызыкдар болгон. Ал жашаган убактагы жүйүт аялдары сыймыктана тургандай уулуң болсо, өзгөчө, пайгамбар боло турган уулуң болсо, бактылуу болосуң деп эсептешчү. Ошол себептен бир жолу бир аял Иса пайгамбарга: «Сени курсагына көтөрүп, эмизген эне бактылуу!» — деген. Ошондо Иса пайгамбар адамды эмне чындап бактылуу кыларын айткан (Лука 11:27, 28). Ал аялга балалуу болуудан алда канча жогору турган нерсе, тактап айтканда, Кудайга баш ийүү адамды чындап бактылуу кыларын айткан (Жакан 8:32).

Анын окууларынын бүгүнкү күндөгү жолдоочуларына тийгизген таасири. Иса пайгамбардын жолдоочуларынын жыйналышындагы жетекчиликти колго алган эркектер эже-карындаштардын жыйналыш жолугушууларында берген жоопторун баалашат. Алар сөзү менен да, иши менен да «башкаларды жакшылыкка үйрөткөн» улгайган аялдарды кадырлап-сыйлашат (Тит 2:3). Ошондой эле эже-карындаштардын Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялай ала турганына ишенишет (Забур 68:11; 9-беттеги  «Элчи Пабыл аялдарга сүйлөгөнгө тыюу салды беле?» деген кутучаны карагыла.)

Иса пайгамбар аялзатына кам көргөн. Байыркы убакта жашаган элдер кыздарына караганда уулдарын көбүрөөк жакшы көрүшкөн. Муну Талмудда жазылгандар ырастап турат. Ал жерде: «Уулдары барлар бактылуу, кыздары барларга кайгы»,— деп жазылган. Ошол учурдагы ата-энелердин айрымдары кыздарын оор жүктөй көрүшкөн. Себеби алар кыздарына күйөө таап, себин бериши керек болчу. Ошондой эле карыганда кыздары келип карайт деп үмүттөнүшкөн эмес.

Иса пайгамбар эркек балдардын өмүрү канчалык баалуу болсо, кыздардын да өмүрү ошончолук баалуу экенин көрсөткөн. Алсак, Наин шаарынан болгон бир жесир аялдын уулун, ал эми Жайыр деген кишинин кызын тирилтип берген (Марк 5:35, 41, 42; Лука 7:11—15). Бир жолу «он сегиз жылдан бери ооруп жүргөн» бир аялды айыктыргандан кийин Иса пайгамбар аны «Ыбрайымдын кызы» деп атаган. Жүйүт кол жазмаларында мындай сөздөр дээрлик кезикпейт (Лука 13:10—16). Иса пайгамбар ал аялга анын кадыр-баркын көтөргөн, жүрөк жылыткан сөздөрдү айтып, анын башка адамдардай эле кадыр-баркы бар инсан экенин көрсөткөндөн тышкары, Кудайга бекем ишенгендиги үчүн мактаган (Лука 19:9; Галатиялыктар 3:7).

Анын окууларынын бүгүнкү күндөгү жолдоочуларына тийгизген таасири. Азиялык бир элде: «Кызды чоңойтуп-өстүрүү кошунанын багын сугарганга барабар»,— деген макал бар. Кудайдан корккон камкор аталар мындай көз карашты жакташпайт. Алар балдарына, эркек болобу, кыз болобу, бирдей кам көрүшөт. Иса пайгамбардын жолун жолдогон ата-энелер эркек балдарынын да, кыздарынын да тийиштүү түрдө билим алышына, ден соолугунун чың болушуна кам көрүшөт.

Иса пайгамбар аялдарга ишенген. Жүйүттөрдүн сотунда аялдын күбөлүгү кулдун күбөлүгүнө тете болгон. 1-кылымда жашаган Иосиф Флавий деген тарыхчы мындай деген: «Аялдар жеңил ойлуу, алардын акылы жок, ошондуктан алардын күбөлүгүнө ишенүүгө болбойт».

Ал эми Иса пайгамбар анын тирилгенин шакирттерине айтууга аялдарды тандаган (Матай 28:1, 8—10). Анын өлүмгө кыйылып, мүрзөгө коюлганын ал ишенимдүү аялдар деле көрүшкөн болчу. Бирок элчилер ал аялдардын айткандарына оңой эле ишенип калышкан эмес (Матай 27:55, 56, 61; Лука 24:10, 11). Ошондой болсо да Иса пайгамбар тирилгенден кийин биринчи аялдарга көрүнүп, алардын, башка шакирттердей эле, күбөлүк бере аларын көрсөткөн (Элчилер 1:8, 14).

Анын окууларынын бүгүнкү күндөгү жолдоочуларына тийгизген таасири. Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарында жетекчиликти колго алган эркектер аялдардын айткандарын эске алып, аларды урматтап-сыйлашат. Иса пайгамбардын жолун жолдогон күйөөлөр аялдарын кунт коюп угуп, аларга «урмат көрсөтүшөт» (1 Петир 3:7; Башталыш 21:12).

Ыйык Китептеги принциптер аялзатын бактылуу кылат

Иса пайгамбардан үлгү алган күйөөлөр аялдарын кадырлап-сыйлашат жана алардын Кудай берген эркиндигин чектешпейт (Башталыш 1:27, 28). Ошондой эле өздөрүн аялдардан жогору коюшпайт. Алар Ыйык Китепте жазылган мыйзам-принциптерге ылайык иш кылып, аялдарын бактылуу кылганга аракет кылышат (Эфестиктер 5:28, 29).

Ыйык Китепти изилдеп жүргөн Елена деген бир келин күйөөсүнөн запкы жеп, анын катаал мамилесине чыдап келген. Анын жолдошу кыздарды ала качуу, күйөөсүнүн аялына кол көтөргөнү боло жүргөн нерсеге айланып калган, зордук-зомбулук өкүм сүргөн жерде чоңойгон. Елена мындай дейт: «Ыйык Китептен билгендерим мага дем-күч берди. Андан мени абдан жакшы көргөн, баалаган, мага кам көргөн бирөө бар экенин билдим. Ошондой эле жолдошум да Ыйык Китепти изилдесе, анын мага жасаган мамилеси өзгөрмөктүгүн түшүндүм». Еленанын тилеги орундалып, жолдошу Ыйык Китепти изилдей баштаган. Убакыттын өтүшү менен жолдошу өзүн Кудайга арнап, Жахабанын Күбөсү болгон. «Жолдошум ачуусун тыя билип, сабырдуу боло баштады,— дейт Елена.— Биз бири-бирибизди айкөлдүк менен кечиргенге үйрөндүк». Елена кандай жыйынтыкка келген? Ал: «Ыйык Китептеги принциптер мага өзүмдү керектүүдөй, коргой турганы бар адамдай сезгенге жардам берди»,— дейт (Колосалыктар 3:13, 18, 19).

Елена Ыйык Китептеги принциптерди колдонуп, бактылуу болуп жашап жаткан адамдардын бири гана. Иса пайгамбардын жолун жолдогон миллиондогон аялдар күйөөлөрү менен чогуу Ыйык Китептеги принциптерди колдонуп, бактылуу жашап жатышат. Ал аялдар ишенимдештеринин арасында урмат-сыйга татып, эркиндикке ээ болууда (Жакан 13:34, 35).

Иса пайгамбардын жолун жолдогон аялдар да, эркектер да күнөөнүн жана жеткилеңсиздиктин айынан бүт адамдар «курулай убаракерчиликке» баш ийип жатканын түшүнүшөт. Алар мээримдүү Жаратканыбыз Жахаба Кудай менен ынак мамиледе болушса, «жок болуу кулчулугунан бошонуп, Кудайдын уулдары катары даңктуу эркиндикке чыгарына үмүттөнө» алышат. Аялдарды да, эркектерди да кандай сонун келечек күтүп турат! (Римдиктер 8:20, 21).