Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга жакындагыла

«Элдер менин Жахаба... экенимди билишет»

«Элдер менин Жахаба... экенимди билишет»

СИЛЕРДИ кайсы бир кылмышка күнөөлүү деп ак жерден айыпташса, кандай сезимде болот элеңер? Ал кылмыштын айынан көптөгөн бейкүнөө адамдардын жапа чеккенин билсеңер, эмне кылат элеңер? Ак жерден караланып жатканыңарды далилдегенге аракет кылмаксыңар, чынбы? Жахаба Кудайга да ушу сыяктуу жалган айып тагылган. Бүгүнкү күндө көптөр дүйнөдө болуп жаткан адилетсиздикке, азап-кайгыга Кудай күнөөлүү дешет. Кудай аны ушинтип каралап жатышканына кандай карайт? Айыптын жалган экенин далилдеш үчүн кандайдыр бир иш-аракет кылабы? Сөзсүз иш-аракет кылат. Келгиле, Ыйык Китептеги Жезекиел китебинде жазылган сөздөрдү карап чыгалы. (Окугула: Жезекиел 39:7.)

Жахаба Кудай: «Ыйык ысмымдын булганышына жол бербейм»,— деген. Адамдар адилетсиздикке Кудай күнөөлүү деп анын ысмын каралап жатышат. Кандайча? Ыйык Китепте «ысым» деген сөз көбүнчө абройду билдирет. Бир эмгекте Кудайдын ысмы «анын ким экенин, башкача айтканда, анын өзү жөнүндө ачып бергендерин, атак-даңкын» билдирери айтылат. Жахаба Кудайдын ысмы анын кандай Кудай экенин, анын касиет-сапаттарын да билдирет. Кудай адилетсиздикке кандай карайт? Ал адилетсиздикти жек көрөт. Ошондой эле адилетсиздиктен улам азап чегип жаткан адамдарга боору ооруйт * (Чыгуу 22:22—24). Андыктан эгер биз Кудай жек көргөн нерселерге, мисалы, адилетсиздикке ал жооптуу дей турган болсок, ага тил тийгизип, анын ысмын «жек көргөн» болобуз (Забур 74:10).

Көңүл бурчу нерсе, Жахаба Кудай «ыйык ысмым» деген сөздөрдү эки жолу айткан (7-аят). Ыйык Китепте Жахабанын ысмы жөнүндө айтылган аяттарда анын ысмы «ыйык», «ыйыктык» деген сөздөр менен чогуу көп кездешет. «Ыйык» деген сөз бөлүнгөн дегенди билдирет, ошондой эле өз ичине тазалыкты, аруулукту да камтыйт. Жахабанын ысмы ыйык, себеби ал ысым менен аталган Кудай ыйык. Жахаба Кудай ыпылас, таза эмес нерселердин баарынан алыс. Ошондуктан жамандыктын баарына Жахаба Кудай күнөөлүү дегендер анын «ыйык ысмына» акарат кылган болот.

Жахаба Кудай ага жалган жалаа жабылганын өзүнүн Падышалыгы аркылуу далилдейт. Ыйык Китепте, негизинен, ушул жөнүндө айтылат. Жезекиел китебинде Кудайдын: «Менин Жахаба экенимди билишет»,— деген сөздөрү бир нече жолу баса белгиленет (Жезекиел 36:23; 37:28; 38:23; 39:7). Анын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, элдер кааласа да, каалабаса да Кудайдын «Жахаба экенин билишет». Башкача айтканда, Кудай ысмы Жахаба экенин, өзүнүн Эгедер Теңир экенин, ысмы ыйыктыкты, аруулукту, тазалыкты билдирерин элдер түшүнгүдөй иш-аракет кылат.

Ыйык Китепте бир нече жолу айтылган: «Элдер менин Жахаба... экенимди билишет»,— деген сөздөр адилетсиздиктин, азап-кайгынын жок болорун күтүп жаткандарга үмүттөнүүгө негиз берет. Жахаба Кудай жакында ал убадасын аткарып, өзүнүн ысмын ыйыктайт. Ал жамандыкты жана жамандык кылгандардын баарын жок кылат, ал эми анын ысмын жана ысмынын маанисин билгендерди, ысмын урматтагандарды аман алып калат (Накыл сөздөр 18:10). Бул силерге «адилеттикти сүйгөн» Жахабага, ыйык Кудайга, кантип жакындаса болорун билгенге түрткү бербейби? (Забур 37:9—11, 28).

СЕНТЯБРДА ЫЙЫК КИТЕПТИ ОКУУ:

Жезекиел 39Даниел 3

^ 4-абз. «Күзөт мунарасы» (ор.) журналынын 2008-жылдын 1-ноябрдагы санына чыккан «Кудайга жакындагыла» деп аталган рубрикадагы «Жахаба адилеттикти сүйөт» деген макаланы карагыла.