Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЫЙЫК КИТЕПТИН КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

Канткенде кызыктуураак болот?

Канткенде кызыктуураак болот?

Ыйык Китепти окуу кызыктуу же кызыксыз болору кантип окуганыңардан көз каранды. Эмесе, канткенде аны рахаттанып окуй аларыңарды карап көрөлү.

Так, түшүнүктүү котормо. Эгер татаал же эскирген сөздөр колдонулган мааниси түшүнүксүз маалыматты окусаңар, рахат аларыңар күмөн. Ошондуктан жүрөгүңөргө жетиш үчүн түшүнүктүү, бирок ошол эле учурда так которулган Ыйык Китепти тандаганыңар абзел *.

Заманбап технология. Бүгүнкү күндө Ыйык Китеп басма түрүндө эле эмес, санарип түрүндө да бар. Айрым Ыйык Китептерди онлайн окуса же компьютерге, планшетке, чөнтөк телефонго жүктөп алса болот. Ушундай Ыйык Китептерде кайсы бир темага байланышкан аяттарды бири-бири менен салыштырууга, ал тургай башка котормолордо кантип берилгенин салыштырууга шарт түзгөн кошумча функциялар бар. Эгер окуганга караганда укканды жакшы көрсөңөр, айрым тилдерде Ыйык Китептин аудио түрүндөгүсү да бар. Көптөр аны жол жүргөндө, үй иштерин же башка нерсе кылып жатканда укканды жакшы көрүшөт. Андыктан өзүңөргө ылайыктуусун тандасаңар болот.

Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген куралдар. Аларды колдонуунун аркасында Ыйык Китепти окуу кызыктуураак болот. Ал куралдардын арасында Ыйык Китепте айтылган жерлердин карталары бар. Алар силер окуп жаткан окуя кайсы жерде болгонун билүүгө жана элестетүүгө жардам берет. Ушул журналдагыдай же jw.org/ky сайтыбыздагы «Ыйык Китептеги окуулар» деген куржундагыдай макалалар Ыйык Китепте жазылгандардын маанисин түшүнүүгө көмөк кылат.

Ар түрдүү ыкма. Эгер Ыйык Китепти башынан аягына чейин окуп чыгуу кыйындай сезилсе, өзүңөргө жаккан китебинен баштап көргүлө. Ыйык Китептеги кайсы бир белгилүү кишилер жөнүндө билгиңер келсе, алар жөнүндө жазылган китептерди окуп көргүлө. Ал үчүн « Ыйык Китептен бул инсандар жөнүндө окуп көргүлө» деген кутучаны колдонсоңор болот. Же, балким, Ыйык Китепти кайсы бир тема боюнча же окуялардын өрчүү тартиби боюнча окуп көрөттүрсүңөр.

^ 4-абз. Көптөр Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» так, түшүнүктүү жана окуганга жеңил деп эсептешет. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган ал котормо 130дан ашуун тилде бар. Аны jw.org/ky сайтынан жүктөп алсаңар же JW Library программасын жүктөп алсаңар болот. Эгер кааласаңар, Жахабанын Күбөлөрү үйүңөргө басма түрүн алып келип бере алышат.