9-БӨЛҮМ
Жахабага үй-бүлөңөр менен сыйынгыла
«Асман менен жерди... жаратканга сыйынгыла» (Аян 14:7).
Бул китепчеден билгениңердей, Ыйык Китепте өзүңөргө жана үй-бүлөңөргө жардам бере турган көптөгөн принциптер бар. Жахаба бактылуу болушуңарды каалайт. Эгер анын эркин аткарууну биринчи орунга койсоңор, өзү убада кылгандай, жашоого зарыл нерселердин баарын берет (Матай 6:33). Жахаба силердин аны менен дос болушуңарды каалайт. Андыктан ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп, анын жакын досторунан болууга умтулгула. Бул — абдан зор сыймык! (Матай 22:37, 38).
1 ЖАХАБА МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕҢЕРДИ БЕКЕМДЕГИЛЕ
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «„Мен силерге ата болом, силер менин уул-кыздарым болосуңар“,— дейт Кудурети Күчтүү Жахаба» (2 Корунттуктар 6:18). Жахаба кызматчылары менен тыгыз мамиледе болгусу келет. Аны менен ынак болуш үчүн тиленишибиз керек. Жахаба бизди «үзгүлтүксүз тиленүүгө» чакырат (1 Тесалоникалыктар 5:17). Жүрөгүңөрдөгү ой-сезимдериңерди, кыйынчылыктарыңарды айтып жатканда, ал кунт коюп угат (Филипиликтер 4:6). Эгер үйдөгүлөрүңөр менен чогуу тиленсеңер, алар силердин Кудайга бекем ишенериңерди көрүшөт.
Кудайга ичиңердегини айткандан сырткары, анын айткандарын да угушуңар керек. Ан үчүн Ыйык Китепти, ага негизделген адабияттарды изилдегиле (Забур 1:1, 2). Окугандарыңар тууралуу ой жүгүрткүлө (Забур 77:11, 12). Жыйналыш жолугушууларына үзбөй катышкыла (Забур 122:1—4).
Жахаба менен болгон мамилени бекемдөөгө ал тууралуу башкаларга айтуу да өбөлгө түзөт. Ал ишке канчалык көп катышсаңар, ага ошончолук жакындай бересиңер (Матай 28:19, 20).
ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?
-
Ыйык Китепти окууга жана тиленүүгө күнүгө убакыт бөлгүлө
-
Рухий иштерди эс алуу менен көңүл ачуудан жогору койгула
2 СЫЙЫНУУ КЕЧИНЕН КУБАНЫЧ АЛГЫЛА
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт» (Жакып 4:8). Үй-бүлө менен сыйынуу кечин үзгүлтүксүз өткөрүү үчүн график түзүп, ага бекем кармангыла (Башталыш 18:19). Бирок бул жетишсиз. Кудай жашооңордун ажырагыс бөлүгү болуш керек. Ошондуктан үй-бүлөңөрдүн Кудай менен болгон мамилесин бекемдеш үчүн аларга «үйдө отурганыңарда» да, «жолдо баратканыңарда» да, «жатканыңарда» да, «турганыңарда» да ал жөнүндө айта бергиле (Мыйзам 6:6, 7). «Мен да, менин үй-бүлөм да Жахабага кызмат кылабыз»,— деп айткан Жашыядан үлгү алгыла (Жашыя 24:15).
ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?
-
Үй-бүлөңөрдүн ар бир мүчөсүнүн муктаждыгын эске алып, сыйынуу кечин дайыма өткөргүлө