Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй-жайы талкаланып калса да, бир туугандар Жахабага кызмат кыла беришкен

ГРУЗИЯ | 1998—2006

Эчтекеге карабай кызматын уланта беришкен

Эчтекеге карабай кызматын уланта беришкен

Ишенимдештерибиз эч коркпостон жолугушууларды өткөрө беришкен. Жыйналыштар коопсуз өтүшү үчүн, аксакалдар атайын чара көрүшчү. Ошол жылдары Жахабанын Күбөлөрүн коргогон канадалык жактоочу Андрэ Карбонно мындай дейт: «Бир байке чөнтөк телефонун алып, жолугушуу өткөн жерди кайтарып турчу. Сүрмө топтун келатканын көрсө, дароо аксакалдарга билдирчү».

Каршылаштар Шамоян бир туугандардын үйүн (солдо), адабият кампасын (оңдо) өрттөп жиберишкен

Душмандар уруп-сабап кеткен учурларда филиалдан эки бир тууган келип ишенимдештерин бекемдеп турчу. «Филиалдын өкүлдөрү келгенде, зал жык-жыйма толуп калар эле. Бир туугандардын кубанычтан жүзү жаркырап турганы өзүнчө эле керемет болчу»,— деп кошумчалайт Андрэ.

Бир туугандарды куугунтуктагандар сот имаратынын сыртында да, ичинде да болгон

Куугунтукталбаган бир туугандар, алардын ичинде изилдеп жаткандар да кубанычын жоготушкан эмес. Андрэ чөмүлө элек жарчы болоюн деп жаткан бир аял менен сүйлөшкөнүн эскерип мындай дейт: «Ал мага: „Жаңылыктардан Жахабанын Күбөлөрүнө кол салынганын көргөндө Кудайдын чыныгы кызматчылары менен калп эле ошентип аталгандардын айырмасын айкын көргөм. Ошон үчүн Кудайдын чыныгы кызматчысы болгум келди“,— деп айткан».

Эр жүрөк жактоочулар

Ошол кооптуу мезгилде жарчылар кабар айтуу ишин токтотпой аткарып, ишенимдүү, эр жүрөк экенин далилдешкен. Сот майданында аларды жактаган бир туугандардын да ишеними бекем болгон.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Жахабанын Күбөлөрүнө үй-бүлөлөрдү бузган, дарылануудан баш тарткан, өкмөткө каршы чыккан кишилер деген жалаа жабылган. Аларды жактаган юристтердин коомдо баркы түшүп, жумушунан айрылып калышы мүмкүн эле.

АКШдагы филиалдан келген бир туугандар ишенимдештерин сотто коргошкон

Ошол жылдары грузин ишенимдештерине жардам берген, Канаданын филиалында кызмат кылган Жон Бернс мындай дейт: «Юрист болуп иштеген жергиликтүү бир туугандар жардам берүүгө дилгир болушкан. Жумушунан айрылып калышы мүмкүн болсо да, алар сот алдында Жахабанын Күбөлөрү экенин ачык айткандан коркушкан эмес». Ошол тайманбас бир туугандар «кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитип, коргоого» чоң салым кошушкан (Флп. 1:7).

Грузин эли зордук-зомбулуктун токтошун каалаган

Жахабанын Күбөлөрү куугунтуктала берген. Андыктан 2001-жылдын 8-январында ишенимдештерибиз сүрмө топтун кол салганын токтотушун жана тынч жашап жаткан жарандарды кордогондорду жоопко тартышын өкмөттөн өтүнүп, кол чогулта башташкан.

Жон: «Максатыбыз жалпы элдин Жахабанын Күбөлөрүнүн кордолгонун туура көрбөй турганын жана баш аламандыкка экстремисттердин чакан тобу жооптуу экенин көрсөтүү болчу»,— дейт.

Эки жуманын ичинде эле Грузиянын туш тарабында жашаган, көбү православие динин туткан 133 375 киши президент Шеварднадзеге жолдонгон кайрылууга кол коюп беришкен. Бирок куугунтук токтогон эмес. Диний экстремисттер Жахабанын Күбөлөрүнө асыла беришкен.

Жахабанын Күбөлөрүнө кол салынганын туура көрбөгөн миңдеген грузиндер кагазга кол коюп беришкен

Ушуга карабай Жахаба элине батасын төгө берген. Душмандар Кудайдын элине тоскоолдук кылуу менен алек болуп жатышса, Жахаба көптөгөн жүрөгү таза кишилерди жалган динден алып чыга берген.

Жалган диндин кулчулугунан чыккандар

Бабилина Харатишвили өмүр бою грузин православие чиркөөсүнүн мүчөсү болуп келген. 30дан өткөндө ал элге «ыйыктардын» жашоосу жөнүндө айтып бериш үчүн айылдарды, шаарларды кыдыра баштаган.

Бирок Бабилина Кудай жөнүндө дагы көбүрөөк билгиси келип, грузин православие чиркөөсүнүн семинарына катышууну чечкен. Бир жолу чиркөө кызматчысы «Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим» деген китепти көрсөтүп, аны Жахабанын Күбөлөрүнөн алууга үндөгөн. Ал: «Бул китептен Ыйык Китеп жөнүндө көп нерсе билесиңер»,— деген.

Бабилина таң калып эле отуруп калган. Ал Жахабанын Күбөлөрүн жактырбай жүрсө, чиркөө кызматчысы алардын китебин окууга үндөгөн. Ошондо: «Кудай жөнүндөгү билимди Жахабанын Күбөлөрүнөн алышым керек болсо, анда бул жакта эмне кылып жүрөм?» — деп ойлонгон. Ал дароо эле Потидеги Жахабанын Күбөлөрү менен байланышып, Ыйык Китепти изилдей баштаган.

Бабилинанын билими тереңдеген сайын, жашоосу өзгөрө баштаган. Бир жолу ал: «Ыйык Китептен бурканга сыйынуунун туура эмес экенин окуганда анын бардык түрүнөн жаа бою кача баштадым. Туура иш кылып жатканыма кымындай да шектенген жокмун»,— деп айткан. Сексенге таяп калганда ал чөмүлүүнү чечкен.

Бабилина небереси Изабелага жакшы кабар айткан

Өкүнүчтүүсү, 2001-жылы катуу ооруп калып, чөмүлгөнгө жетпей эле каза болуп калган. Бирок анын небереси Изабела кийинчерээк чөмүлгөн. Азыр ишенимдүү кызмат кылып жатат.

Кечил болгусу келген

Элисо Дзидзишвили кечил болууну чечкенде 28де болчу. Төрөлүп өскөн шаары Ткибулиге жакын жерде кечилдер үйү жок болгондуктан, 2001-жылы Тбилисиге көчүп барган. Кечилдер үйүндө орун бар-жогу аныкталганга чейин үйдөн сабак берген мугалим болуп иштеп турган. Окуучуларынын бири Жахабанын Күбөсүнүн кызы болуп чыккан. Ал кыздын апасынын аты Нуну экен.

Элисо мындай дейт: «Нуну эже экөөбүз Ыйык Китеп жөнүндө көп сүйлөштүк. Мен православие динине чаң жугузбай талашып жатсам, ал чыдамдуулук менен улам бир аятты окуп берип жатты. Бир күнү „Кудай бизден эмне талап кылат?“ деген китепчени берди. Абзацтарды, алардагы аяттарды окугандан кийин сөлөкөттөргө сыйынуу Кудайдын мыйзамын бузгандыкка жатарын даана түшүндүм».

Кийинчерээк Элисо чиркөөгө барып, дин кызматчыга бир нече суроо берген. Анын жообунан чиркөөнүн окуулары Ыйык Китепке негизделбей турганын түшүнгөн (Мр. 7:7, 8). Чындыкты тапканына көзү жеткенде дароо Жахабанын Күбөлөрү менен изилдей баштап, көп өтпөй чөмүлгөн.

Кечил болгусу келген Элисо Дзидзишвили (солдо) жана Нуну Копалиани (оңдо)

Каршылыктарга карабай Падышалык залдарынын курулушу

2001-жылга чейин жыйналыштардын саны көбөйүп, жолугушууларды өткөрүүгө ылайыктуу жайлар зарыл болгон. Баш-аягы, 70тей Падышалык залы керек экени аныкталган. Ошентип, куугунтукка карабай курулуш долбоору ишке кирген (Эзра 3:3).

Көп өтпөй курулуш тобу Тбилисидеги бир нече жыйналыш колдонуп келген имаратты оңдоп-түзөй баштаган. Тбилисидеги долбоорго куйрук улаш Грузиянын батышынан орун алган Чиатура шаарындагы имарат да оңдолгон.

Тбилисидеги эски Падышалык залынын (солдо) ордуна жаңысы (оңдо) курулган

Ал ишке катышкан Тамази Хутсишвили: «15 киши баш көтөрбөй иштедик. Жаңы зал куруп жатканыбыз шаардагылардын баарына маалым болду. Анда-санда каршылаштар залыбызды талкалаганы жатыптыр деген ушак угуп калчубуз»,— деп эскерет.

Тишин кайрагандар көп болуп жатса, курулуш иши кантип алга илгерилейт эле? Тамази: «Кура бердик. Үч айда бүттүк. Коркутуп-үркүткөнү менен, эч кимиси келген жок»,— дейт *.

Көптөн күткөн эркиндик

Православие чиркөөсүнүн экстремисттик тобунун мүчөлөрү жана башчысы Василий Мкалавишвили соттолуп жатышат

2003-жылы октябрда Самтредиада курулуш иши башталган. Бирок диний экстремисттер бир туугандарды дагы коркутушкан. Алар дубалдары тургузулуп бүткөн, шыбагы кургай элек залды талкалашкан.

2003-жылы ноябрда Грузиядагы абал бир аз өзгөрүп, бир туугандарга жеңилирээк болуп калган. Өкмөт алмашкандын аркасында дин тутууга көбүрөөк эркиндик берилген. Натыйжада Жахабанын Күбөлөрүнө кол салган православие чиркөөсүнүн экстремисттик тобунун бир нече мүчөсү камакка алынган.

Кудай элине батасын мол төккөн

Куугунтук токтогондон көп өтпөй Жахаба Грузиядагы элине батасын мол төгө баштаган. 2004-жылы өткөрүлгөн облустук жыйында Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосунун» грузин тилинде жарык көргөнү кулактандырылган.

2006-жылы өткөрүлгөн «Куткарылуу күнүнө аз калды!» деген облустук жыйын да эстен кеткис болгон. Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон баяндама айтып чыкканда, отургандардын кубанычы койнуна батпай сүйүнүшкөн. Анын Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» грузин тилинде толугу менен жарык көргөнүн кулактандырарын эч ким күткөн эмес.

Грузин тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосу», 2006-жыл

Көптөр ыраазы болгонунан көзүнө жаш алган. Бир эже: «Ыйык Китепти колубузга алгандагы кубанычымды сөз менен айтып жеткире албайм... Эстен кеткис күн болгон»,— деген. 17 000ден ашык киши келген ошол жыйын Жахабанын Грузиядагы элинин тарыхындагы маанилүү жыйын болгон.

^ 29-абз. Өлкө боюнча 2001—2003-жылга чейин 7 Падышалык залы курулган.