Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жогорку Сванети

ГРУЗИЯ

Кыскача маалымат

Кыскача маалымат

Жүзүм терүү аябай кызыктуу иш

Аймагы. Грузия чокусу ак кар, көк муз жамынган, көздүн жоосун алган кооз тоолору менен белгилүү. Эң бийик чокусу 4 500 метрден ашат. Өлкө Чыгыш жана Батыш Грузия болуп экиге бөлүнөт. Чыгыш жана Батыш Грузия климаты, каада-салты, үрп-адаты, музыкасы, бийи жана тамак-ашы менен бири-биринен айырмаланган бир нече чөлкөмдөн турат.

Эли. 3,7 миллион. Жергиликтүү калктын көбүн грузиндер түзөт.

Дини. Калктын басымдуу бөлүгү православие динин тутат. 10го жакын пайызы мусулмандар.

Тили. Грузин тили кошуна өлкөлөрдөгү тилдердин эч бирине окшош эмес. Тарыхый булактарга ылайык, грузин тилинин өзгөчө ариби биздин заманга чейин эле пайда болгон.

Тиричилиги. Көптөр дыйканчылык менен жан багат. Акыркы маалдарда туризм Грузиянын каржы тармагынын өнүгүшүнө жакшы салым кошууда.

Климаты. Өлкөнүн чыгышында климат мээлүүн келет. Ал эми Кара деңизди бойлой жаткан Батыш Грузиянын климаты жылуу, нымдуу келгендиктен, цитрус өсүмдүктөрү жакшы өсөт.

Кахетиде жүзүм терип жатышат

Тамак-ашы. Грузиндер бардык тамакты нан менен жейт. Нанды чопо тандырга жабышат. Негизги тамагы — чөп-чар, жер-жемиш, татымалдар кошулган куурулган эт. Грузин эли шарапты тээ байыртадан бери эле жасап келет. Ачытылган шарап чоң чопо идиштерде сакталат. Көптөрдүн жүзүмзары бар болгондуктан шарапты өздөрү жасайт. Грузияда жүзүмдүн 500дөй түрү өсөт.

Нан жасап жатат