Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БЫЛТЫРКЫ ЖЫЛДЫН ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАРЫ

Ыйык кызматыбыз жана жашообуз деген жаңы жолугушуубуз

Ыйык кызматыбыз жана жашообуз деген жаңы жолугушуубуз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун 2015-жылдын 3-октябрында өткөрүлгөн жылдык жолугушуусунда Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Энтони Моррис Теократиялык кызмат мектебинин, Кызмат жолугушуусунун, жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүнүн ордуна «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» деп аталган жаңы жолугушуу өткөрүлө баштаарын кулактандырган. Ал «Падышалык кызматыбыздын» ордуна «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» деп аталган түстүү, сегиз беттүү жаңы окуу куралы чыгарын да айткан. Окуу куралында жолугушуулардын жума сайынкы программасы жана Ыйык Китепти тереңирээк изилдөөгө жардам берген сүрөттөр, таблицалар камтылат.

Жаңы жолугушуу төмөнкүдөй үч бөлүктөн турат:

  1. Кудайдын Сөзүндөгү кенч. Бул бөлүктө алгач Ыйык Китептин ошол жумада окулган бөлүмдөрүнө жана окуу куралындагы сүрөттөргө, таблицаларга негизделген 10 мүнөттүк сөз сүйлөнөт. Андан соң «Рухий берметтерди издөө» деп аталган 8 мүнөттүк бөлүк болот. Анда Ыйык Китептин ошол жумада окулган бөлүмдөрүндөгү ойлор суроо-жооп иретинде талкууланат. Акырында 4 мүнөттүн ичинде Ыйык Китептен үзүндү окулат.

  2. Кабар айтуу чеберчилигиңди арттыр. Бул бөлүктө үч жарчы биринчи жолугууну, кайра жолугууну, Ыйык Китепти изилдөөнү кантип кылса болорун көрсөтүп берет.

  3. Кудайдын кызматчыларынын жашоосу. Бул бөлүктө Ыйык Китептеги принциптерди жашоодо кантип колдонсо болоруна басым жасалат. Бул бөлүктүн маанилүү бөлүгү — суроо-жооп иретинде өткөрүлө турган жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү.

Дүйнө жүзүндөгү жарчылар жаңы жолугушуудан көп пайда алып жатышат. Мисалы, Австралияда жашаган бир байке: «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусу аябай жагат. Программанын материалы иш жүзүндө колдонууга көбүрөөк ылайыкташтырылып, сунуштоолор да жөнөкөй болуп калды. Жыйналыш көз ачып-жумгуча эле бүтүп калат, бөлүктөр кыска-нуска, маңыздуу, тим эле көңүлүңдү байлап алат. Өзгөчө, тасмалардын көрсөтүлгөнү, балдардын да катыша алганы жагат»,— деп жазган.

Италиядагы бир жыйналыштын аксакалдар кеңеши мындай деп жазган: «Жаңы жолугушуу баарыбызга кылдат даярданууга түрткү берүүдө. Натыйжада окутуунун сапаты да жогорулады. Иш күндөрүндө өткөрүлгөн бул жаңы жолугушуу аркылуу Жахаба элин эң сонун жол менен окутуп жатат. 15 жаштагы бир жарчы: „Мурун мага жыйналыштан көңүл топтош кыйын болчу. Азыр андай эмес. Үйдөн жакшы даярданып келип, жыйналышты кунт коюп угам“,— деп айткан».

Австриядагы бир үй-бүлө мындай деп кат жазган: «Он жашар кызыбыз менен Ыйык Китептин жыйналышта талкуулана турган бөлүмдөрүн окуу аябай кыйын болчу. „Кудайдын Сөзүндөгү кенч“ деген бөлүктөн ээн-эркин жооп берип жатабыз. Эми үчөөбүз тең Ыйык Китепти жума сайын чогуу окуп, жакшы даярданып жатабыз. Кызыбыздын рухий жактан өсүп жатканы кадимкидей байкалып жатат».

Германиялык Инес мындай деген: «Мен жакшыраак даярданып, тереңирээк ой жүгүртө баштадым. Мурун мынчалык изилдечү эмесмин. Жахаба менен мурункудан да ынак мамиледе болуп калдым. Шайтандын дүйнөсү күчүмдү соруп турат. Ал эми жолугушуулардан күч-кубатка толуп, багынбаганга бел байлап калам».

Соломон аралдарындагы жыйналыштарга жаңы жолугушуу абдан жагып, андан мүмкүн болушунча толук пайда алууга аракет кылып жатышат. Көптөгөн жыйналыштар электр жарыгы, Интернет жок алыскы аймактарда жайгашкан. Бир туугандар да жупуну турушат. Алар жыйналыштан көрсөтүлчү тасмаларды көрүш үчүн эмне кылышат? Алсак, Малаита аралындагы бир жыйналыштагы жарчылар кургатылган кокос сатып чогуу иштөөнү чечишкен. Түшкөн акчаны жыйналыштын кутусуна салып, тасма көрсөтө турган, күндүн кубаты менен иштеген шайман сатып алышкан. Бир туугандар Интернет бар жерге барып, ай сайынкы тасмаларды көчүрүп алышат. Аларды башка бир туугандарга да беришет.

Кошмо Штаттардагы бир байке мындай деп жазган: «Мен окуганга караганда көргөндө жакшы эстеп калат экенмин. Бир нерсени жакшы түшүнүп, аны бирөөгө айтып бериш үчүн кайра-кайра окуйм. Ушинтип 40 жылдан ашуун убакыттан бери кыйналып келем. Жетектөөчү Кеңешке тасмалар, көрсөтмө куралдар үчүн миң мертебе ыраазымын. Ыйык Китептин китептерине тасма түрүндөгү кириш сөз аябай жагат. Окуу куралына да сүрөттөр чыга баштады. Мага так ушул керек болчу. Жахабанын анын эли үчүн кылып жаткан эмгегиңерге батасын берип жатканы айдан ачык. Силерге чоң рахмат!»

Малави