Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аз кандуулуктун себептери, белгилери жана алдын алуу

Аз кандуулуктун себептери, белгилери жана алдын алуу

 «Өспүрүм кезимде аз кандуулуктан жапа чеккем. Алым кетип, чарчай берчүмүн. Сөөктөрүм көп ооручу, бир нерсеге көңүл топтош да кыйын болчу. Доктурга көрүнсөм, курамында темир бар дары-дармектерди жазып берген. Аларды ичип, туура тамактана баштагандан кийин жакшыраак болуп калгам»,— деп эскерет Бэт.

 Бэт кабылган мындай дартка көптөр кабылат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) билдирүүсүнө ылайык, 2 миллиард киши — дүйнө жүзүндөгү калктын 30дай пайызы — аз кандуулуктан жабыркайт. Эсептөөлөр боюнча, өнүгүп келаткан өлкөлөрдө кош бойлуу аялдардын 50 пайызы, мектепке бара элек балдардын 40 пайызы аз кандуулукка чалдыгат.

 Аз кандуулук олуттуу ооруларга алып келет. Өтүшүп кеткен аз кандуулук жүрөк ооруларын пайда кылат, атүгүл жүрөктүн токтоп калышына себеп болот. ДССУ айрым өлкөлөрдө аз кандуулуктун айынан «төрөт учурунда аялдардын 20 пайызы өлүмгө дуушар болорун» билдирет. Организмдеги темирдин жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулуктан (аз кандуулуктун кеңири тараган түрүнөн) жапа чеккен аялдардын балдары ай-күнүнө жетпей же салмагы жетпей төрөлүшү ыктымал. Аз кандуулуктан жабыркаган балдардын өрчүшү жай болот жана жугуштуу оорулар бат жугат. Бактыга жараша, темирдин жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулуктун алдын алса же дарыласа болот a.

Аз кандуулук деген эмне?

 Аз кандуулук — дарылоону талап кылган олуттуу оору. Тактап айтканда, аз кандуулук кандын кызыл клеткаларынын (эритроциттердин) азайып кетишинен келип чыгат. Буга көп нерсе себеп болот. Окумуштуулар аз кандуулуктун 400дөн ашуун түрүн аныкташкан. Аз кандуулуктун убактылуу кармаган, өнөкөткө айланган, орточо жана оор түрү болот.

Аз кандуулукка эмнелер себеп болот?

 Аз кандуулук, негизинен, төмөнкү үч нерседен улам пайда болот:

  •   Кан көп кеткендиктен, кандын кызыл клеткалары азайып кетет.

  •   Организм кандын кызыл клеткаларын иштеп чыга албай калат.

  •   Организм кандын кызыл клеткаларын жок кылат.

 Темирдин жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулук — аз кандуулуктун дүйнөдө эң кеңири таралган түрү. Организмде темир аз болсо, организм гемоглобинди — кандын кызыл клеткаларындагы кычкылтекти ташууга шарт түзгөн затты — жетиштүү деңгээлде иштеп чыгара албай калат.

Темирдин жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулуктун белгилери

 Аз кандуулук башында анча байкалбашы, атүгүл такыр билинбеши мүмкүн. Анын белгилери ар кандай болушу мүмкүн болсо да, темирдин жетишсиздигинен келип чыккан аз кандуулуктун белгилерине төмөнкүлөр кирет:

  •   Катуу чарчоо

  •   Колдун же буттун муздашы

  •   Алы кетүү

  •   Кубаруу

  •   Баш оору жана баш айлануу

  •   Көкүрөктүн оорушу, жүрөктүн тез кагышы, энтигүү

  •   Тырмактын сынышы

  •   Табиттин жоголушу (айрыкча, ымыркайлар менен кичинекей балдарда)

  •   Муз, крахмал, атүгүл топурак жегиси келүү

Кимдер көбүрөөк чалдыгат?

 Аялдардын айызы келгенде кан кеткендиктен, алар темирдин жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулукка көбүрөөк чалдыгышат. Кош бойлуу аялдар да фолатты же фоли кислотасын жана В витаминин камтыган азык-түлүктөрдү жетиштүү деңгээлде жебесе, аз кандуулуктан жабыркашат.

 Ымыркайлар ай-күнүнө жетпей же салмагы жетпей төрөлсө жана эмчек сүтү же жасалма сүт кошулмалары жетиштүү темир менен камсыз кылынбаса, аз кандуулукка чалдыгышат.

 Балдар ар түрдүү пайдалуу азык менен тамактанбаса, аз кандуулукка дуушар болушат.

 Эт жебей, көбүнчө өсүмдүк, сүт азыктары менен тамактангандар темирге бай азыктар менен тамактанбагандыктан аз кандуулуктан жапа чегишет.

 Өнөкөт оорулуулар — рак болгондор, кан ооруларынан, бөйрөктүн жакшы иштебегенинен, кан агуу токтобогон жаралардан жана жугуштуу оорулардан жабыркагандар — аз кандуулукка кабылышат.

Кантип алдын алса же дарыласа болот?

 Аз кандуулуктун бардык түрүнүн алдын алуу же дарылоо мүмкүн эмес. Бирок темирдин же витаминдердин жетишсиздигинен келип чыккан аз кандуулуктун төмөндө саналган пайдалуу заттарды камтыган азыктар менен тамактануунун аркасында алдын алууга же дарылоого болот:

 Темир этте, төө буурчакта, жасмыкта жана күңүрт-жашыл жалбырактуу жашылчаларда бар b. Ошондой эле, изилдөөлөр көрсөткөндөй, темир идиштерди колдонуу да азыктагы темирдин курамын жогорулатат.

 Фолат жашылча-жемиштерде, күңүрт-жашыл жалбырактуу жашылчаларда, машта, кызыл төө буурчакта, быштакта, жумурткада, балыкта, бадамда жана жер жаңгакта болот. Ошондой эле витаминдерге бай дан азыктарында, мисалы, нанда, кургатылган дандарда, кесмеде жана күрүчтө бар. Фоли кислотасы — фолаттан синтетикалык жол менен алынган кислота.

 B12 витамини этте, сүт азыктарында, витаминдер менен байытылган дан азыктарында, соя азыктарында болот.

 С витамини цитрус өсүмдүктөрүндө, ширелерде, калемпирде, брокколиде, помидордо, коон-дарбыздарда, кожогатта жана кулпунайда бар. С витаминдүү азыктар организмдин темирди сиңирип алышына өбөлгө түзөт.

 Ар кайсы аймактагы азыктардын курамы ар кандай болот. Ошондуктан силер жашаган жерде кайсы азыктар өзгөчө пайдалуу экенин билип алганыңар жакшы. Аялдар, айрыкча, кош бойлуу же балалуу болууну ойлонуштуруп жаткан аялдар үчүн бул өтө маанилүү. Өздөрүнүн ден соолугуна кам көрүүнүн аркасында алар балдарынын аз кандуулукка чалдыгышына бөгөт коё алышат c.

a Бул макаладагы туура тамактанууга жана башка ушу сыяктуу нерселерге байланыштуу маалымат, негизинен, Мейо клиникасынан жана «The Gale Encyclopedia of Nursing and Allied Health» энциклопедиясынан алынды. Аз кандуулукка чалдыккандай сезилип жатса, доктурга кайрылгыла.

b Доктур жазып бербесе, өз алдынча темир кошулмаларын ичүүгө же балага берүүгө болбойт. Темирди ашыкча ичүү боорду жабыркатып, дагы башка көйгөйлөрдү пайда кылат.

c Доктурлар аз кандуулукту дарылоо үчүн кээде кан куюшат. Жахабанын Күбөлөрү дарылоонун мындай ыкмасынан баш тартышат (Элчилер 15:28, 29).