Мазмунун көрсөтүү

Доктурга кайрылып, дарыланууга Кудай кандай карайт?

Доктурга кайрылып, дарыланууга Кудай кандай карайт?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Иса пайгамбар бир жолу: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж»,— деп айткан (Матай 9:12). Демек, дарыгерге кайрылуу туура эмес деп айтууга болбойт. Ыйык Китеп медициналык китеп болбосо да, ал китепте Кудайга жаккандай иш кылууну каалагандар үчүн бул маселеге байланышкан пайдалуу принциптер камтылат.

Төмөнкүлөр тууралуу ойлонуп көргүлө

1. Сунуш кылынган дарылоо ыкмасы жөнүндө маалыматым барбы? Ыйык Китепте андайда адам «ар бир сөзгө ишене бербей», ишеничтүү маалымат топтогонго аракет кылышы керектиги айтылат (Накыл сөздөр 14:15).

2. Бир эле доктур менен чектелип калбай, башка адистерге да кайрылып көрүшүм керекпи? Ыйык Китепте: «Акылдашпаса, ой-максат ишке ашпайт, ал эми кеңешчилер көп болсо, ишке ашат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 15:22). Андыктан кеңешчилердин көп болгону, өзгөчө, жагдайыңыз оор болсо, абдан маанилүү.

3. Бул дарылоо ыкмасына макул болсом, Кудайдын канды колдонууга байланышкан мыйзамын бузуп албаймынбы? (Элчилер 15:20).

4. Оорумду аныктоо же дарылоо ыкмасынын спиритизм (жиндер менен байланышуу) менен эч кандай байланышы жокпу? Ыйык Китепте Кудайдын «спиритизмге аралашкандарды» айыптай турганы айтылат (Галатиялыктар 5:19—21). Дарылоо ыкмасынын спиритизмге байланышы бар же жогун аныктап билүүгө төмөнкү суроолор жардам берет:

  • Дарыгер спиритизм менен иришпейби?

  • Ал сизди Кудайдын каарына калгандыктан же болбосо кимдир бирөөлөр дуба окутуп койгондуктан ооруп жатат деп эсептейби?

  • Дарыларды даярдоодо же колдонууда дуба окулбайбы, курмандык чалынбайбы же башка ушу сыяктуу расмилер кылынбайбы?

5. Ден соолугума ашыкча тынчсызданып жаткан жокмунбу? Ыйык Китепте: «Эстүүлүгүңөр бардык адамдарга белгилүү болсун»,— деп айтылат (Филипиликтер 4:5). Эстүү болсок, жашоодогу маанилүүрөөк нерселерге, алсак, Кудай менен болгон мамилебизге көбүрөөк көңүл топтой алабыз (Филипиликтер 1:10; Матай 5:3).