Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ал кечикпейт! (Региондук жыйындын ыры, 2023)

Ал кечикпейт! (Региондук жыйындын ыры, 2023)

(Хабакук 2:3)

Жүктөп алуу

  1. 1. Кереметтүү жер көздү суктанткан,

    Кылымдар бою сен чебер жараткан.

    Бүт өзгөрсө да, өзгөрбөйсүң сен.

    Жаңыртасың бүт жер жүзүн кайрадан.

    КАЙЫРМА

    Күтөбүз биз самап, бейишти күн санап,

    Күч берчи чыдаганга!

    Таң сымал агарган шашылат ал заман,

    Созулса да узакка,

    Кечикпейт түк да!

  2. 2. Көрдө жаткандар турушат кайра,

    Ошол убакты эңсейбиз зарыга.

    Күтүп жатасың сен да сагына,

    Чыдамыбызды арттырчы, Жахаба!

    КАЙЫРМА

    Күтөбүз биз самап, бейишти күн санап,

    Күч берчи чыдаганга!

    Таң сымал агарган шашылат ал заман,

    Созулса да узакка,

    Кечикпейт түк да!

  3. 3. Миңдин ичинен ак дил кишини

    Издеп-табасың, өмүр тартуулайсың.

    Биз да талбайбыз сөзүңдү жарлап,

    Күн өткөн сайын өзүңө жакындап.

    КАЙЫРМА

    Күтөбүз биз самап, бейишти күн санап,

    Күч берчи чыдаганга!

    Таң сымал агарган шашылат ал заман,

    Созулса да узакка,

    Кечикпейт түк да!

    Күч берчи чыдаганга!

(Кара: Кол. 1:11)