Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ашты кыялың ишке

Ашты кыялың ишке

Жүктөп алуу

  1. 1.Кубулжуп сайрайт чымчыктар,

    Көктө каалгыйт булуттар.

    Баратасың жайбаракат,

    Күн нуру жүзүңдү аймалап.

    Дасторконду кенен жай,

    Турасың ишене албай.

    Айланды жер Бейишке,

    Ашты кыялың ишке.

  2. 2.Үйлөргө толгон өрөөндөр,

    Тоо үстүндө да үйлөр.

    Кашка суу агат шаркырап,

    Тегирмендин ташын айлантат.

    Орок салгын буудайга,

    Чогулт аны кырманга.

    Ый, муң-зар калды четте,

    Ашты кыялың ишке.

    КӨПҮРӨ

    Досторуң сенин жаныңда,

    Күткөнсүң муну зарыга.

    Эч ким жок көз жашын төккөн,

    Кайгы жок жаңы заманда.

  3. 3.Шаттыкка толот теребел,

    Буруксуйт көпкөк шибер.

    Жолугасың туугандарга,

    Бөлөнүп күндө кубанычка.

    Ыраазыбыз Жахабага,

    Мээримдүү Атабызга.

    Батасын берди бизге,

    Ашты кыялың ишке.

    КӨПҮРӨ

    Жүзүңөн нур жанат күндө,

    Кубанам сени көргөндө.

    Кучактагым келген эле,

    Мунун баары кыял эле.

  4. 4.Босогодо турат,

    Келет сөзсүз ал убак.

    Сөз берген өзү Жахаба,

    Кепилдик берген ал буларга.

    Бактылуу күндөр алдыда,

    Умтула бер, багынба.

    Күтөлү аны бирге,

    Ашат кыялың ишке.