Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мен көргөндү көрсөң кана

Мен көргөндү көрсөң кана

Жүктөп алуу

  1. 1. Мен текчемин, көп бөлүктөн куралган,

    Китеп, баракча салынган.

    Жакшы кабар жар саламын элдерге.

    Билчү белең?

    Кеп салайын эмесе.

    КАЙЫРМА

    Миң уккандан, бир көргөн,

    Мен барган жердин баарына барсаң сен да.

    Адамдардын көздөрүнөн,

    Жүзүнөн нур жанганына күбө болсоң кана.

    КАЙЫРМА

    Жакшы кабар укканда

    Тамшанып айткандарын тыңшасаң кана.

    Эстеп жүрөт дайым мени,

    Ушуну сезип көрсөң сен да.

    КӨПҮРӨ

    Текчемде тизилет

    Баракча, журнал, китеп.

    Жар саламын кабарын Кудайдын.

    Кызытам бүйүрүн

    Жаныман өткөндөрдүн.

    Эл кайнаган көчөлөрдөн мени таап аласың.

    КАЙЫРМА

    Турсаң менин жанымда,

    Бөлөнмөксүң сен да чексиз кубанычка.

    Дөңгөлөгүң чимирилип,

    Жөнөгөнгө эмне жетсин кызматка.